15 Mayıs 2022 Pazar

СЕКИРҮҮЧҮ ЖӨРГӨМҮШТҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

 

Силердин жаратылууңарда жана көбөйтүп-жайган жандууларда так илим менен ишенген бир коом үчүн аяттар бар. (Жасия Сүрөсү, 4)





Тоту куштун кооз түстөрү, бүркүттүн курч көздөрү, карчыганын күтүүсүз соккусу, антилопанын кереметтүү секириги...

 

Кереметтүү секирик

Желе куруп олжосун күткөн көптөгөн жөргөмүш түрлөрүнүн тескерисинче, секирүүчү жөргөмүш олжосуна өзү кол салат. Жөргөмүштөрдүн бул түрүнүн аңчылыктагы өзгөчөлүгү олжосуна секирүү аркылуу жетет. Жөргөмүш ушунчалык чебердик менен секиргендиктен, жарым метр алыстан учуп бараткан чымын-чиркейди секирип абадан кармай алат.15

Жөргөмүш гидравликалык басым принциптери менен иштеген сегиз бутунун жардамы менен таң калаарлык секирик жасай алат. Кол салуу аркылуу олжосунун үстүнө секирип күчтүү кыскычтарын матырат. Көбүнчө өсүмдүктөрдүн арасында татаал шарттарда олжосуна секирет. Чабуулу ийгиликтүү болушу үчүн бурчту эң туура эсептеп, олжосунун ылдамдыгын жана учуу багытын да эске алышы шарт.

Андан да кызыгы, олжосун кармаган соң жөргөмүштүн өлүмдөн кантип сактанып калышы. Жөргөмүш өлүп калышы мүмкүн, анткени олжосун кармоо үчүн секиргенде бийиктиктен бойун таштайт. Ошондуктан бийик жерден (көбүнчө дарактын учунда болот) жерге жабышып калышы мүмкүн. Бирок жөргөмүш мындай көйгөйгө туш болбойт. Анткени секирээр алдында бөлүп чыгарып, турган бутагына жабыштырган жиби аны жерге түшүүдөн сактап, абада илинип калышына мүмкүнчүлүк берет. Ал жип аны менен кошо кармаган олжосун да көтөрө ала тургандай бекем.

Секирүүчү жөргөмүштөрдү Аллах көздөрүн курч
жана буттарын күчтүү кылып жараткан


Секирүүчү жөргөмүштөр күчтүү кылып жаратылгандыктан,
 өздөрүнөн чоң олжолорду да кармай алышат

 

Маселе: ордун аныктап, андан көзүңдү алба

Секирүү жөндөмү эң мыкты болгон бул жөргөмүш түрүнүн башка дене түзүлүштөрү да кемчиликсиз. Секирүүчү жөргөмүштүн көздөрүнүн экөөсү баштын ортосунан дүрбү сымал алдыга чыгып турат. Ал эки чоң көз уянын ичинде оң-сол жана өйдө-төмөн көздөй кыймылдай алат. Жашыл жана ультра кызгылт көк толкундарды сезген төрт кабаттуу тордомо челден улам жөргөмүштүн көзү сүрөттөлүштү абдан тунук көрүү жөндөмүнө ээ. Баштын капталындагы калган төрт көз болсо сүрөттөлүштү анчалык тунук көрө албайт, бирок айланасындагы бардык кыймылдарды байкайт. Мындан улам жөргөмүш артындагы олжону же душманды да оңой эле байкай алат.

Секирүүчү жөргөмүш тууралуу бул жерге чейин айтылган маалыматтарды ойлонуп көрөлү. Секирүүчү жөргөмүш олжосун бир секирик менен кармай алгандан тышкары, тез кыймылдай ала турган дене түзүлүшүнө да ээ. Ошондой эле, көздөрү да олжосун ар тараптан көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.


Секирүүчү жөргөмүштүн көздөрү ар бири өзүнчө көрө алат.
Сүрөттө кара көз камераны, ачык өңдөгү көз болсо башка жакты карап жатат


Жөргөмүш, албетте, ушундай болсо мен үчүн пайдалуураак болот деп ойлоп, өзүнө кошумча көздөр жасап алган эмес. Же болбосо, ал көздөр кокусунан пайда болгон эмес. Бул жандык Аллах тарабынан бардык өзгөчөлүктөрү менен бирге жаратылган. Бир даана көздүн да кантип пайда болгонун түшүндүрө албаган эволюция теориясы секирүүчү жөргөмүштүн сегиз көзүн жана ал көздөрдүн өз ара кемчиликсиз координациясын эч качан түшүндүрө албайт.

 

Бардык жагынан кемчиликсиз камуфляж ыкмасы



Жогорудагы сүрөттөн эмнени көрүп жатасыз деп сурашса, албетте, «жалбырактын астында жана үстүндө турган кумурскаларды» деп жооп бересиз. Бирок сүрөттө жалбырактын астында күтүп жаткан кумурска эмес. «Myrmarachne» (мирмарахна) аттуу секирүүчү жөргөмүштөрдүн бир түрү. Кумурска менен секирүүчү жөргөмүштү айырмалаган жалгыз өзгөчөлүк – буттарынын саны. Анткени жөргөмүштөр сегиз, кумурскалар болсо алты буттуу.


Секирүүчү жөргөмүштөр кумурсканы эң мыкты туурагандыктан,
кээде жөргөмүштөрдүн башка түрлөрү аны кумурска деп ойлоп,
ага аңчылык кылганга аракет кылат


Сүрөттө эки капталдагылар кумурска,
ортодогу болсо секирүүчү жөргөмүш.
Ортодо бир гана айырма бар: жөргөмүштүн
буттары бир жупка көп
Секирүүчү жөргөмүш кантип кумурскаларды алдай алат? Ал үчүн секирүүчү жөргөмүш сырткы окшоштугу менен эле тим болбостон, кыймыл-аракеттери менен да аларды туурайт. Мисалы, секирүүчү жөргөмүш буттарынын санындагы айырманы жашыруу үчүн, эки алдыңкы бутун алдыга созуп, жогору көтөрөт. Ошентип эки алдыңкы буту кумурсканын антенналарына окшошуп калат. Бул жерде сөзсүз токтоп ой жүгүртүү керек. Анткени бул жөргөмүш санаганды билет деген мааниге келет. Жөргөмүш алгач өзүнүн буттарын, анан кумурсканын буттарын санап, андан соң кумурсканын буттарынын санын өзүнүкүнөн кемиткен. Ортодогу айырманы көргөн соң аны жоюу керек экенин түшүнүп, ашыкча буттарын абдан акылдуулук менен антеннага окшоштуруп алган.

Бул жерде унутпаш керек болгон башка маанилүү жагдайлар да бар. Эң биринчиден, жөргөмүш кумурскадан түзүлүшү жагынан толугу менен айырмаланат. Жөргөмүш кумурскадай көрүнүү үчүн буттарын жогору көтөрүшү эле жетиштүү болбойт. Ошол эле учурда кыймыл-аракеттерин, башкача айтканда, басканын жана турганын да туурашы керек. Ал үчүн жөргөмүш кылдаттык менен байкоо жүргүзүп, анан байкагандарын тууроо үчүн чебер актерго окшоп роль ойношу шарт.

Байкаганыңыздай, жөргөмүш ойлонот, ойлогондорун ишке ашырат, ал үчүн дене түзүлүшүн керектүү тарапка өзгөртө алат жана, ошондой эле, тууроо жөндөмүн да колдонот. Булардын баарын жөргөмүштүн өз алдынча жасай албай тургандыгын түшүнүү акылдуу жана ойлоно алган ар бир адам үчүн абдан эле оңой. Эң биринчиден, жөргөмүштүн ойлонууга жөндөмдүү мээси жок. Анда жөргөмүштөгү жөндөмдөрдүн булагы эмнеде? Бул суроого жооп берээрден мурун камуфляж кемчиликсиз болушу үчүн керектүү башка өзгөчөлүктөргө да токтолуу керек.


Жөргөмүштөр түстөрүн колдонуу
аркылуу да камуфляж кылышат

Жөргөмүштүн камуфляжы бул айтылгандар менен эле бүтпөйт. Кумурскага окшошуу үчүн көздөрдүн сүрөттөрү да болушу керек. Анткени өзүнүн көздөрү кумурсканыкы сыяктуу кара, чоң так формасында эмес. Бирок жөргөмүштөгү бир өзгөчөлүк бул маселени чечкен. Жөргөмүштүн башынын капталдарындагы эки чоң кара так кумурсканын көздөрүнө абдан окшош.



Камуфляждын башка ыкмалары

Ойлонуп көрөлү: жөргөмүштүн башынын эки капталындагы тактарды билиши мүмкүн эмес. Жана бир жөргөмүштү кайсы бир нерсени билет жана ошого жараша пландуу тактикаларды иштеп чыгат деп айтуу эч акылга сыйбайт. Анда кумурска менен азыктанган жана кумурсканы туурашы керек болгон жөргөмүштүн башындагы жасалма көздөр кантип пайда болгон? Жөргөмүш «үйрөнүү», «эсептөө» жана «тууроо» сыяктуу жөндөмдөрдү кайдан алган? Эгер бул жасалма көздөр болбогондо эмне болмок? Анда жөргөмүш кумурсканы канчалык туурабасын, баары бир кумурскалар тарабынан байкалып калмак. Эгер кумурскалар коркунучту байкап, алдын алышса, анда жөргөмүш жашай алмак эмес. Кумурскалар күчтүү жаактары менен жөргөмүштү өлтүрүп коюшмак. Көрүнүп тургандай, жөргөмүштүн кумурсканы тууроону чечиши жетиштүү эмес. Ошол эле учурда камуфляжы ийгиликке жетиши үчүн, табиятынан жасалма көздөрү да болушу шарт.

Булар жөргөмүш жашоосун улантышы үчүн талап кылынган өзгөчөлүктөрдүн бир канчасы гана. Булардын бирөөсү эле кем болсо, секирүүчү жөргөмүш белгилүү убакыттан кийин өлөт. Демек жөргөмүштүн өзгөчөлүктөрүн кокусунан пайда болгон деп айтууга болбойт. Жөргөмүштүн бардык өзгөчөлүктөрү чогуу, бир учурда пайда болгон. Аллах бардык жандыктарды кемчиликсиз кылып, бардык керектүү өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан.



Секирүүчү жөргөмүштөр кээде бири-бирине да
аңчылык кылышат

Бою эки миллиметр болгон «phyaces» жөргөмүшүнүн сырткы көрүнүшү баткакка окшошот. Жөргөмүш бул окшоштугун колдонуп өзүнчө шоу көрсөтөт. Шамалга учкан баткакты туурап, сабырдуулук жана акырындык менен мээлеген уяга жакындайт. Phyaces ролун ушунчалык мыкты аткаргандыктан, уянын босогосунда турган эне жөргөмүш эч шектенбейт. Жөргөмүш анын балдарына жакшылап жакындаган соң, күтүүсүз чабуул жасап, кармап жей алат.

Күчтүү буттары жана жырткыч жаактары менен өзүнөн
чоң жандыктарды кармай алышат


Секирүүчү жөргөмүштөр курт-кумурскалардын эң жырткычы
деп аталган батачыларды да кармай алышат

Албетте, кээде өздөрү батачыларга жем болушат


Бүгүлмө жаактар

«Myrmarachne plataleoides» жөргөмүшүнүн эркегинин тышкы көрүнүшү абдан өзгөчө. Бул түрдүн эркектери узун мурундуу болушат. Жөргөмүш аңчылык кылганда же кол салууга туш болгондо, мурундары экиге бөлүнүп учунда уулуу тиштери бар жаактарга айланат. Абдан курч жана учтуу бул эки шайманын жөргөмүш кылыч сыяктуу колдоно алат.




 

Секирүүчү жөргөмүштүн жан аябастыгы

Секирүүчү жөргөмүш балдарын
коргоо үчүн белгилүү убакытка
чейин жонунда көтөрүп жүрөт
Секирүүчү жөргөмүш жаңы туулган балдарын белгилүү убакытка чейин жонунда көтөрүп жүрөт. Ошентип бир жагынан балдарынын муктаждыктарын оңой канааттандырса, экинчи жагынан аларды жакшыраак коргойт. Душмандарына карата таш боор өлүм машинасындай көрүнгөн жөргөмүш балдарына абдан боорукердик менен мамиле кылат. Бул эволюционисттерге көптөгөн суроолорду пайда кылат. Анткени эволюционисттер табиятта жаныбарлардын ортосунда жашоо үчүн айоосуз күрөш бар жана ал күрөштө күчтүүлөр гана жеңет дешет. Бирок табияттагы жаныбарларды караганыбызда эволюционисттердин айткандарына карама-каршы мисалдарды көрөбүз. Жаныбарлардын өзүнүн түрлөрүнө жана башка жаныбарларга кылган жан аябастыктарынын апачык мисалдары бар. Ошондуктан табиятты изилдегенде башка жандыктар үчүн өз жанын аябаган, балдары үчүн өлүмгө да даяр болгон жаныбарларды көргөн эволюционисттер чыга алгыс туюкка туш болушкан. Бир илимий журналда бул туюк төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Маселе жаныбарлардын эмне үчүн бири-бирине жардам берээринде. Дарвиндин теориясы боюнча, ар бир жаныбар өзүнүн жашоосун улантуу жана көбөйүү үчүн күрөшөт. Башкаларга жардам берүү ал жаныбардын соо калуу ыктымалдыгын азайткандыктан, узун мөөнөттө мындай жүрүм-турумдар жок болушу керек эле. Бирок жаныбарлардын жан аябастык кылаары байкалган.16

Эне жаныбарлардын балдарына болгон сүйүүсүн эч кандай эволюциялык механизм менен түшүндүрүүгө болбой тургандыгы анык. Бул ушунчалык апачык чындык болгондуктан, Жемаль Йылдырым сыяктуу көптөгөн эволюционисттер да муну моюнга алууга мажбур болушкан:

Эненин баласына болгон сүйүүсүн эч кандай руханий элементи жок «сокур» механизм (табигый тандалуу) менен түшүндүрүүгө болобу? Биологдорду (ал ортодо дарвинисттерди) мындай суроолорго канааттандырарлык жоопторду беришет деп айтуу, албетте, кыйын.17

Боорукердик, мээрим, коргоо сезими сыяктуу түшүнүктөрдү сокур механизмдер менен, албетте, түшүндүрүүгө болбойт. Анткени эч бир аң-сезими жана акылы жок жаныбарларга бардык кыймыл-аракеттерин Аллах илхам кылат. Эч бир жандыктын өзүнүн чечими менен жан аябастык кылышы, план түзүшү же башка кандайдыр бир нерсени жасашы мүмкүн эмес. Аллах бүт баарын башкарып турат.



Булактар:

15.The Guinness Encyclopedia of the Living World, Guinnes Publishing, s. 164

16.Bilim ve Teknik Dergisi, sayı 190, s.4

17. Cemal Yıldırım, Evrim Kuramı ve Bağnazlık, Bilgi  Yayınları, s.195

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

БАШ СӨЗ

  Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды акыйкат (хак) менен ...