15 Mayıs 2022 Pazar

БАШ СӨЗ

 

Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды акыйкат (хак) менен гана жараттык. Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. (Духан Сүрөсү, 38-39)

 

Кээ бир окурмандар бул китепти көргөндө, китептин темасы «мага көп деле тиешелүү эмес экен» деп ойлошу мүмкүн. Өзүнө өзү «кичинекей бир жандык тууралуу жазылган китептин мага көп деле пайдасы болбойт жана жумуш көп болгону үчүн, мындай китепке бөлө турган убактым да жок» деп айтышы мүмкүн.

Ал кишилерге балким экономикага же саясатка байланыштуу бир китеп же бир роман жагымдуураак жана «пайдалуураак» сезилиши ыктымал. Же башка тармактагы китептерди өзүнө көбүрөөк салым кошот деп ойлошот. Бирок чындыгында колуңуздагы бул китеп аны окуган кишиге ушул кезге чейин окуган көптөгөн китептерден алда канча «пайдалуураак» болуп, ага алда канча көп салым кошот. Анткени бул китеп жөргөмүш деп аталган кичинекей жандыктын өзгөчөлүктөрү тууралуу терең маалыматтарды берүү үчүн жазылган биология китеби эмес. Китептин темасы жөргөмүш болгону менен, анын өзөгүндө абдан маанилүү акыйкат бар.

Бир ачкыч сыяктуу... Ачкыч өз алдынча абдан маанисиз көрүнгөн бир шайман. Аны мурда эч ачкыч көрбөгөн жана ачкыч менен кулпунун байланышын билбеген бир адамга берсеңиз, колундагы нерсени маанисиз жана ишке жараксыз бир темирдей көрөт. Бирок кээде бир ачкыч ал туура келген кулпунун артындагы нерсеге жараша дүйнөдөгү эң баалуу нерселердин бири болушу мүмкүн.

Бул китеп да жөргөмүштү изилдөө максатында эмес, аны бир «ачкыч» катары колдонуу максатында жазылган. Бул ачкыч ачкан кулпунун артындагы акыйкат болсо адамдар үчүн өмүрүндөгү эң улуу акыйкат болуп саналат. Анткени бул акыйкатты бурмалагысы келген адамдардын чыгарган эволюция теориясынын канчалык негизсиз теория экенин көрсөтөт жана адамзаттын эзелтеден бери жооп издеген суроолоруна жооп берет. «Мен киммин? Мен жана мен жашап жаткан аалам кантип пайда болду? Жашоомдун маңызы жана максаты эмне?» деген сыяктуу эң орчундуу суроолордун чыныгы жообу ушул кулпунун артындагы акыйкатта камтылган.

Жооп болсо мындай: адам жана ал жашап жаткан аалам бардык майда-чүйдөсүнө чейин жалгыз Жаратуучу тарабынан жаратылган жана Анын бар экенин жана улуулугун көрсөтүү үчүн турат. Ал Жаратуучу бардык кемчиликтерден аруу, улуу кудуреттүү Аллах. Аллах Куранда билдиргендей, адамдын жаралышынын бирден бир максаты – өзүнүн жана ааламдын жаратылганын түшүнүп, булардын баарынын кожоюну болгон Аллахка ибадат кылуу.

Мындай түшүнүккө жетүү үчүн аракет керек. Аракеттин негизги бөлүгү айлана-чөйрөсүндөгү бардык нерселерге байкоо жүргүзүп, алар тууралуу ойлонууга жана алардагы максаттарды түшүнүүгө арналышы зарыл. Анткени айланадагы бардык нерселер, өзгөчө табияттагы ар бир жандык Аллахтын бар экенин көрсөткөн жана өзгөчөлүктөрүн тааныткан бир «аят», б.а. далил. Аллах адамдарга жол көрсөтүү үчүн түшүргөн ыйык китебибиз Куранда бул «аяттарга» төмөнкүчө көңүл бурат:

Чындыгында асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жердин арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)

Көңүл бурулган болсо, Куранда «аят» катары көп адамдар үчүн көнүмүш болгон табият кубулуштары көрсөтүлгөн. Түн менен күндүздүн кезек менен келиши, кемелердин сууга чөкпөй сүзүшү, жамгырдын топуракты тирилтиши, шамалдар жана булуттар... Бүгүнкү күндө көп адамдар булардын баарын илимий жактан, механикалык логика менен чечмеленген, ошондуктан эч кандай таң калаарлык тарабы жок деп ойлошот. Чындыгында болсо илим болгону материалдык кубулуштарды сүрөттөйт жана эч качан «эмне үчүн» деген суроого жооп бере албайт. Анткен менен, дүйнө жүзүндө өкүмчүлүк кылган динге ишенбеген коом моделинен келип чыккан массалык караңгылык адамдардын бул «аяттар» тууралуу ойлонуусуна жана алардын артындагы өтө терең маанини түшүнүүсүнө бөгөт койот. Куранда табияттагы бул «аяттарды» бир гана «ойлоно алган адамдардын» көрө алаары кабар берилет.

«Ойлоно алган бир коом» үчүн чындыгында табияттын ар бир бөлүгү бир «аят», тагыраак айтканда, акыйкаттын алдындагы эшиктерди ача турган ачкычтар. Табият дээрлик чексиз бөлүккө бөлүнгөндүктөн, эшиктердин жана ачкычтардын саны да дээрлик чексиз негизи. Бирок кээде бир эшикти ачуу да адамды акыйкатка жеткириши мүмкүн. Табияттын ичинен алынган бир бөлүк, мисалы бир өсүмдүк же бир жаныбар жөнүндө ой жүгүртүү адамды бүт ааламдын маанисин түшүнүүгө жакындатышы мүмкүн. Ошондуктан Куранда «Чындыгында Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт» деп айтылат, анткени «ыймандуулар, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет...» (Бакара Сүрөсү, 26)

Кичинекей бир чиркей да, кичинекей бир жөргөмүш да Аллахтын аяты, далили. Чиркейге адамдардын көпчүлүгү маани бербегендей, жөргөмүшкө да маани беришпейт, бирок «ойлоно алган бир коом» бул «аяттардагы» кереметтерди көрө алат. Бул кичинекей жандыктарды «ачкыч» катары кабыл алып, Аллахтын кереметтүү жаратуусун көрүү үчүн ачуу керек болгон кулпуну ача алат.

Жөргөмүштөрдүн саналуу гана адамдар билген таң калаарлык өзгөчөлүктөрүн сүрөттөп, улам сайын «кантип», «эмне үчүн» деген суроолорду узаткан бул китеп мына ушул максатта жазылган. Жана дал ушул максатынан улам, ушул кезге чейин сиз окуган канчалаган китептен маанилүүрөөк. Анткени «ойлоно алган бир коомдон» болуу адамга бүт нерседен керектүүрөөк.

Өзүнөн (бир сый-жакшылык катары) асмандардагы жана жердегилердин баарын силерге моюн сундурду. Күмөнсүз мында ой жүгүртө алган бир коом үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Жасия Сүрөсү, 13)

 

АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ

Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (эч нерсени үлгү албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

БАШ СӨЗ

  Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды акыйкат (хак) менен ...