12 Mayıs 2022 Perşembe

КОРУТУНДУ

 

Алар, Аллахтан башка, өздөрүнө асмандардан жана жерден бир да ырыскы бере албаган, эч нерсеге кожоюндук кылбаган жана колунан эч нерсе келбеген нерселерге сыйынып жатышабы? Аллахка окшошторду издөөгө аракет кылбагыла, анткени Аллах билет, силер болсо билбейсиңер. (Нахл Сүрөсү, 73-74)

 

Эволюция теориясы бир дагы илимий критерийге туура келбеген, бир дагы жарамдуу далили жок, толугу менен спекулянттык көз-караш. Ал тургай, бүт көз-карашын бардык жандыктарды эч качан ишке ашпай турган сансыз кокустуктардын жыйындысынан келип чыккан деген акылга жана илимге сыйбай турган бир пайдубалга таяндырган.

Бирок эволюция бир катар идеологиялык чөйрөлөрдүн элдерди чындыктардан алыстатуу үчүн колдонгон бирден бир чарасы. Ошондуктан эч нерсеге карабастан үзгүлтүксүз пропаганда кылынат. Бирок эволюция теориясы табияттагы жаратылган бардык жандыктардагы сыяктуу, бул китепте каралган жөргөмүштүн алдында да туюкка кабылып, жөргөмүштөрдөгү өзгөчөлүктөрдүн кантип пайда болгонун эч түшүндүрө албайт.

Жөргөмүштүн өзгөчөлүктөрүнүн эволюция аркылуу кантип келип чыгышы мүмкүн экенин ойлоп көргөнүбүздө, эволюция теориясынын канчалык чирик көз-караш экенин жакшыраак түшүнөбүз. Курт-кумурскалардын кандайдыр бир түрүн жөргөмүштүн ата теги болгон деп элестетели. Ал жандыкты азыркы жөргөмүштөрдөй дүлөй жана дээрлик сокур болгон деп кабыл алалы. Анда ал жандык аңчылык кыла албай кыска убакытта ачкадан өлүшү керек болот. Бирок кандайдыр бир себептен, кокустук деп аталган маанисиз бир күчтөн улам ал жандык тирүү калат.

Бир күнү ал дүлөй жана сокур жандыктын акылына аңчылык кылуу үчүн желе куруу керек деген сонун ой келет. Ал желе жашай турган жери да, аңчылык кыла турган идеалдуу тузагы да боло алат. Бирок желе жасоо үчүн ал жандыкка архитектура билими жана эсептөө жөндөмү керек. Шамалдын жана кармай турган олжосунун ылдамдыгын, желеге түшө турган салмактарды, ал салмактардын таралышын, желе жасала турган чөп, жалбырак жана башка нерселердин салмакты көтөрө алуу күчтөрүн жана ушул сыяктуу көптөгөн жагдайларды бир бирден эсептеп чыгышы шарт. Бул жерде «жөргөмүш кантип эсептөөлөрдү жүргүзө алат?» деген суроо туулушу мүмкүн. Бирок муну унутпаш керек: булар эволюциянын негизги логикалары. Жаратылууну, б.а. жандыктардын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын четке кагууну көздөгөн эволюциянын бул сандырак логикалары боюнча, жөргөмүштүн бул эсептөөлөрдү өзү жасагандан башка аргасы жок.

Жөргөмүштүн акылы бар жана желе жасаганды өзү пландаган деп кабыл алсак деле, бул аны өлүмдөн куткара албайт, анткени колунда желе жасай турган материалы жок. Табияттан өзгөчөлүктөрү жагынан буга ылайыктуу материал таба албайт. Ошондуктан желе жасоо үчүн жип иштеп чыгышым керек деген чечимге келет. Бирок кайра эле абдан чоң кыйынчылыкка туш болот: жөргөмүш андай жипти кантип иштеп чыгат?

Анан кокустук деген күч кайрадан кийлигишип, жандыктын денесинде кээ бир өзгөрүүлөр болот жана өзгөчө түзүлүштөгү химиялык суюктукту бөлүп чыгара турган алты без анын куйрук жагында бир заматта эч кемтиксиз пайда болот. Анан ал бездер басымы жана убактысы синхрондолгон бир система менен иштей баштайт. Андан соң кайра эле кокусунан ал бездерден чыккан химиялык суюктуктар белгилүү так өлчөмдөрдө бири-бирине аралашат жана ошентип жөргөмүш жибинин чийки заты пайда болот. Дагы кокусунан ошол учурда пайда болгон арткы буттардагы ийрүүчү илмектер менен ал жиптер ийрилип, жөргөмүш үчүн эң ыңгайлуу жиптер иштелип чыгат. Кокустуктар абдан көп жардам бергендиктен, болоттон беш эсе бекем, резинадан отуз пайыз ийкемдүү бир жип пайда болгон. Ал жиптин адамзат так өзүндөй копиясын жасай албаган татаал молекулалык өзгөчөлүктөрү болсо кичинекей жандык тарабынан долбоорлонгон.

Андан соң жөргөмүш кээ бири жабышчаак жана ийкемдүү, кээ бири катуу жана бекем болгон ар кандай өзгөчөлүктөгү жиптерди колдонуп, желе жасайт. Өтө ийгиликтүү кокустуктан улам жөргөмүштүн буттары жети муундан туруп, желелерде жүрүүгө ыңгайлуу. Өзүнүн желесине жабышып калбашы үчүн буттарын майлай турган зат кайра эле кокусунан буттарында ага чейин эле пайда болгон болот. Кокустуктар муну менен эле бүтпөйт. Дүлөй жана дээрлик сокур болгон жөргөмүштүн денесине желедеги эң акырын термелүүлөрдү да сезе турган өзгөчө түкчөлөр желени токуган күнү эле өсүп чыгат. Жана аягында бул жерде санап бүткүс көптөгөн кокустуктардын берген жөндөмдөрүнүн натыйжасында азыркы биз билген жөргөмүш келип чыгат.

Бул ойдон чыгарылган сценарий дагы эволюция теориясынын канчалык акылга сыйбас гипотеза экенин апачык көрсөтүүдө. Бул жерде бир нерсеге өзгөчө көңүл буруу керек. Эң биринчиден, жөргөмүштөгү өзгөчөлүктөр акырындап эч качан пайда боло албайт. Айтылган жөндөмдөрдүн баары жөргөмүштө бир учурда бар болушу шарт. Желе токууну билген жөргөмүш ошол эле учурда жип дагы иштеп чыга алышы керек. Желе токуганды билип, бирок жип чыгара албаган, же жип чыгарып, бирок желе токуганды билбеген жөргөмүш болушу мүмкүн эмес. Желе токубаган жөргөмүш түрлөрү болсо, секирүүчү жөргөмүштөр сыяктуу, ансыз да эволюцияны миңдеген жолу жокко чыгарган андан да татаал өзгөчөлүктөр менен бирге жаратылган.

Жөргөмүш эң мыкты желелерди токуй алса, бирок желеге төшөлө турган жабышчаак жипти каптаган желим сымал зат болбосо, желе кайра эле ишке жарабайт. Желим сымал зат бар болуп, бирок жабышчаак жиптерге кереметтүү ийкемдүүлүк берүүчү молекулалык касиеттери болбогондо (негизи мындай болушу толугу менен табигый болчу), желе кайра эле эч нерсеге жарабай, жөргөмүш ачкадан өлмөк.

Жип иштеп чыга турган механизмдери бар жөргөмүштүн жеген азыктарында склеропротеин аттуу зат болбосо, жип чыгара албайт. Бул айтылгандарга карабастан, кокусунан желелүү болуп калса, анда ага желенин үстүндө баса ала турган буттар, желеге жабышып калбашы үчүн буттарынын үстүн майлай турган химиялык зат керек болот. Ошондой эле, денесинде желедеги термелүүлөрдү аныктай турган сезүү системасы болушу шарт. Бул өзгөчөлүктөрдүн бирөөсү эле жок болсо, жөргөмүш кыска убакытта өлөт.

Жөргөмүштө да тамак сиңирүү, дем алуу, кан айлануу системалары бар. Бул системалар да башкалар сыяктуу бир учурда пайда болушу шарт. Ашказаны же жүрөгү кем жөргөмүштү элестете албайбыз. Болгондо да, желе иштеп чыгуучу органдар да кошо, бардык органдар пайда болушу үчүн, ал органдардын генетикалык коддору жөргөмүштү түзгөн миллиондогон клетканын ар биринде маалымат катары бар болушу керек. Жаңы бир орган генетикалык коддогу, т.а. ДНКдагы миллиондогон баскычтан турган кошумча маалымат деген мааниге келет. Ал баскычтардын кандайдыр биринин өзгөрүшү жаңы органды толугу менен жараксыз кылып койот. (Тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун Яхьянын «Клеткадагы керемет» аттуу китебин караңыз.)

Көңүл буруу керек болгон дагы бир жагдай – бул, жумурткадан жаңы чыккан бир жөргөмүштүн эч кандай таалим албастан, туулгандан тартып желе токууга керектүү маалыматтарды билиши. Ал маалыматтар менен канчалаган урпактардан бери жаңы туулган ар бир жөргөмүш желе токуй алат. Бала жөргөмүш эч кандай билим албайт, курстарга катышпайт.

Бир инженер-куруучу имарат куруу үчүн керектүү билимди жок дегенде төрт жыл университетте окуп үйрөнөт. Булак катары ага чейин жазылган жүздөгөн илимий китептерди пайдаланат. Эсептөөлөрдү компьютерде жүргүзөт. Ага жол көрсөтүп, эсептөөлөрдү үйрөтүүчү мугалимдери болот. Өзүнүн көлөмүнөн жүздөгөн эсе чоң желени көптөгөн факторлорду эске алып куруу үчүн жок дегенде бир имарат кургандай эсептөөлөрдү жасоо керек. Желени түзгөн жиптердин чыңалуулары, желенин пайдубалынын бекемдиги, геометриялык форманын тууралыгы, шамалга жана олжонун кыймылдарына карата чыдамкайлык жана ийкемдүүлүк, жиптердин химиялык жана физикалык касиеттери жана ушул сыяктуу көптөгөн жагдайларды эсептөө жана долбоорлоо үчүн бир университетти бүтүрүү да жетиштүү болбойт. Бала жөргөмүштөр окуй турган университет да жок. Алар бул дүйнөгө келгенден кыска убакыттан кийин жип иштеп чыгып, желе жасоону жана аңчылык кылууну башташат.

Эволюционист илимпоздор мунун себебин түшүндүрө албай, аргасыздан абдан күлкүмүштүү дагы бир көз-карашты айтышууда. Жаратылууну четке кагууну көздөгөн бул логика боюнча, инстинкт деп аталган белгисиз бир күч жаңы туулган жөргөмүшкө эмне кылуу керек экенин кабар берет.

Инстинкт деген өзү эмне? Жөргөмүштү физика жана химия профессоруна, курулуш инженерине, архитекторго айланткан жана кайдан келгени белгисиз бир түрткүбү? Жөргөмүштүн ичинен, өзүнөн өзү келип чыккан деп айтылган бул түрткүнүн булагы эмне? Жөргөмүштүн түзүлүшүн изилдеп, муну табууга аракет кылалы.

Жөргөмүштүн түзүлүшү бардык жандыктар сыяктуу белоктордон турат. Ал белоктор аминокислоталардан түзүлөт. Аминокислоталар болсо чоң молекулалардын биригишинен пайда болот. Молекулалар атомдордун биригишинен келип чыгат. Жогорудагы суроонун жообун ушул жерден издейли. Адамдар да туурай албаган жиптерди чыгарган, теңдешсиз архитектура жана инженерия чыгармаларын жасаган жөргөмүшкө жол көрсөткөн түрткү «инстинкт» деп аталгыдай жөргөмүштүн ичинин кайсы бөлүгүндө жайгашкан? Анын денесин түзгөн белоктордобу? Белокторду түзгөн аминокислоталардабы? Ал аминокислоталарды түзгөн молекулалардабы? Же молекулаларды түзгөн атомдордобу? Эволюционисттер инстинкт деп кутулууга аракет кылган түрткүнүн булагы булардын кайсынысы?

Албетте, булардын эч бири эмес. Жөргөмүш да бардык жандыктар сыяктуу, ааламдардын Раббисине моюн сунган жана Анын илхамын аткарат.

Жети асман, жер жана алардын арасындагылар Аны тасбих кылат; Аны мактоо менен тасбих кылбаган эч нерсе жок, бирок силер алардын тасбихтерин түшүнө албайсыңар. Күмөнсүз, Ал жумшак, кечиримдүү. (Исра Сүрөсү, 44)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

БАШ СӨЗ

  Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды акыйкат (хак) менен ...