12 Mayıs 2022 Perşembe

ЖАРАТЫЛУУ КЕРЕМЕТИ

 

Бул Аллахтын жаратуусу. Демек, Андан башкалардын жараткандарын Мага көрсөткүлөчү. Жок, зулумдук кылгандар апачык бир адашууда. (Локман Сүрөсү, 11)

Жөргөмүштөрдүн кээ бир түрлөрү күчтүү уулары жана атайын кыпчуурлары менен бака, коен жана, ал тургай, кичинекей канаттууларды да кармай алышат.

 

Жаратуунун эң мыкты үлгүсү

Жөргөмүштөрдүн механикалык тузактарды жасаган, суунун түбүнө уя кура алган, тордон жасалган сыйыртмактар менен аңчылык кылган, химиялык ууларды бүркүй алган, өзүнүн боюнан жүздөгөн эсе бийиктиктен бир жипке карманып секирген, денесинде болоттон бекем жиптерди иштеп чыккан, аңчылык кылууда камуфляж ыкмаларын колдонгон өлүм машиналары жана, ошондой эле, архитектура жана инженерия керемети деп эсептелген желелерди жасаган «инженерлер» экендигин билебиз. Жөргөмүштөрдүн бул жөндөмдөрүнөн тышкары, дене түзүлүштөрүн изилдегенде да көптөгөн кереметтерди көрөбүз.



Бардык жөргөмүштөрдүн денесинде токуу фабрикасы сыяктуу иштеген тарактар, химиялык заттарды иштеп чыккан лабораториялар, абдан күчтүү тамак сиңирүү секрецияларын бөлүп чыгарган органдар, термелүүлөрдү сезүүчү өтө сезгич сенсорлор, ууну киргизүүгө жөндөмдүү күчтүү кыпчуурлар жана ушул сыяктуу жаратылууну далилдеген көптөгөн өзгөчөлүктөр бар. Бул өзгөчөлүктөрдүн баарын эске алганда, жөргөмүштүн өзү эле эволюция теориясын четке каккан жана «кокустук» деген күлкүмүштүү гипотезаны дагы бир жолу жокко чыгарган маанилүү бир далил.




Жөргөмүштүн органдарын жана өзгөчөлүктөрүн тереңирээк карайлы.

 

Тулку бой:

Жөргөмүштүн денеси баш-көкүрөк (цефалоторакс) жана курсак деп жалпысынан экиге бөлүнөт. Баш-көкүрөктө сегиз көз, сегиз бут, эки уу илмеги жана эки сезгич бут бар. Жумшак жана ийкемдүү курсактын төмөн жагында жип тешиктери менен дем алуу системасынын тешиктери жайгашат. Цефалоторакс менен курсак өтө ичке бир түтүкчө аркылуу биригет. Башка бир дагы жандыктын бели жөргөмүштүкүндөй ичке эмес. Анткен менен, 1 миллиметрден да кууш болгон ал түтүктүн ичинен тамак сиңирүү түтүгү, кан тамырлар, дем алуу түтүктөрү жана нерв системасы өтөт. Жалпысынан алганда, жөргөмүштүн денесин түзгөн эки бөлүктүн ортосунда өзгөчө линия системасы курулган. Ал линиялар аркылуу жөргөмүштүн денесиндеги кереметтүү механизмдер (уу иштеп чыгуучу бездер, жип чыгаруучу бездер, денени каптаган нерв системасы, тамак сиңирүү жана кан айлануу системалары) менен мээнин ортосунда байланыш түзүлөт.

 

Функционалдуу буттар:

Жөргөмүштүн эң татаал шарттарда да баса алышына жана кармана алышына мүмкүнчүлүк түзгөн төрт жуп буту бар. Ар бир бут жети бөлүктөн турат. Ар бир буттун аягында «скопула» аттуу түкчөлөр болот. Ал түкчөлөр аркылуу жөргөмүштөр дубалдарда же шыптарда да баса алышат.

Жөргөмүштөрдүн буттарындагы өзгөчө түзүлүш тегиз эмес жерлерде басышы үчүн эле эмес. Мындан тышкары, көздөрү жакшы көрбөгөнүнө карабастан, жөргөмүштөр буттарындагы түзүлүштөн улам түнкүсүн да ээн-эркин кыймылдай алышат. Жөргөмүштөрдүн кээ бир түрлөрү жарыкты араң сезе ала тургандай, тагыраак айтканда, адамдын көрүү жөндөмүнүн он пайыздындай гана көрө алышат. Анткен менен, жөргөмүштөр желелерин караңгы түндө токушат жана ал ортодо желенин үстүндө ээн-эркин кыймылдай алышат.

Жөргөмүштөр токуган желелеринин жабышчаак тараптарын тебелебей, бир гана кургак жерлеринен басышат. Кээ кээде жабышчаак желелерди тебелеп алганда, ага жабышып калуудан бөлүп чыгарган бир суюктугу менен буттарын майлап коюшу сактайт.

Жөргөмүштүн арткы эки бутунун дагы бир милдети – чыгарылган жипти ийрүү. Ал буттарда жипти ийрий турган атайын тарактар болот. Тарактардын учу ийрүү аймагы деп айтылат; ийрүү аймактарынын үстү жүздөгөн ийрүүчү түтүктөр менен жабылган. Ал түтүктөр аркылуу курсактагы жибек бездеринен бөлүп чыгарылган суюк жибек дененин сыртына чыгарылып, ийрилип жипчелерге айландырылат.

 

Мыкты сезүү жөндөмдүүлүгү:


Секирүүчү жөргөмүштөрдөн тышкары, жөргөмүштөрдүн көпчүлүгүнүн көрүү сезимдери абдан алсыз, өтө жакын аралыктарды гана көрө алышат. Бул бир аңчы үчүн чоң кемчилик болгону менен, жөргөмүштөгү өтө сезгич сигнал системасы мунун ордун толуктайт.

Бул сигнал системасы тийүү сезими менен байланыштуу. Дене термелүүлөргө карата өтө сезгич түктөр менен капталган. Ал түктөрдүн ар бири бир нервге туташат. Тийүү же үн менен жыттан келип чыккан термелүүлөр да ал түктөрдү стимулдайт. Түктөр толкундарды нервдерге өткөрөт. Нервдер алган сигналдарын тездик менен мээге жиберет. Ошентип жөргөмүштөр эң акырын термелүүлөрдөн да кабардар болушат.

Жөргөмүштөр кыймылсыз олжолорду сезе алышпайт, бирок тирүү чымын-чиркейлер себеп болгон термелүүлөрдү чечмелеп, алардын желенин каеринде экенин аныктай алышат. Эгер жөргөмүш жандыктын турган ордун так аныктай албаса, желени буттары менен уруп торду силкийт. Ошентип келген термелүүлөрдөн олжонун ордун аныктайт.

Жөргөмүштүн буттары сезгич түкчөлөр эң көп жайгашкан органдар. Сезгич түкчөлөрдүн ичи бош, түзүлүшү катуу болот. Бир метр аралыктан келген акырын чыккан үндүн толкундарын да сезе алат. Ошондой эле, буттун түктөрүндө жылуулукту сезүүчү дагы бир система бар. Мындан тышкары, терилерде ичинде абдан сезгич нервдер жайгашкан жаракалар болот. Бул өзгөчөлүктөрдөн улам жөргөмүштөр айланасында бир топ аралыкка чейинки кыймылдардын баарын терилеринин үстүндө болуп жаткандай же жакындаган нерсеге тийип жаткандай сезе алышат.

Жөргөмүштүн бир буту үзүлүп калса, белгилүү убакыттан кийин ордуна жаңысы өсүп чыгат. Жаңы чыккан бут мурдакыга караганда кыскараак болот. Жерге тийбей калган ал бутун жөргөмүш басканда колдонбойт. Ал тургай, жөргөмүш буттарынын жарымынан көбүнөн ажырап калганда да, башкача айтканда, төрт буту менен да ээн-эркин баса алат. Кыска болсо да буттун кайра өсүп чыгышынын себеби, буттагы сезгич түктөр жөргөмүшкө керек.

Жөргөмүштөрдүн желелериндеги термелүүлөрдү сезүү жөндөмү ушунчалык күчтүү болгондуктан, желедеги термелүүлөрдүн желеге илинген чымын-чиркейден же жупталууга келген эркек жөргөмүштөн келип жатканын оңой эле айырмалай алышат.




Жакынкы жылдарга чейин ийкемдүү түзүлүштө болгондуктан, желелер термелүүлөрдү өткөрбөйт деп эсептелчү. Бирок жакында эле иштелип чыккан «лазердик доплер термелүү өлчөгүч» деп аталган аспаптарды колдонуу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөр жалпы ишенимге карама-каршы жыйынтыкты көрсөткөн. Желелердин ийкемдүү болгонуна карабастан, термелүүлөрдү өткөрөөрү жана, ошондой эле, термелүүнүн күчүн арттыраары аныкталган. Бирок мунун себеби илимий жактан түшүндүрүлө алган жок.

Кичинекей үн толкунунан желедеги термелүүлөргө чейин бардык сигналдарды жөргөмүш өтө так сезет. Өзгөчө желенин үстүндө мыкты иштеген бул сигнал системасы жөргөмүш үчүн өзгөчөлүктөрү эң ыңгайлуу механизм болуп эсептелет. Денедеги миңдеген түкчөнүн ар биринин нервдеринин мээге туташкандыгын жана келген сигналдарды жөргөмүштүн өтө ылдам баалаарын эске алганда, бул системанын татаалдыгын жакшыраак түшүнүүгө болот.



 

Ууну саюучу кыпчуурлар:

Жөргөмүштөрдүн көздөрүнүн алдында эки күчтүү кыпчуур бар. Алар жөргөмүштүн коргонуу жана аңчылык кылуу куралдары. Ал кыпчуурлардын түбүндө өлтүрүүчү ууну уу илмегинин ичине агызуучу уу бездери болот. Жөргөмүш олжосун шал кылгысы келгенде, кыпчуурларын анын ичине матырат. Андан соң кыпчуурдагы тешиктерден курмандыгынын денесине ууну киргизет.

Жөргөмүштөр бул коркунучтуу өлүм аспаптарын уя жасоо жана майда-чүйдө заттарды ташуу үчүн да колдонушат. Кыпчуурлардын жанында антеннанын кызматын аткарган абдан сезгич эки мурут бар жана алар сезгич буттар деп аталат. Жөргөмүш желесине илинген курмандыкты изилдөөдө ушул антенналарды колдонот.

Байкаганыңыздай, жөргөмүштөрдө абдан өзгөчө долбоорлонгон сезүү системасы бар. Бул системанын эволюция теориясынын акырындап пайда болуу көз-карашын толугу менен четке кагаары апачык көрүнүп турат. Ошондой эле, жөргөмүштүн денесиндеги өлтүрүүчү ууну иштеп чыккан системаларды да кокустуктар менен эч качан түшүндүрүүгө болбойт.

Уунун химиялык түзүлүшү чымын-чиркейлерди өлтүрө турган өзгөчөлүккө ээ. Жөргөмүштүн өзүнө зыян тийгизбеши үчүн уу атайын изоляцияланган аймакта сакталат. Жөргөмүштүн кыпчуурлары да абдан функционалдуу. Ууну айдоочу механизмдердин дене кыртыштарын тешүүчү кыпчуурлардын ичине жайгаштырылышы ууну курмандыктын ичине киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошентип кыпчуурлар бир гана физикалык эмес, химиялык курал катары да кызмат кылат. Көрүнүп тургандай, жөргөмүштүн денесинин ар бир бөлүгүндө кокустуктар, мутациялар же башка ойлоп табылган эволюция механизмдери аркылуу түшүндүрүлө албай турган өзгөчө долбоор бар.

Жөргөмүш бардык өзгөчөлүктөрү менен бирге Аллах тарабынан жаратылган. Андагы өзгөчөлүктөрдүн баары бизге Аллахтын чеберчилигин көрсөткөн далилдерден.

 

Олжону шал кылуу жана сиңирүү

Жөргөмүш желесине илинген чымын-чиркейлерди желеге жакшылап жабыштырган соң башка жип менен толук оройт. Андан соң кыпчуурлары менен олжосун кармап, ичине уусун киргизип өлтүрөт.

Жөргөмүш бир гана суюктуктарды сиңире алат. Миллиметрдин ондон биринен чоң заттар оозунун айланасындагы түктөр тарабынан фильтрленет. Башкача айтканда, жөргөмүш бир жандыкты сиңирүү үчүн алгач анын дене кыртыштарын суюктукка айландырышы керек. Ал үчүн жөргөмүш чымын-чиркейдин денесин тамак сиңирүү ферменттери менен ээритет. Кыртыштар жетиштүү деңгээлде суюлганда, абдан күчтүү соруу системасы аркылуу аны сорот. Мисалы, «misumenoides formosipes» аттуу жөргөмүш бир аарыны өлтүргөн соң, бирин башынан же моюнунан, экинчисин курсагынын төмөн жагынан кылып эки тешик жасайт. Анан аарынын денесиндеги суюктуктарды ал тешиктерден сорот.

Жөргөмүш олжосунан соргон кыртыштарды тамак сиңирүү суюктугу менен аралаштырат. Олжонун денесинде пайда болгон вакуумдун күчү жөргөмүштүн соруу күчүнөн ашканда, жөргөмүш ашказанынын айланасындагы соруу булчуңдарын бошотот. Натыйжада жөргөмүштүн денесиндеги сиңирүүчү суюктуктун бир бөлүгү аарынын денесине кирет. Анан ал суюктук аарынын денесинин ар кайсы аймактарына барып, ал жердеги кыртыштарды да ээритет. Жөргөмүш андан соң курсак тараптагы экинчи тешикти сорот. Бул айлампа аарынын ичи толук бошотулганга чейин уланат. Аарынын денеси жөргөмүш үчүн азыктын булагы гана болбостон, жөргөмүштүн тамак сиңирүү системасынын убактылуу бир бөлүгүнө айланат. Аягында ичи бош жумуртканын кабыгына окшоп, аарынын кабыктан башка эч нерсеси калбайт.

1- Коргонуу системасы
2- Сигнал системасы
3- Кичинекей "мышык буттары"
4- Жыныстык системасы
5- Ууландыруу системасы


Жөргөмүштөрдүн олжолору бир гана чымын-чиркей, курт-кумурскалар эмес. Кээде кээ бир бака, чычкан, балык, жылан же кичинекей канаттуулар да жөргөмүштөрдүн курмандыгына айланышы мүмкүн. Ал тургай, чымчык жегич жөргөмүштөр деп аталган жөргөмүштөр коен же тоокторду да кармап сиңире ала турган күчкө ээ.27




 

Сууда басуучу жөргөмүш

Суу жөргөмүштөрү өзгөчө түзүлүшүнөн улам суунун бетинде баса алышат. Алардын буттарынын учунда гидрофобдук мом менен капталган түкчөлөрдөн турган баркыт сымал жыш өрүм бар. Ошондуктан жөргөмүш суунун бетинде чөкпөй жүрө алат.28 Ал тургай, жөргөмүштүн суунун бетинде жүрүү мүмкүнчүлүгү ушунчалык жогору болгондуктан, учурдагы салмагынан 25 эсе оор болсо дагы суунун бетинде жүрө алышмак.

Суу жөргөмүштөрү суунун бетинде баратканда арткы буттарын руль сыяктуу колдонушат. Ортодогу буттар кыймыл үчүн колдонулса, алдыңкы кыска буттар олжолорду кармоо кызматын аткарат. Суу жөргөмүшү абдан тез кыймылдайт жана суунун бетинде бир заматта бир метрге секире алат. Ошентип ылдам жүрүүчү кайыктай бат кыймылдайт.

Суу жөргөмүштөрү аңчылыкта суунун бетин желе сыяктуу колдонушат. Туура эмес кыймыл-аракеттен улам сууга түшкөн ийнелик, чымын же көпөлөк бул жөргөмүштөр үчүн эң мыкты курмандык болуп эсептелет. Бул жандыктардын канаттары сууга тийгенде, чымын кармагыч кагазга жабышкандай болуп суунун бетине жабышып калышат. Суунун бетиндеги термелүүнү жөргөмүш ошол замат сезет. Ал тургай, термелүүлөрдөн жөргөмүш олжосунун турган жерин эле эмес, көлөмүн да так аныктай алат. Дароо ал жерге барып сууга жабышкан олжосун чагып ууландырат жана өлтүрөт.

Жөргөмүштүн буттарынын түкчөлөрүндөгү сууга чөктүрбөй турган каптоочу затты ким жасаган? Бул дүйнөгө жаралган суу жөргөмүштөрүнүн ар биринин буттарында каптоочу зат29 болоорун эске алганда, суроону андан да кеңейтүүгө болот. Жөргөмүштөр суунун көтөрүү күчүн, гидрофобдук заттардын молекулалык касиеттерин, суу молекулалары менен болгон өз ара аракеттенүүлөрүн кайдан билишет? Бул системанын долбоорун жөргөмүштөр өздөрү түзө алышпайт, анда муну ким жасаган? Суунун беттик тартылуусуна карата долбоорлонгон бул кемчиликсиз түзүлүш өзүнөн-өзү, кокусунан да пайда боло албайт, демек бул нерсе кантип келип чыккан? Жөргөмүштөр бул түзүлүштү жана сууга чөктүрбөй турган химиялык заттын формуласын өздөрүнүн урпактарына кантип өткөрүп беришкен? Бул суроолордун жооптору бизди булар кемчиликсиз жаратылган деген жыйынтыкка алып барат. Жөргөмүштөр Аллах тарабынан эч кемтиксиз жаратылган. Аллах бардык түрлөргө аларга керектүү өзгөчөлүктөрдү берген сыяктуу, бул жөргөмүштөргө да суунун бетинде баса алуучу системаларды берген.


Булактар:

27. Gardner Soul, Strange Things Animals do, G.P.Putnam's Son, New York, 1970

28.National Geographic, Eylül 1996 , Vol. 190, No.3, s.100 

29.National Geographic, Eylül 1996 , Vol. 190, No.3, s. 107 

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

БАШ СӨЗ

  Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды акыйкат (хак) менен ...