15 Mayıs 2022 Pazar

ЖӨРГӨМҮШТӨРДҮН АҢЧЫЛЫК ЫКМАЛАРЫ

 

Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды акыйкат (хак) менен гана жараттык. Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. (Духан Сүрөсү, 38-39)


Көп адамдар жөргөмүштөрдү аңчылык үчүн тор жайган жандыктар катары билишет. Бул маалымат жетишсиз, анткени жөргөмүш торлору архитектуранын жана инженериянын керемети жана ошондой эле жөргөмүштөрдүн аңчылык үчүн колдонгон бирден бир ыкмасы эмес. Жөргөмүштөр аңчылыкта желеден тышкары абдан таң калаарлык тактикаларды да колдонушат.

 

Сыйыртмак салып аңчылык кылган жөргөмүш

Жөргөмүш түрлөрүнүн арасында эң кызыктуу аңчылык ыкмаларынын бири «Болас» жөргөмүштөрүндө кездешет. Доктор Герч жөргөмүштөрдү изилдеген адистердин бири жана Болас жөргөмүштөрүнө жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында бул жөргөмүш түрүнүн олжосун сыйыртмак салып кармай тургандыгын байкаган.

Болас жөргөмүшүнүн аңчылыгы эки баскычтан турат. Биринчи баскычта жөргөмүш учу жабышчаак бир жип даярдап буктурмага жашынат. Ал жабышчаак жип сыйыртмак катары колдонулат. Ал ортодо жөргөмүш олжосун өзүнө тартуу үчүн бир өзгөчө химиялык затты бөлүп чыгарат. Ал ургаачы көпөлөктөр эркектерин жупталууга чакыруу үчүн бөлүп чыгарган «феромон» аттуу бир зат. Жасалма чакырыкка алданган эркек көпөлөк жыттын булагын көздөй жөнөйт. Жөргөмүштөрдүн көрүү органы абдан алсыз, бирок көпөлөктүн учуп бараткандагы термелүүлөрдү байкай алышат. Ошентип жөргөмүш олжосунун жакындаганын сезет. Бул жерде Болас жөргөмүшүнүн дээрлик сокур болгонуна карабастан, жипке асылып туруп өзү жасаган бир сыйыртмак менен учуп бараткан бир жандыкты кармай алышы таң калычтуу.

«Strange Things Animals Do» аттуу китепте Болас жөргөмүшүнүн аңчылык ыкмасы ковбойдун сыйыртмагына салыштырылган. Китепте ал мындайча сүрөттөлөт:

Жөргөмүш жибекке окшогон бир кур токуп, анын учуна салмактуу нерсени, оор клей эритмесин жайгаштырат. Анын бул куралы ковбойдун сыйыртмагын эске салат. Андан соң ал сыйырмакты алдыңкы эки жуп бутуна алат жана ал эки бут колдун милдетин аткарат. Көпөлөк учуп келгенде сыйыртмагын салат. Жабышчаак оор тарабын көпөлөктүн дал үстүнө ыргытат жана жабышчаак зат анын үстүнө жабышып, көпөлөк ичине тартылат жана Болас жөргөмүшү аны жогору көздөй оройт...3

Жытка алданган курмандыктын жакындашы менен аңчылыктын экинчи баскычы башталат. Жөргөмүш бутун артка тартып чабуул позициясына өтөт жана күтүүсүздөн адамдын көзү байкабай турган тездик менен сыйыртмагын ыргытат. Көпөлөк жиптин учундагы жабышчаак топко кармалат. Жөргөмүш олжосун жогору тартат жана ошол замат аны чагып шал кылат. Андан соң бөлүп чыгарган атайын жибек жиби менен аны оройт. Ал жибектин өзгөчөлүгү азыкты көпкө чейин жаңы бойдон сактайт. Ошентип жөргөмүш олжосун кийинчерээк жегенге жаңы бойдон сактап койот. Жогоруда айтылган китепте автор Болас жөргөмүшүнүн мындай пландуу иш-аракети тууралуу мындай дейт:

Илимпоздор жөргөмүштү кичинекей бир жаныбар катары көрүшөт. Бирок үйрөтүлгөн деңиз арстаны, ит, жолборс, же болбосо маймыл, ал тургай, бир ковбой да бул кичинекей көрүнгөн жаныбардын кылган ишин жасай албайт.4

Көрүнүп тургандай, Болас жөргөмүштөрүнүн аңчылык ыкмалары күчтүү жөндөмдү талап кылган, ал тургай, машыгып үйрөнүү керек болгон кыймыл-аракеттерден турат. Аларды баскычтары менен бир бирден караганда, жөргөмүштүн кылгандарынын канчалык кыйын экенин жакшыраак түшүнөбүз. Ал үчүн «Болас жөргөмүшү аңчылык кылуу үчүн эмнелерди жасашы керек?» деген суроого жооп берели:

o   жөргөмүш бир жиптин учуна жабышчаак кумалак даярдашы...

o   башка жандыктын эркегин тартуу үчүн ал жандыктын ургаачысы бөлүп чыгарган жытты денесинде иштеп чыгып, бөлүп чыгарышы...

o   олжосуна сыйыртмакты адамдын көзү да байкабай турган ылдамдыкта ыргыта алышы...

o   сыйыртмакты олжосуна тийгизип аны кармашы...

o   аягында олжосун белгилүү убакытка чейин жаңы бойдон сактай ала турган жибек менен таңгакташы шарт.

Болас жөргөмүшү
ушундай жабышчаак топтор
менен олжосун кармайт

Болас жөргөмүшү кантип ушунчалык акылдуу планды ишке ашырат? План түзүү ой жүгүртүү жөндөмү бар жандыктарга, тагыраак айтканда, адамга гана тиешелүү өзгөчөлүк. Ал эми жөргөмүштө болсо буларды ойлоно турган кубаттуулуктагы бир мээ жок. Анда ушунчалык таң калычтуу аңчылык ыкмасын кайдан үйрөнгөн? Бул суроого илимпоздор дагы эле жооп издешүүдө.

Эволюционисттердин ою боюнча, жөргөмүштөрдүн бардык өзгөчөлүктөрү кокусунан пайда болгон. Кокусунан сыйыртмак жасоону чечкен, кокусунан химиялык затты иштеп чыгып, көпөлөктү өзүнө тартышы керек экенин түшүнгөн жана кокусунан сыйыртмакты таамай ыргытуу жөндөмүнө ээ болгон. Сыйыртмак менен аңчылык кылууга керектүү бардык башка өзгөчөлүктөр да кокусунан пайда болгон. Мындай кокустуктарга таянган көз-караштардын бир сценарийден гана тураары, илимий жана логикалык эч бир таянычынын жок экени анык. Эволюционисттердин сценарийлеринин илимден канчалык алыс экенин жакшыраак түшүнүү үчүн биз дагы эч ыктымалсыз бир сценарий түзөлү:

Сценарий: көп жылдар мурун башка жөргөмүштөргө окшоп, желе жасай албаганын түшүнгөн бир жөргөмүш айланасына жакшылап байкоо жүргүзө баштайт. Бир күнү ургаачы көпөлөктөрдүн бир химиялык зат аркылуу эркектерин кантип өздөрүнө тартаарын байкайт. Көпөлөктөрдү кармоо үчүн ушул затты иштеп чыгышым керек деп ойлонот жана денесинде өз алдынча химия лабораториясын куруп, ал затты иштеп чыгат. Бирок маселе дагы деле чечилбейт. Анткени эркек көпөлөктөрдү кармай алмайынча, аларды өзүнө тартышынан эч кандай майнап чыкпайт. Ошол учурда акылына дагы бир ой келет жана иштеп чыккан жибинен союл-сыйыртмак аралаш бир курал жасайт.

Бирок ал куралды жасап коюу эле жетиштүү болбойт. Олжосу алгачкы жолу жакындаганда, торун ага тийгизе албаса, эмгегинин баары текке кетет, ал тургай, ачкадан өлөт. Бирок андай болбойт жана олжосун кармайт, ошентип аягында эң мыкты аңчылык ыкмасын «тапкан болот». Андан соң бул ыкманы эч нерсесин унутпай, толугу менен башка жөргөмүштөргө да үйрөтүшү керек экенин ойлонот жана кийинки келе турган урпактарга да бул маалыматтарды өткөрүп берүүнүн бир жолун ойлоп табат.

Көрүнүп тургандай, булар апачык бир сценарийдин бөлүктөрү. Бирок сценарийди жазып коюу эле жетиштүү эмес. Андан тышкары, ойлоп чыгарылган сценарийди ишке ашыруу керек. Ал үчүн кайра эле токулган сценарийдин ичиндеги ар кандай альтернативаларды да карап көрөлү.

Биринчи ойлоп чыгарылган альтернатива: эволюционисттер бир күч катары көргөн «табият эне», башкача айтканда, дарак, гүл, асман, суу, жамгыр, күн сыяктуу табияттагы бардык күчтөр биргелешип, өздөрүнө кемчиликсиз иштеген бир системаны курушкан. Ал системанын ичинде Болас жөргөмүшүн да унутпай, ага мыкты аңчылык ыкмасын тартуу кылышкан!

Экинчи ойлоп чыгарылган альтернатива: эволюционисттер дагы бир күч катары көргөн сокур кокустуктар бардык аңчылар менен бирге, Болас жөргөмүшүнө да жардам берип, жогорудагы өзгөчөлүктөрдү тартуулашкан.

Албетте, булар дагы ойдон чыгарылган сценарийлер гана. Мындай кыялдануу күчү болсо эволюционист илимпоздорго таандык. Суроонун чыныгы жообуна өтөөрдөн мурда бул сценарийлердин канчалык логикасыз жана жараксыз экенин карайлы:

o   Болас жөргөмүшүнүн химия инженери эместиги анык! Бир жөргөмүш көпөлөктүн бөлүп чыгарган заттарын изилдеп, алардын химиялык анализин жасап, андан соң ал затты өзүнүн денесинде пландуу түрдө иштеп чыгара албайт. Мындай ойду айтуу акылга, логикага жана илимге толугу менен каршы чыгуу дегенди билдирет.

o   көпөлөк бөлүп чыгарган химиялык затты жөргөмүш аңчылыктан башка эч жерде колдонбойт. Жөргөмүштө мындай секреция бездери кокусунан пайда болгон күндө да, көпөлөк чыгарган секреция менен өзүнүн секрециясынын ортосундагы окшоштуктарды билип, ал окшоштукту анализдеп өзүнүн пайдасына колдонууга акылы жетиши керек.

o   жөргөмүш көпөлөк иштеп чыккан заттын өзгөчөлүктөрүн кандайдыр бир жол менен «түшүнүп», аларды өзүнүн пайдасына колдонууга «акылы жетти» деген күндө да, эми керектүү затты иштеп чыгуу үчүн денесинде өзгөрүүлөр жасалышы шарт. Эч бир жандык өз каалоосу менен денесине бир органды же химиялык затты иштеп чыгуучу бир системаны кошо албайт. Бир жөргөмүштүн колунан мындай нерсе келиши мүмкүн деп айтуу мындай турсун, ойлонуп коюу дагы логиканын чегинен толугу менен чыгып кетүүгө барабар.

Канчалык ыктымалсыз болсо да, айтылган өзгөчөлүктөрдүн баары жөргөмүштө кокусунан пайда болду деп элестетели. Эми жөргөмүш көпөлөктү кармай турган сыйыртмакты жасаганга «акылы жетип», сыйыртмактын «долбоорун түзгөн» соң, сыйыртмактын жибин өз каалоосу менен иштеп чыгышы шарт.

Көрүнүп тургандай, Болас жөргөмүшүнүн өзгөчөлүктөрүн тереңирээк караганда, пайдубалы кокустуктарга таянган эволюция теориясынын канчалык күлкүмүштүү көз-караш экенин жакшыраак түшүнөбүз. Кокустуктардын бир жөргөмүшкө жогоруда айтылган өзгөчөлүктөрдү, башкача айтканда, акыл жүгүртүү, пландоо жана долбоорлоо жөндөмдөрүн бере албай тургандыгы жана жөргөмүштө булардын баарынын акырындап, өзүнөн-өзү пайда болбой тургандыгы анык. Муну түшүнүү үчүн көпкө чейин ойлонуп, изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн кереги жок. Бир аз акылыбызды колдонуп, ой жүгүртүү бул апачык чындыкты түшүнүүгө жетиштүү.

Жыйынтыктасак, эволюционисттердин сценарийлеринин жараксыздыгы анык. Демек бир гана акыйкат бар: булардын баары пландалып жаратылышы шарт. Аллах бардык жандыктарды, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, чымын-чиркей, курт-кумурскаларды жараткан. Аллахтын кудурети, илими, акылы жана даанышмандыгы улуу:

Асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Рабби, улуу жана кудуреттүү, кечиримдүү. (Сад Сүрөсү, 66)

 

Чөлдө жашай алуу үчүн эшик тузагы

Эшик тузактуу жөргөмүш олжосун кармоо үчүн
алдыңкы буттарын гана сыртка чыгарат

Чөлдүн климаты көптөгөн жандыктар үчүн өлүмгө алып келе тургандай ысык. Бирок кээ бир жандыктар ошондой ысык чөлдө жашай ала турган жөндөмдөргө ээ. Аңчылык ыкмалары, дене түзүлүштөрү жана кыймыл-аракеттери чөл шарттарында ыңгайлуу жашоолоруна мүмкүнчүлүк берет. Бул китептин темасы болгон жөргөмүштөрдүн бир түрү да чөлдө жашоого керектүү өзгөчөлүктөргө ээ. «Эшик тузактуу жөргөмүш» деп аталган бул жандык чөлдүн бетине курган, ысыктан тоскон уясында бир жагынан ысыктан коргонсо, экинчи жагынан уяны олжосун кармоо үчүн бир тузак катары пайдаланат.5

Жөргөмүш алгач жерди казып, бир чуңкур жасайт. Атайын бир суюктук бөлүп чыгарып, майда топурактарды бириктирет да, жасаган туннелинин ичин шыбайт. Бул уянын дубалдарын бекемдеп, бузулуулардан коргойт. Андан соң жибек иштеп чыгып, аны менен уянын ичин каптайт. Бул шыбак ыкмасы азыркы имараттарда колдонулган жылуулук изоляциялоо ыкмаларына окшош. Ошентип уянын ичи чөлдүн ысыгынан корголот.

Уянын экинчи касиетинин тузак экенин жогоруда белгиледик. Жөргөмүш бөлүп чыгарган жибеги менен уянын босогосуна бир каалга жасайт. Ал каалганын бир бурчу бекем жибек ашык-машык менен уяга карматылгандыктан, кадимки эшик сыяктуу кызмат кылат. Ошондой эле, жөргөмүш ал эшикти колдонуп олжолорунан жашынат. Жөргөмүш жибек эшиктин үстүн чөп-чар жана топурак менен жашырат. Андан соң уянын сыртынан ичин көздөй жалбырактардын астынан жиптерди керип тартат. Чымын-чиркей же курт-кумурска уяга жакындап жалбырактарды же топуракты басканда, топурактын астындагы жипчелерди кыймылдатат. Жипчелердин кыймылынан уянын ичиндеги жөргөмүш олжосунун жакындаганын сезет. Системаны куруп бүткөн соң жөргөмүш уясына кирип олжосун күтө баштайт.6

Эшик тузактуу жөргөмүштөр курган уясында 10 жылдай жашай алышат. Бүт өмүрүн ошол караңгы туннельде өткөрүп, сыртка дээрлик эч качан чыкпайт. Олжосун кармоо үчүн эшикти ачкан кезде да арткы буттарын уядан чыгарбайт. Эгер уянын эшиги бир чырпык менен ачылып калса, жөргөмүш уянын босогосуна келип, эшикти жабуу үчүн болгон аракетин жумшайт. Ургаачылар уясынан эч чыкпайт, эркек жөргөмүштөр болсо түгөй издөө үчүн гана уяларынан чыгышат. Ургаачы жөргөмүштөр төлдөө учурунда уянын оозун жибек менен абдан бекем жабышат. Эне жөргөмүштүн мындайда бир жыл бою эч сыртка чыкпай уяда тура алаары байкалган.

Эшик тузактуу жөргөмүш түнкүсүн аңчылык кылып, күндүз уясынын эшигин бекем жабат. Караңгы кире баштаганда эшикти ачып, күүгүм түшүп түшпөгөнүн текшерет. Эгер түн кирген болсо, эшикти ачып, алдыңкы буттарын сыртка узатат. Мындай позицияда бир канча саат бою күтө алат. Жөргөмүш өзгөчө кумурскалар жакындаар замат чагылгандай тездик менен алардын үстүнө секирип, аларды уясындагы туннельди көздөй сүйрөйт. Эшик өзүнүн салмагы менен жабылат.


Эшик тузактуу жөргөмүштөрдүн уясынын босогосу

Чындыгында бул нерселерди жасоо үчүн үйрөнүү, өндүрүш жөндөмү сыяктуу мээни талап кылган кээ бир жөндөмдөр керек. Жөргөмүш ысыктан коргоочу изоляцияны, кумдун ичине жашынуу ыкмасын «кокусунан» же өз алдынча аракет кылып, жасап көрүү аркылуу үйрөнө албайт. Жөргөмүш туннелин жасап баштай электе эле анын ичин ысыктан коргой турган бир жибек менен изоляциялап, ошол эле жибек менен уяга бир эшик жасаарын, душмандарынан жашынып аңчылык кылуу үчүн анын теңдешсиз тузак болоорун, балдарын жибек менен капталган уяда коопсуз тууй алаарын «билет». Антпесе, биринчи пайда болгон эшик тузактуу жөргөмүш чөл шарттарында же ысыктан, же болбосо ачкадан өлөт. Бул анын тукум курут болушу дегенди билдирет.

Ошондой эле, жаңы туулган жөргөмүштөрдүн баары дал ушундай кыймыл-аракеттерди жасайт. Дал ушундай уя куруп, дал ушундай азыктанат. Ошондуктан алгачкы жөргөмүштүн мындай таң калаарлык өзгөчөлүктөргө ээ болушу эле жетиштүү болбойт, ал маалыматтарды келечек урпактарына да өткөрүшү керек болот. Мунун бир гана жолу бар: ал маалыматтар жөргөмүштүн гендерине жайгаштырылышы шарт. Бул маалыматтарды окуган соң кайра эле бири-бирине байланыштуу суроолор пайда болот. Эшик тузактуу жөргөмүш мындай өзгөчөлүктөрдү кайдан алган жана бул маалыматтарды анын гендерине ким жайгаштырган?..

Эволюция теориясынын жактоочулары инстинкт, ойдон чыгарылган механизмдер, кокустуктар, табият эне сыяктуу түшүнүктөр менен чечмелөөгө аракет кылган мындай кыймыл-аракеттердин, план түзүү жөндөмүнүн, тактика табуу жана аны ишке ашыруу сыяктуу өзгөчөлүктөрдүн, кемчиликсиз дене долбоорунун чындыгында бир гана түшүндүрмөсү бар. Бул жандыктар бүт баарын билген, бир улуу кудурет тарабынан жаратылган. Бүт жандыктарга аларга таандык жөндөмдөрдү берген, башкача айтканда, аларды бардык өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан Аллах. Аллах теңдешсиз илимге ээ.

 

Алдамчылыкка чебер жөргөмүш

Жөргөмүштүн түсү менен гүлдүн түсү опокшош.
Бул эки организмди бири-бирине шайкеш кылып,
 окшош түстө жараткан Аллах.

Биз ойлогондон тескерисинче, жөргөмүштөрдүн көп түрү желе жасабай аңчылык кылат. Олжосун желесиз кармаган жөргөмүш түрлөрүнүн бири «misumenoides formosipes» деп аталат. Бул жөргөмүштөр гүлдөрдүн арасына жашынып, гүлгө конгон аарыларды кармап азыктанышат.7

Misumenoides formosipes түсүн өзгөртүү жөндөмүн колдонуп, гүлдүн сары же ак түстөрүнө окшошо алат. Буттарын болсо гүлдүн ортосуна эң мыкты жашырып, олжосун күтө баштайт.8 Жөргөмүштүн түсү менен гүлдүн түсү абдан эле окшош. Жөргөмүштү гүлдөн айырмалай алуу үчүн абдан кунт коюп караш керек болот.

Жөргөмүш буктурмада жаткан гүлгө конгон аары бир аздан соң гүлдүн ичиндеги ширени сорууга киришет. Бирок дал ошол учурда жөргөмүш аарыны узун буттары менен акырын оройт, анан тездик менен аарыны башынан чагып, уусун аарынын мээсине куят, андан соң олжосун жейт. Жөргөмүш гүлдүн бетине абдан чебердик менен жашынгандыктан, кээде бир көпөлөк же аары эч байкабай жөргөмүштүн үстүнө да конуп алат.

Жөргөмүш бул түстөрдү өзү тандаганбы? Гүлдүн түзүлүшүн изилдеп, окшош түстөрдү, өңдөрдү өзүнө копиялап алганбы? Жөргөмүштүн мындай жөндөмүнүн жок экени анык. Бир канча нерв түйүнүнөн тышкары, ойлоно турган мээси да жок. Ал тургай, жөргөмүш түс сокуру (дальтоник), тагыраак айтканда, жөргөмүш сарыны да, кызгылтты да көрө албайт. Көрө алат деп элестеткен күндө да, көргөн түсү менен өзүнүн түсүн толугу менен өз алдынча окшоштуруп, денесинде ага керектүү системаларды иштеп чыгышы мүмкүн эмес. Жөргөмүшкө түстөрдү айырмалатып, иштеп чыгарткан улуу кудуреттүү Аллах.

Гүл менен жөргөмүштүн бири-бирине шайкеш кылып, окшош түстө жаратылганы айдан ачык. Бир эле бойоктор жана бир кыл калем (кисть) менен тартылган сүрөттөгү эки башка фигурага окшоп, түстөрүнүн бирдей болушун «кокустук» деген жомок менен эч качан түшүндүрүүгө болбойт.



Жөргөмүштөрдүн камуфляжынан мисалдар
 

Тепкичтүү желе куруп аңчылык кылуу

Жөргөмүш желелери көптөгөн жандыктар үчүн сөзсүз өлүм менен жыйынтыкталуучу тузактар болуп эсептелет. Бирок бул тузактан өтө ала турган жандыктар да бар. Мисалы, кадимки жөргөмүш желеси жетим көпөлөктү кармай албайт. Анткени жетим көпөлөктүн денесин каптаган чаңдар желенин жабышчаак бөлүгүнөн коргойт. Бул өзгөчөлүгүнөн улам желеден оңой гана кутулат.

Бирок жетим көпөлөктөр кадимки желелерден башкача түзүлүштөгү кээ бир желелерден чыга алышпайт. Тропикалык аймактарда жашаган «scoloderus» аттуу жөргөмүштүн желеси түзүлүшү жагынан башкалардан айырмаланып, чымын кагазына окшош. Мындан улам scoloderus жетим көпөлөктү оңой эле кармайт. Scoloderus түрүнө таандык жөргөмүштөр узундугу бир метр, туурасы 15-20 см болгон, тепкич формасындагы желелерди жасашат. Жетим көпөлөктөр бул узун желелерге кармалып, төмөн көздөй кулашат. Көпкө созулган кулоо учурунда жабышчаак желеге илинишине бөгөт болгон кабырчыктардын дээрлик баарынан ажырап, аягында жөргөмүштүн тузагына кармалышат.

Көрүнүп тургандай, жөргөмүштөрдүн бул түрүнүн аңчылык кылуу ыкмасы да башкалардан өзгөчө. Бул түргө таандык жөргөмүштүн жасаган желесинин аңчылык кылган жандыгын кармай ала турган өзгөчөлүктө болушу таң калаарлык. Желесинин түзүлүшү башкалардан өзгөчөлөнгөн бул жөргөмүш түрү да Аллахтын жаратуу чеберчилигинин чексиздигин көрсөткөн далилдердин бири.

 

Желе ыргытуучу жөргөмүш: динопис

Желмогуз түспөлдүү жөргөмүштүн же илимий аты менен айтканда «динопистин» абдан өзгөчө жана таң калаарлык аңчылык жөндөмү бар. Бул жөргөмүш бир жерге желе куруп олжосун күтүүнүн ордуна, кичинекей бирок түзүлүшү абдан өзгөчө болгон бир тор жасап, аны олжосунун үстүнө ыргытат.9 Андан соң олжосун ал тор менен жакшылап оройт. Кармалган жандык эч нерсе кыла албайт. Тор абдан мыкты тузак болгондуктан, ага түшкөн жандык тыбыраган сайын торго көбүрөөк чырмалат. Андан соң жөргөмүш азыгын сактоо үчүн олжосунун үстүн жаңы жиптер менен жаап, аны кандайдыр бир мааниде «таңгактайт».

Көрүнүп тургандай, жөргөмүш олжосун белгилүү бир пландын негизинде кармайт. Бул аңчылык ыкмасына ылайыктуу тордун долбоорун түзүү (көлөмү, формасы, чыдамкайлыгы ж.б.), ал долбоорду өндүрүшкө киргизүү, андан кийинки өзгөчөлүктөрдү долбоорлоо, мисалы, торду олжону орой тургандай кылып пландоо сыяктуу процесстер сөзсүз түрдө мээни талап кылат. Ошондой эле, жөргөмүш жасаган тордун түзүлүшүн изилдегенде, абдан кемчиликсиз түзүлүштү көрөбүз.

Динопистин тору чыныгы мааниде кереметтүү долбоор. Колдонулган жиптин химиялык түзүлүшү эле өзүнчө бир керемет. Жөргөмүштүн торду колдонуу ыкмасы да абдан кызыктуу. Жөргөмүш олжосун күтүп жатканда, тордун көрүнүшү таякчалардан жасалган тар капаска окшошот. Бирок ал зыянсыз көрүнүш чындыгында башкаларды жаңылтат. Жөргөмүш олжосун кармоо үчүн аракетин баштаганда, торду буттары менен сыртты көздөй керет жана натыйжада качып кутула албай турган өлүм тузагы келип чыгат.

Механикалык долбоору жагынан да, химиялык түзүлүшү жагынан да ушунчалык кемчиликсиз торду жөргөмүш кантип жасай алган? Долбоор менен жасала турган иштерди, канчалык жөнөкөй болсо да, жасоо оңой эмес. Ар бир жумуш үчүн өзүнчө план жана тажрыйба талап кылынат. Буга төмөнкүдөй мисал келтирсек болот. Жөргөмүштөрдүн өргөн желелери сүрөттөлгөндө көбүнчө «сайма (кеште) сыяктуу» деген сөз колдонулат. Ошондуктан жөргөмүштөрдү желелери менен сайма сайышат деп айтууга болот.

Бир адамдын колуна сайма сайууга керектүү шаймандардын бири (илме шибеге, ийне сыяктуу) жана сайма сайылуучу жип берилди дейли. Эч кандай тажрыйбасы жок ал кишиден биринчи аракетте эле кооз саймаларды күтүүгө болобу? Же туш келди түйүндөрдөн бир сайма келип чыгышы мүмкүн деп ойлоого болобу? Албетте жок.

Бул акыйкатка жетүү үчүн колдонулган өтө жөнөкөй бир логика, жана ал апачык акыйкатты көрсөтүүдө. Бир долбоор (дизайн) өзүнөн-өзү пайда боло албайт, анткени бир долбоор пайда болушу үчүн акыл, жөндөм жана маалымат керек. Эгер бир жандык акылдуу долбоорлорду жасап, ал тургай, ал долбоорду кемчиликсиз өндүрүшкө айландырып жатса, ал жандык «акылдуу» дегенди билдирет. Бирок бир чымын-чиркей же курт-кумурсканы акылы бар, ойлоно алат, долбоор түзө алат деп ойлоо мүмкүн эмес. Демек ал жандыкка акыл берген, башкача айтканда, аны башкарып, жасай турган жумуштарын ага үйрөткөн бир күч бар. Ал күч ал жандыкты жараткан Аллахтын теңдешсиз кудурети.

Жөргөмүш мисалынан да көрүнүп тургандай, бардык жандыктарды Аллахтын жаратканы апачык чындык. Бирок эволюционисттер бул акыйкатты көрмөксөн болуп, ыктымалдыктарга таянышат. Эволюция теориясына сокурдук менен ишенүү аларды түшүнбөс, көрбөс, укпас кылып койгон. Апачык чындыкты да көрбөй же көрүп жана түшүнүп туруп кабыл албай турган даражага келип калышкан.

Динопистин аңчылыгынын баскычтары:
Жипке асылып олжосун күтөт, ылдый жагынан өтүп бараткан олжону
баса калып жип менен оройт

Эволюционисттердин ою боюнча, динопис жогоруда өзгөчөлүктөрү сүрөттөлгөн торду кокусунан токуп, кокусунан аны кандайча колдонууга болоорун түшүнгөн. Мындай нерсенин эч качан болбой тургандыгын акылы бар ар бир адам оңой эле түшүнөт. Бирок эч ыктымалсыз болсо да, бул ишке ашып, кокусунан пайда болгон алгачкы динопис кандайдыр бир жол менен торун токуй алды деп элестетели. (Бул жерде динопис кантип пайда болгон, торду токууга керектүү химиялык заттар денесинде кантип келип чыккан деген сыяктуу суроолорду да эске алган жокпуз.) Анда төмөнкү суроолорго жооп берүү керек: кокусунан токулган биринчи желеден кийин экинчи, үчүнчү желелер кантип токулган? Жөргөмүш кокусунан токуган желесин кайра кайра башынан кантип жасаган? Жаңы туулган ар бир жөргөмүш саймадай желе токууну, болгондо да башкалардан өзгөчө желе токуп, аны олжосунун үстүнө ыргытуу керек экенин кайдан билчү?

Бул суроолордун бир гана жообу бар. Үйрөнүү, жаттоо сыяктуу жөндөмдөрү, ал тургай, муну жасай ала тургандай татаал мээ системасы жок жөргөмүшкө бул өзгөчөлүктөрдү бүт жандыктарды жараткан чексиз кудуреттүү Аллах берген.

 

Амалкөйлүктүн адиси «portia» жөргөмүшү

Portia Fimbriata жөргөмүшү башка көптөгөн жөргөмүштөн айырмаланып, желе жасоо аркылуу да, желесинен алыс жактарга чыгуу аркылуу да аңчылык кылат. Анын дагы бир өзгөчөлүгү чымын-чиркей, курт-кумурскаларды эмес, өзүнүн түрдөштөрүн азык катары көрөт. Ошондуктан бул жөргөмүштүн тор талаасы көбүнчө башка жөргөмүштөрдүн желелери болуп эсептелет. Ал үчүн абдан кызыктуу бир тактика колдонот.10

Көбүнчө шамал болуп жатканда же бир жандык тордон кутулууга аракет кылып жатканда portia желенин үстүнө жайгашат. Анткени желе кыймылдап жатканда сездирбестен желеге тымызын жайгаша алат. Сыртынан караганда желеге илинип калган чырпыкка окшошот. Олжосун көргөндө шашылыш түрдө секирген башка жөргөмүштөрдөн айырмаланып, portia абдан жай басат. Желеге жайгашкан соң тузакка түшкөн чымын-чиркейге окшоп буттарын акырын кыймылдатып, торго түшкөн жандыкты туурайт. Ал кыймылга алданып желенин кожоюну жакындап келе жатканда, portia желенин үстүндө буктурмада күтөт.

Portia жөргөмүштөрү өзүнүн түрдөштөрүн тууроо аркылуу да аларды алдашат. Мисалы, оролгон жалбырактын ичинде жашаган portia жөргөмүшү euryattus жөргөмүшүнүн жупталуу кыймылын туурайт. Portia оролгон жалбырактын үстүнө чыгып euryattus жөргөмүшүнүн эркегин туурай баштайт. Буга алданган ургаачы жөргөмүш уясынан сыртка чыгат.11

Portia ар кайсы жөргөмүштөрдүн сигналдарын кантип туурай алат жана эмне үчүн ушундай өзгөчө аңчылык ыкмасын тандаган? Бир жөргөмүштү «тууроо жөндөмүнө» ээ жана ошол себептен ушундай кызыктуу аңчылык ыкмасын тандаган деп айтуу акылга жатпайт. Жөргөмүш Аллах тарабынан ушундай жаратылганы үчүн тууроо аркылуу аңчылык кылат. Аллах бул мисалдар аркылуу бизге теңдешсиз жаратуу чеберчилигин көрсөтүүдө.

 

Жөргөмүштөрдүн балык кармоо ыкмалары

Кээ бир жөргөмүштөр эч ойго келбеген шарттарда да аңчылык кыла алышат. Мисалы, «dolmedes» аттуу суу жөргөмүшүнүн аңчылык жайы суунун бети. Бул жөргөмүш көбүнчө саздарда же тайыз суу арыктарында кездешет.12

Балыкты кармап алган суу жөргөмүшү

Бул суу жөргөмүшүнүн көздөрү көп курч эмес жана убактысынын көпчүлүк бөлүгүн суунун жээгинде жибек жиптерди иштеп чыгып айланага жайуу менен өткөрөт. Ал жиптер бир учурда эки кызмат аткарат. Бир жагынан башка жөргөмүштөргө аңчылыктын чек арасын белгилеген бир эскертүү катары кызмат кылса, экинчи жагынан күтүүсүз коркунуч туулганда жөргөмүш аны качуу жолу катары колдонот.

Аңчылыкта жөргөмүш эң көп төрт бутун сууга салып, калган төрт буту менен кургак жерди кармануу ыкмасын колдонот. Мында сууга чөгүп кетпөө үчүн өтө пландуу бир ыкманы пайдаланат. Сууга сала турган буттарын тиштеринин арасынан өткөрүп суу өткөргүс бир суюктук менен майлайт. Андан соң аңчылык кылуу үчүн суунун жээгине жакындайт. Бүт денесин этияттык менен төмөн көздөй түртүп суунун үстүнө өзүн таштайт. Суунун бетин толкутпастан тиштери менен тинтүүрлөрүн сууга матырат. Көздөрү менен айланасын, буттары менен суунун толкундарын аңдып, бир жандыктын жакындашын күтөт. Жөргөмүш тойушу үчүн олжосу жок дегенде сүрөттөгү күмүшчабактай (гольян) көлөмдө болушу керек.

Жөргөмүш күмүшчабакка аңчылык кылганда, балык тиштерине 1,5 сантиметр жакындаганга чейин сууда эч кыймылдабай күтөт. Андан соң күтүүсүздөн денеси менен сууга чумкуп, буттары менен балыкты кармап уулуу тиштерин көздөй тартат. Анан салмагы өзүнөн бир топ оор болгон балык аны суунун ичине сүйрөп кетпеши үчүн ошол замат артка кайтат. Уу кыска убакытта таасир берет. Уу олжону өлтүргөндөн тышкары, анын дене кыртыштарын ээритип, жеңил сиңе турган сорпого айлантат. Олжосу өлгөн соң жөргөмүш аны жээкке чыгарып, азыктанат.13

Бул жерде төмөнкүдөй суроолор туулат. Чөккөндөн коргой турган суюктук жөргөмүштө кантип пайда болгон? Сууга чөгүп кетпөө үчүн оозундагы суюктук менен буттарын майлашы керек экенин кайдан билет? Сууга чөктүрбөй турган суюктуктун формуласын жөргөмүш кантип тапкан жана аны кантип иштеп чыккан? Бул жөргөмүштүн аңчылыгынын ар бир баскычынан акыл жышаандарын көрүүгө болот жана булардын баарын, албетте, ал өз эрки менен жасаган эмес. Башка бардык жандыктар сыяктуу, жөргөмүштөрдүн бул түрү да Аллахтын илхамы менен ушундай акылдуу план түзүп, аны ишке ашырууда. Аллах бардык жандыктарга Өзү ырыскы берээрин бир аятында төмөнкүчө кабар берет:

Жер бетинде ырыскысы Аллахка тиешелүү болбогон эч бир жандык жок. Анын жайгашуучу ордун да жана убактылуу турган жерин да билет. (Булардын) Баары апачык бир китепте (жазылуу). (Худ Сүрөсү, 6)

 

Суучул жөргөмүштөрдүн чумкуу ыкмасы

Азия жана Европанын жылуу аймактарында жашаган суучул жөргөмүштөр өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн суунун астында өткөрүшөт. Анткени алар уясын суунун ичине курушат.

Жөргөмүш уя куруу үчүн алгач суу өсүмдүктөрүнүн сабактарынын же жалбырактарынын арасына желелер менен бир платформа жасайт. Ал платформаны жибек жиптер менен айланадагы өсүмдүктөрдүн сабактарына карматат. Ал жиптер жөргөмүшкө үйүнүн жолун көрсөтүүчү белги, платформаны ордунда кармап туруучу боо жана олжонун жакындаганын билдирүүчү радар кызматтарын да аткарат.





Суучул жөргөмүштүн аңчылыгы

Платформа жасалган соң жөргөмүш платформанын астына буттарын жана тулку бойун колдонуп аба көбүкчөлөрүн алып келет. Натыйжада желе жогору көздөй үйлөнөт жана аба көбөйгөн сайын акырындан коңгуроого окшошуп калат. Ал коңгуроо жөргөмүштүн уясы болот.

Жөргөмүш күндүздөрү уянын ичинде күтөт. Жакын жерден кичинекей бир жандык, өзгөчө курт-кумурска же личинка өткөндө, сыртка секирип чыгып аны кармайт жана жеш үчүн уясына алып барат. Суунун бетине чымын-чиркей же курт-кумурска түшкөндө, сууда термелүү пайда болот. Жөргөмүш аны сезип жогору чыгат жана ал жандыкты кармап суунун астына алып кетет. Жөргөмүш суунун бетин желе сыяктуу колдонот. Сууга түшкөн курт-кумурска менен желеге илинген башка курмандыктардын ортосунда айырма болбойт.

Кыш жакындаганда болсо жөргөмүш тоңбош үчүн коргонуу чараларын көрүшү шарт. Ошондуктан кыш жакындаганда суучул жөргөмүш көлмөнүн тереңирээк тарабына ылдыйлайт. Анан кышкы коңгуроо токуп, ичин аба менен толтурат. Кээ бир жөргөмүштөр болсо көлмөнүн түбүндөгү суу үлүлүнүн бош кабыгына жайгашат. Коңгуроонун ичинде эч кыймылдабайт жана кыш бою дээрлик эч энергия коротушпайт. Мунун максаты ашыкча энергия жоготпоо жана кычкылтек муктаждыгын жоюу. Бул чара себептүү уяга алып келинген аба көбүкчөлөрү жөргөмүшкө 4-5 айлык кышка жетет.

Көрүнүп тургандай, суучул жөргөмүштүн чогулткан аба көбүкчөлөрү жана аңчылык ыкмасы ал сууда жашай алышы үчүн эң идеалдуу пландалган. Бир жандык сууда жашоо ыкмасын кокусунан эч качан ойлоп таба албайт. Ал жандыкта эгер сууда жашай турган өзгөчөлүктөр жок болсо, сууга түшөөр замат өлөт, кокустукту же башка бир нерсени күтүүгө убактысы болбойт. Ошондуктан ошондой өзгөчөлүктөрү менен пайда болгону үчүн гана, бир жандык кургактыкта жашоочу жандык болгонуна жана өзгөчөлүктөрү кургактыкка таандык экенине карабастан, сууда кенен жашай алат. Бул бизге суучул жөргөмүштүн бардык өзгөчөлүктөрү жана жөндөмдөрү менен бирге Аллах тарабынан кемчиликсиз кылып жаратылганын көрсөтөт.

Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым (таяндым). Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Албетте, менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). (Худ Сүрөсү, 56)

 

Дөңгөлөк сымал жөргөмүштөр

Түштүк батыш Африкада Намибия чөлүндө жашаган жөргөмүштөрдүн кээ бир түрлөрү коркунуч туулганда буттарын денелерин көздөй тартып, дөңгөлөккө окшошуп алышат. Анан дөңгөлөктөй айланып, тездик менен коркунучтан кача алышат.

Бою 2,5-3 сантиметр болгон бул жөргөмүштөр секундасына 2 метрдей өтө чоң ылдамдыкка жете алышат. Бул ылдамдыкты жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй мисал келтирүүгө болот. Жөргөмүштөрдүн дөңгөлөк формасына айланган денелеринин айлануу саны саатына 40 километр ылдамдыкта бараткан унаанын дөңгөлөктөрүнүн айлануу санына барабар.

Жөргөмүштөрдүн кээ бир түрлөрү, өзгөчө алтын дөңгөлөктүү жөргөмүш деп аталган жөргөмүштөр бул ыкманы душмандарынан качуу үчүн колдонушат. Алардын душманы адатта жырткыч ургаачы жапайы аарылар. Уясын көбүнчө кум дөбөлөрүнүн үстү жагына курган жөргөмүш жапайы аары уясын казып баштаганда сыртка атып чыгат. Алгач ылдамдануу үчүн бир канча кадам таштайт, анан беш муундуу буттарын бүгүп, төмөн көздөй тегеренген дөңгөлөккө окшоп тездик менен качып жөнөйт. Жөргөмүш уясын кум дөбөсүнүн төмөнүрөөк жагына курса, качуу үчүн керектүү ылдамдыкка жете албай, кармалып калат. Ошондуктан жөргөмүш уя куруу үчүн ар дайым дөбөлөрдүн үстү жагын тандайт. Жөргөмүштүн душманына жолуга электе эле уясын дөбөгө куруп, чара көрүшү абдан пландуу иш-аракет. Ага муну илхам кылган, албетте, Аллах. Аллах теңдешсиз жаратуучу жана ар түрдүү жаратууну билүүчү.

Дөңгөлөк сымал жөргөмүштүн жапайы аарыдан качышы
 

Бүркүүчү жөргөмүш

Жөргөмүштөрдүн «scytodes» аттуу түрү олжолорунун үстүнө уу менен жабышчаак зат аралашкан бир суюктукту чачуу аркылуу өлтүрөт. Ал суюктуктар жөргөмүштүн көздөрүнүн артында жайгашкан эки бездин ичинде өз-өзүнчө иштелип чыгып, чогуу бүркүлөт. Scytodes кармаган олжосун бут булчуңдары менен бекем кысат. Ал ортодо жабышчаак уусун тиштеринин арасынан олжосунун үстүнө ары-бери чайпап чачыратат.14 Ошентип курмандыгын бир бутакка же жалбыракка жабыштырган соң олжосун ошол аскан жеринде жейт.

 

Pasilobus жөргөмүшүнүн тузагы

Жаңы Гвинеяда жашаган «pasilobus» жөргөмүшү тузак даярдоонун мыкты чебери. Курган желеси абдан жабышчаак жиптерден турат. Желе бүтүн бойдон эки учунан кыймылсыз нерселерге карматылат. Учтардын бирөөсүндөгү түйүн абдан бекем болот, экинчи учтагы түйүн болсо абдан бош жасалат. Бул бир катачылык эмес, жөргөмүштүн абайлабастыгы да эмес. Мунун бир аңчылык тактикасы экенин желеге бир жандык жакындаганда түшүнүүгө болот. Мисалы, желеге бир жетим көпөлөк тийгенде бош илмек чечилип кетет. Бекем жасалган түйүн үзүлбөгөндүктөн, көпөлөк таңгакка окшоп илинип калат. Андан соң жөргөмүш олжосунун жанына барып, жабышчаак бир зат менен баштан аяк майлайт. Бул тактика аркылуу жөргөмүш олжосун колдон чыгарбай кармайт.


Булактар:

3. Gardner Soul, Strange Things Animals do, G.P.Putnam's Son, New York, 1970

4. Gardner Soul, Strange Things Animals do, G.P.Putnam's Son, New York, 1970

5.The Guinness Encyclopedia of the Living World, Guinnes Publishing, s. 164

6.David Attenborough, The Trials of Life, Princeton University Press, Princeton New Jersey, s.138

7.Liz Bornford, Camuflage and Colour, Boxtree Ltd., London, 1992, s. 108

8.The Guinness Encyclopedia of the Living World, Guinnes Publishing, s. 69-164

9.The Guinness Encyclopedia of the Living World, Guinnes Publishing, s. 164

10. National Geographic, Kasım 1996, Vol. 190, No.5, s.106

11.National Geographic, Kasım 1996, Vol. 190, No.5, s.111

12.The Guinness Encyclopedia of the Living World, Guinnes Publishing, s. 164

13. Görsel Bilim ve Teknik Ansiklopedisi, s.495

14. Hayvanlar Ansiklopedisi, C.B.P.C. Publishing lTd. Phoebus Publishing Company, s. 217

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

БАШ СӨЗ

  Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды акыйкат (хак) менен ...