Жер бетинде
ырыскысы Аллахка тиешелүү болбогон эч бир жандык жок... (Худ Сүрөсү, 6)
Жөргөмүш желелери
бекемдик, ийкемдүүлүк сыяктуу касиеттеринен жана колдонуудагы артыкчылыктарынан
тышкары, ошол эле учурда архитектура жана инженерия керемети.
Жөргөмүштүн
желеси салмакты көтөргөн скелет жиптери менен, ал жиптердин бетине орнотулган
спираль формасындагы жабышчаак кармоочу жиптерден жана желенин жиптерин
бири-бирине байланыштырган туташтыруучу жиптерден турат. Спираль формасындагы
жабышчаак жиптер скелет жиптер менен толук бирикпейт. Мындан улам желеге
кармалган жандык андан кутулууга аракет кылган сайын жабышчаак торго ансайын
жабышат. Жандыкка толугу менен жабышкан кармоочу жип барган сайын ийкемдүүлүгүн
жоготуп, катуу жана бекем боло баштайт. Ошентип жандык капканга кысылып, эч
кыймылдай албай калат. Андан соң олжо тирүүлөй таңгакталган даяр азыкка окшоп,
бекем скелет жиптерде жөргөмүштүн келип акыркы соккусун урушун күтүүгө мажбур
болот.
Желенин соккуларды сиңирүү касиети
Жөргөмүш желелери натыйжалуу тузак болушу үчүн, жабышчаак касиетке ээ болушу же ар кандай өзгөчөлүктөгү жиптерден жасалышы жетиштүү болбойт. Мисалы, желе учуп бараткан чымын-чиркейлерди токтото ала тургандай долбоор менен жасалышы керек. Желеге кармалган чымын-чиркейди башкарылуучу ракетага салыштырсак, аны токтотуу эле жетиштүү эмес. Анткени желеге кармалган олжону жөргөмүш келип иликтей алышы жана чага алышы үчүн, ал кыймылдабай турушу шарт. Ракетаны тутуп, кыймылдатпай кармап туруу абдан оор жумуш.
Желенин жиптери абдан бекем жана ошол эле учурда ийкемдүү. Бирок желенин ийкемдүүлүгү ар кайсы аймакта ар кандай деңгээлде болот. Ийкемдүүлүк деңгээли төмөнкү себептерге байланыштуу;
o Эгер
жиптердин ийкемдүүлүгү талап кылынгандан азыраак болгондо, желени сүзгөн
чымын-чиркей катуу жааны сүзгөндөй болуп кайра артка ыргып кетмек.
o Эгер
жиптердин ийкемдүүлүгү талап кылынгандан көбүрөөк болгондо, чымын-чиркей желени
ашыкча созмок жана жабышчаак жиптер бири-бирине жабышып, желе деформация
болмок.
o Жиптин
ийкемдүүлүгү эсептелгенде шамалдын таасири да эске алынган. Ошондуктан шамалда
желе созулганда, кайра мурдакы абалына кайта алат.
o Ийкемдүүлүк
деңгээли желенин карматылган жери жагынан да маанилүү. Мисалы, желе бир чөпкө
карматылса, желенин ийкемдүүлүгү ал чөптүн кыймылынан келип чыккан созулууларды
жойо ала тургандай сыпатта болушу шарт.
Спираль
формасында өрүлгөн кармоочу жиптер бири-бирине абдан жакын жайгашат. Желе бир
аз эле термелсе, ал жиптер бири-бирине жабышып, кармоочу аймакта чоң
кемчиликтер пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан ийкемдүүлүгү жогору, жабышчаак
кармоочу жиптер ийкемдүүлүгү төмөн кургак жиптердин бетине жайгаштырылат.
Ошентип желеде потенциалдуу бошонуп кетүү тешиктеринин пайда болушуна бөгөт
коюлган.
Байкаганыңыздай,
желенин ар бир өзгөчөлүгүндө кереметтүү түзүлүштөр бар. Бардык ыктымалдыктар
эске алынган. Буларды ойлогондо эволюция теориясынын акылга сыйбастыгы дагы бир
жолу далилденет. Кокусунан келип чыккан өзгөрүүлөр аркылуу бир желеде соккуну
сиңирүүчү касиеттерди кантип жасоого болоорун бир жөргөмүшкө үйрөтүү, албетте,
мүмкүн эмес. Жөргөмүштөргө бул жөндөмдү берген, аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди
жасаткан Аллах:
Ал – Аллах, Ал –
жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун
ысымдар Ага таандык. Асмандардагы жана жердегилердин баары Аны тасбих кылат. Ал
– Азиз (Улуу), Хаким (Даанышман). (Хашр Сүрөсү, 24)
Үч өлчөмдүү желелер
Үч өлчөмдүү желе же, башкача айтканда, «аба капкандары» эки өлчөмдүү желелерге караганда татаал түзүлүшкө ээ. Желе бир тегиздик формасында эмес, татаал үч өлчөмдүү түзүлүштө жасалат. Мындай желелердин көрүнүшү жайылган үймөктөргө окшошот. Ошондуктан желени көзөмөлдөө эки өлчөмдүү желелерге караганда оор. Эгер жөргөмүш маани бербеген майда чымын-чиркейлер же мителер желеге илинсе, жөргөмүштүн жумушу ансайын оордойт. Ошондуктан жөргөмүш желе кураарда мындай зыяратчылар болбогон аймакты тандайт.
Мындай желелерди колдонгон жөргөмүштөрдүн бири – кара жесир жөргөмүш. Жогорку архитектуралык техникага ээ болгон жөргөмүш желесинин ичинде механикалык капкан да болот. Ал тузак жыш жана жабышчаак желе аймагын камтыйт. Ал желе топ жерге бошоң жиптер менен байланат. Бир чымын-чиркей желе топко жабышаар замат, жиптер үзүлүп, жерден ажырайт. Жана жөргөмүш белгилүү убакыттан кийин тузакты жогору, үч өлчөмдүү желенин ортосуна тартып, кыймылдай албай калган олжосун өлтүрөт.
Үч өлчөмдүү
желелердеги тузактын планын жана жөргөмүштүн колдонгон ыкмасын кылдаттык менен
изилдөө керек. Анткени желенин долбоорунда акылмандык апачык көрүнүп турат.
Механикалык тузагы болсо да, болбосо да үч өлчөмдүү желелерде олжонун
ылдамдыгын азайтуу үчүн бирдей ыкма колдонулат. Көп сандагы бошоң жиптер план
менен атайын токулат. Чымын-чиркей илингенде ал жиптер бекем болбогондуктан
үзүлөт. Ал ортодо олжонун кыймыл энергиясы ошол жиптерди үзүүгө
коротулгандыктан, анын ылдамдыгы басаңдайт. Андан соң кармоочу жиптер ал
жандыкты бекем кармайт.
Жөргөмүш
кемчиликсиз план менен иштеген мындай желени токууну, албетте, эволюция
процессинин натыйжасында өзү аракет кылып үйрөнө албайт. Жөргөмүштөр да жер
бетиндеги бардык жандыктарга окшоп, Аллахтын буйругуна моюн сунушат. Рахман
жана Рахим Аллах муну бир аятында «...Чындыгында,
асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары – кааласа да, каалабаса да – Ага
моюн сунат жана Ага кайтып барышат» (Али Имран Сүрөсү, 83) деп кабар
берген.
![]() |
| Жөргөмүштүн желесин токуу баскычтары |
Желелердин текшерилиши
![]() |
| Канаттууларга эскертүү зигзагдары |
Желе жайгашкан чөйрөсүнө жараша, токулгандан кыска убакыттан кийин, мисалы 24 сааттан кийин да, чымын-чиркейлерди кармоочу касиетин жоготушу мүмкүн. Ошондуктан желе мезгил-мезгили менен бузулуп, кайра жасалып турат. Жөргөмүш бузган желесинин жибин жеп сиңирет. Сиңирилген жиптеги аминокислоталарды кийинки желени жасаганда колдонот.
Жөргөмүштөрдүн
түрүнө жараша желенин жей турган аймагы жана убактысы да ар кандай болот.
Мисалы, бакча жөргөмүштөрү желенин алкагына тийбестен, бир гана желенин
радиусун жана жабышчаак спиралын жешет.
Тропикалык
аймактагы жөргөмүштөр желелерин күүгүмдө токушат жана таң атканда кайра жешет.
Мелүүн аймактарда болсо жөргөмүштөр желелерин жеп, кайра жаңысын токуу жумушун
түнкүсүн жасашат. Анткени ал аймактарда жашаган түнкү чымын-чиркейлер
тропикалык аймактардагы сыяктуу көп эмес. Ошондуктан желе күндүз кечке токулган
даяр абалда турушу керек.
Олжого жараша желе жасоо
Жөргөмүштөр
торлорун аңчылык кылынган жандыктын көлөмүнө жараша токушат. Мисалы, Түштүк
Америка жөргөмүшү сентябрь айында жаңы уяларды издөөгө чыккан ак кумурскаларды
оңойураак кармоо үчүн көп тордуу желелерди жасайт, ал эми чоң көлөмдөгү
көпөлөктү кармагысы келгенде желесинин торлору чоңойуп, бекемдиги менен
ийкемдүүлүгү андан да жогорулайт.
Мындан тышкары,
желелердин жантайышы аңчылык кылынган жандыктын кыймылына (учуучу, басуучу,
секирүүчү ж.б.) жараша да өзгөртүлөт. Натыйжада желенин зыян көрүү деңгээли
азайат жана кармоо кубаттуулугу да жогорулайт.
Канаттууларга эскертүү жана камуфляж
Жөргөмүштөр
өздөрү үчүн өтө баалуу болгон желелерин көбүнчө обочолонгон жерлерге жасашат. Мындагы
максат жаныбарлардын же табият шарттарынын себебинен желенин бузулушунун алдын
алуу. Желелерин коргоо үчүн жөргөмүштөр абдан кызыктуу
ыкмаларды колдонушат. Алардын эң кызыктууларынын бири Борбордук Америкада
жашаган «argiope» жөргөмүштөрүнүн желелеринде кездешет. Бул
жөргөмүштөр желелерине ачык ак түстөгү зигзаг формасындагы белгилерди коюшат.
Ал белгилер канаттуулар үчүн бир эскертүү жана желенин ичинен өтпөш керек деген
белги берет. Ошондой эле, бул белгилерди жөргөмүш жашынуу үчүн да колдонот.
Жөргөмүш белгилердин артына жашынуу аркылуу олжосунун аны көрүшүнө бөгөт койот.
Жөргөмүш желелерин үлгү алып даярдалган долбоорлор
![]() |
| Мюнхен олимпиадалык стадиону |
Жөргөмүштөр да табиятта үлгү алынган жандыктардын бири. Мисалы, үрпөгөй торгой жөргөмүшү же шүүдүрүм жөргөмүштөрү жасаган желелер кооздугу жагынан да, инженерия жагынан да кереметтүү. Бул жөргөмүштөр желелерин шалбаа чөптөрдүн үстүнө жайылып турган жоолукка окшоштуруп жасашат. Тик өскөн чөптөрдү устун катары колдонуп, желенин жүгүн ошол чөптөрдүн үстүнө бөлүштүрүшөт.
Бул ыкманы
адамдар чоң аянттардын үстүн жабууда үлгү алышкан. Заманбап архитектуралык
эмгектерге мисал катары көрсөтүлгөн Мюнхен олимпиадалык стадиону жана Жидда
аэропортунун терминалы ушул жөргөмүштөрдүн желелери үлгү алынып курулган.
Адамдар үлгүгө
окшоштуруп жасаган бул долбоорду жөргөмүштөр жер бетинде алгач пайда болгондон
бери колдонуп келе жатышат. Албетте, бул долбоордун пайда болушу жана
тажрыйбада колдонууга ыңгайлуу абалга келиши белгилүү деңгээлде инженерия
илимин талап кылат. Бирок жөргөмүштөр курулуш статикасын да, архитектура дизайнын
да билишпейт, мындай билим алышкан эмес. Алар да башка жандыктар сыяктуу, тубаса,
Аллах тарабынан илхам кылынган вахийди угуп иш-аракет жүргүзүшөт. Алардын
жасаган архитектура кереметтеринин бирден бир себеби ушул. Аллах бир аятында
бардык жандыктарды Өзү көзөмөлдөп тураарын төмөнкүчө кабар берет:
Мына Раббиңер Аллах
ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук
кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 102)
![]() |
| Жөргөмүш желелерин үлгү алып жасалган курулуштар |






.jpg)




Hiç yorum yok:
Yorum Gönder