15 Mayıs 2022 Pazar

БАШ СӨЗ

 

Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды акыйкат (хак) менен гана жараттык. Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. (Духан Сүрөсү, 38-39)

 

Кээ бир окурмандар бул китепти көргөндө, китептин темасы «мага көп деле тиешелүү эмес экен» деп ойлошу мүмкүн. Өзүнө өзү «кичинекей бир жандык тууралуу жазылган китептин мага көп деле пайдасы болбойт жана жумуш көп болгону үчүн, мындай китепке бөлө турган убактым да жок» деп айтышы мүмкүн.

Ал кишилерге балким экономикага же саясатка байланыштуу бир китеп же бир роман жагымдуураак жана «пайдалуураак» сезилиши ыктымал. Же башка тармактагы китептерди өзүнө көбүрөөк салым кошот деп ойлошот. Бирок чындыгында колуңуздагы бул китеп аны окуган кишиге ушул кезге чейин окуган көптөгөн китептерден алда канча «пайдалуураак» болуп, ага алда канча көп салым кошот. Анткени бул китеп жөргөмүш деп аталган кичинекей жандыктын өзгөчөлүктөрү тууралуу терең маалыматтарды берүү үчүн жазылган биология китеби эмес. Китептин темасы жөргөмүш болгону менен, анын өзөгүндө абдан маанилүү акыйкат бар.

Бир ачкыч сыяктуу... Ачкыч өз алдынча абдан маанисиз көрүнгөн бир шайман. Аны мурда эч ачкыч көрбөгөн жана ачкыч менен кулпунун байланышын билбеген бир адамга берсеңиз, колундагы нерсени маанисиз жана ишке жараксыз бир темирдей көрөт. Бирок кээде бир ачкыч ал туура келген кулпунун артындагы нерсеге жараша дүйнөдөгү эң баалуу нерселердин бири болушу мүмкүн.

Бул китеп да жөргөмүштү изилдөө максатында эмес, аны бир «ачкыч» катары колдонуу максатында жазылган. Бул ачкыч ачкан кулпунун артындагы акыйкат болсо адамдар үчүн өмүрүндөгү эң улуу акыйкат болуп саналат. Анткени бул акыйкатты бурмалагысы келген адамдардын чыгарган эволюция теориясынын канчалык негизсиз теория экенин көрсөтөт жана адамзаттын эзелтеден бери жооп издеген суроолоруна жооп берет. «Мен киммин? Мен жана мен жашап жаткан аалам кантип пайда болду? Жашоомдун маңызы жана максаты эмне?» деген сыяктуу эң орчундуу суроолордун чыныгы жообу ушул кулпунун артындагы акыйкатта камтылган.

Жооп болсо мындай: адам жана ал жашап жаткан аалам бардык майда-чүйдөсүнө чейин жалгыз Жаратуучу тарабынан жаратылган жана Анын бар экенин жана улуулугун көрсөтүү үчүн турат. Ал Жаратуучу бардык кемчиликтерден аруу, улуу кудуреттүү Аллах. Аллах Куранда билдиргендей, адамдын жаралышынын бирден бир максаты – өзүнүн жана ааламдын жаратылганын түшүнүп, булардын баарынын кожоюну болгон Аллахка ибадат кылуу.

Мындай түшүнүккө жетүү үчүн аракет керек. Аракеттин негизги бөлүгү айлана-чөйрөсүндөгү бардык нерселерге байкоо жүргүзүп, алар тууралуу ойлонууга жана алардагы максаттарды түшүнүүгө арналышы зарыл. Анткени айланадагы бардык нерселер, өзгөчө табияттагы ар бир жандык Аллахтын бар экенин көрсөткөн жана өзгөчөлүктөрүн тааныткан бир «аят», б.а. далил. Аллах адамдарга жол көрсөтүү үчүн түшүргөн ыйык китебибиз Куранда бул «аяттарга» төмөнкүчө көңүл бурат:

Чындыгында асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жердин арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)

Көңүл бурулган болсо, Куранда «аят» катары көп адамдар үчүн көнүмүш болгон табият кубулуштары көрсөтүлгөн. Түн менен күндүздүн кезек менен келиши, кемелердин сууга чөкпөй сүзүшү, жамгырдын топуракты тирилтиши, шамалдар жана булуттар... Бүгүнкү күндө көп адамдар булардын баарын илимий жактан, механикалык логика менен чечмеленген, ошондуктан эч кандай таң калаарлык тарабы жок деп ойлошот. Чындыгында болсо илим болгону материалдык кубулуштарды сүрөттөйт жана эч качан «эмне үчүн» деген суроого жооп бере албайт. Анткен менен, дүйнө жүзүндө өкүмчүлүк кылган динге ишенбеген коом моделинен келип чыккан массалык караңгылык адамдардын бул «аяттар» тууралуу ойлонуусуна жана алардын артындагы өтө терең маанини түшүнүүсүнө бөгөт койот. Куранда табияттагы бул «аяттарды» бир гана «ойлоно алган адамдардын» көрө алаары кабар берилет.

«Ойлоно алган бир коом» үчүн чындыгында табияттын ар бир бөлүгү бир «аят», тагыраак айтканда, акыйкаттын алдындагы эшиктерди ача турган ачкычтар. Табият дээрлик чексиз бөлүккө бөлүнгөндүктөн, эшиктердин жана ачкычтардын саны да дээрлик чексиз негизи. Бирок кээде бир эшикти ачуу да адамды акыйкатка жеткириши мүмкүн. Табияттын ичинен алынган бир бөлүк, мисалы бир өсүмдүк же бир жаныбар жөнүндө ой жүгүртүү адамды бүт ааламдын маанисин түшүнүүгө жакындатышы мүмкүн. Ошондуктан Куранда «Чындыгында Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт» деп айтылат, анткени «ыймандуулар, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет...» (Бакара Сүрөсү, 26)

Кичинекей бир чиркей да, кичинекей бир жөргөмүш да Аллахтын аяты, далили. Чиркейге адамдардын көпчүлүгү маани бербегендей, жөргөмүшкө да маани беришпейт, бирок «ойлоно алган бир коом» бул «аяттардагы» кереметтерди көрө алат. Бул кичинекей жандыктарды «ачкыч» катары кабыл алып, Аллахтын кереметтүү жаратуусун көрүү үчүн ачуу керек болгон кулпуну ача алат.

Жөргөмүштөрдүн саналуу гана адамдар билген таң калаарлык өзгөчөлүктөрүн сүрөттөп, улам сайын «кантип», «эмне үчүн» деген суроолорду узаткан бул китеп мына ушул максатта жазылган. Жана дал ушул максатынан улам, ушул кезге чейин сиз окуган канчалаган китептен маанилүүрөөк. Анткени «ойлоно алган бир коомдон» болуу адамга бүт нерседен керектүүрөөк.

Өзүнөн (бир сый-жакшылык катары) асмандардагы жана жердегилердин баарын силерге моюн сундурду. Күмөнсүз мында ой жүгүртө алган бир коом үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Жасия Сүрөсү, 13)

 

АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ

Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (эч нерсени үлгү албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

КИРИШҮҮ

 

Андан (Аллахтан) башка, эч нерсе жаратпаган, тескерисинче өздөрү жаратылган, өздөрүнө да зыян да, пайда да тийгизе албаган, өлтүрүүгө, жашатууга жана кайрадан тирилтип-жаюуга күчтөрү жетпеген бир топ кудайларды (кудай) тутунуп алышты. (Фуркан Сүрөсү, 3)

 

Дүйнөдө жөргөмүштүн жүздөгөн түрү жашайт. Бул кичинекей жаныбарлардын кээ бирлерин үйүнүн статикалык эсептөөлөрүн жасай алган бир курулуш инженерине, кээ бирлерин эң сонун долбоорлорду жасаган интерьер дизайнерине, кээ бирлерин укмуш күчтүү жана ийкемдүү жиптерди, өлтүрүүчү ууларды жана эриткич кислоталарды иштеп чыккан химикке, кээ бирлерин болсо абдан айлакер тактикалар менен аңчылык кылган мергенчиге салыштырууга болот.

Алардагы канчалаган теңдешсиз өзгөчөлүктөргө карабастан, күнүмдүк жашоодо эч ким жөргөмүштөрдүн канчалык өзгөчө жандыктар экендигин ойлоп да койбойт. Мындай кайдыгер түшүнүк боюнча, айланадагы бардык нерселер сыяктуу, жөргөмүштөрдүн да таң калаарлык бир тарабы жок. Бирок бул абдан туура эмес түшүнүк. Анткени табияттагы бардык жандыктар сыяктуу жөргөмүштөрдүн кыймыл-аракеттерин, мисалы, аңчылык ыкмаларын, көбөйүү жолдорун, коргонуу тактикаларын изилдеп, алар тууралуу тереңирээк маалыматтарды алганда, таң калаарлык мисалдарга күбө болобуз.

Табияттагы бардык жандуулар жашоосун улантуу үчүн акылдуу кыймыл-аракеттерди жасашат. Жөндөмдүүлүк, чеберчилик, теңдешсиз эптүүлүк деген сыяктуу сөздөр менен сыпаттоого боло турган мындай кыймыл-аракеттердин жалпы өзгөчөлүгү, алардын баары сөзсүз түрдө акылды талап кылат. Адамдар үйрөнүү, чеберчилик жана тажрыйба сыяктуу жолдор менен алган жөндөмдөр бул жандыктарда төрөлгөндөн баштап бар. Китептин алдыдагы бөлүмдөрүндө көптөгөн мисалдар менен каралган мындай жөндөмдөрдүн кантип пайда болгону, жандуулардын аларды кантип үйрөнгөнү тууралуу суроолор абдан орчундуу суроолор. Өтө акылдуу план менен иш-аракет жүргүзгөн, эсептөөлөрдү жасап аңчылык кылган, керек учурда химия инженерине окшоп, кайсы учурда кандай затты иштеп чыгуу керек экенин билген бул жандыктар аларды изилдеген илимпоздорду чындап таң калтырышууда. Ошондуктан эволюционист илимпоздор да жандуулардагы акылдуу өзгөчөлүктөр тууралуу моюнга алган сөздөрдү айтышат.

Эволюционист илимпоз болгонуна карабастан, Ричард Докинз «Climbing Mount Improbable» аттуу китебинде жөргөмүштөрдүн кыймыл-аракеттерин «...таң калаарлык жана ошол эле учурда мээни талап кылган жөргөмүш торлорун карап чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз болот. Аң-сезимсиз болгонуна карабастан, кылган иштеринде жана аны кантип жасашында бир мээ колдонулат» деп сүрөттөйт. Негизи Докинз бул сөздөрүнүн жыйынтыгында эволюция теориясынын бир дагы механизми түшүндүрө албаган «жаныбарлардагы аң-сезим жана акылдуу кыймыл-аракеттер кантип пайда болгон, анын булагы эмне» деген сыяктуу суроолорго туш болот. Чындыгында «жандуулар бул мээни кайдан алышат жана аны каерде колдоноорун кантип үйрөнүшөт? Кантип аңчылык тактикаларын колдонушат?» деген сыяктуу суроолор эволюция теориясынын жактоочулары ачык, так жооп бере албаган суроолордон.

Бул жерде эволюционисттердин жандыктардагы аң-сезимдүү жана акылдуу кыймыл-аракеттерди кандай жолдор менен түшүндүрүүгө аракет кылаарын карай кетүү керек. Алгач эволюционисттер колдонгон бир орчундуу терминдин маанисине токтололу.

«Жандыктардын аң-сезимдүү кыймыл-аракеттери кантип пайда болгон» деген суроого жооп издеген эволюционисттер муну «инстинкт» түшүнүгүн колдонуу аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылышат. Бирок алардын бул аракети толугу менен ийгиликсиз. Инстинкт түшүнүгүнүн маанисин тереңирээк караганда бул акыйкатты апачык көрүүгө болот.

Эволюционисттердин ою боюнча, жаныбарлар жан аябастык, план түзүү, тактика колдонуу же жөндөмдүү иштерди жасоо сыяктуу акыл жана аң-сезимди талап кылган кыймыл-аракеттерди инстинкттери аркылуу жасашат. Албетте, эволюционисттердин минтип айтып коюшу жетиштүү эмес. Муну айтканда, мындай кыймыл-аракеттер башында кантип пайда болгон, урпактан урпакка кантип өткөрүлгөн, инстинкт түшүнүгү жандыктарга кантип акыл жана аң-сезим берген деген сыяктуу суроолорго да жооп берүүлөрү шарт. Бирок мындай суроолорго эволюционисттердин бере турган так жообу жок. Буга бир эволюционисттин моюнга алган сөздөрүн мисал келтирүүгө болот. Гордон Рэттрей Тейлор генетика адиси жана эволюционист. Инстинкттер тууралуу мындай дейт:

Инстинкттик жүрүм-турум башында кантип пайда болот жана бир түрдө кантип тукум куучулукка айланат деп сурасак, бул суроого бир дагы жооп ала албайбыз.1

Кээ бир эволюционисттер болсо инстинкт түшүндүрмөсүнөн тышкары, бардык кыймыл-аракеттер жандыктардын гендеринде программаланган дешет. Бирок андай болсо ал программаны ким түзүп, ким аны жандыктарга жүктөгөн деген суроого жооп берүүлөрү шарт. Бирок эволюционисттер бул суроого да жооп бере алышпайт.

Теориянын негиздөөчүсү Чарльз Дарвин бул тууралуу туюкка туш болгонун «инстинкттердин көпчүлүгү ушунчалык таң калаарлык болгондуктан, алардын келип чыгышы окурманга балким теориямды толугу менен четке кагууга жетиштүүдөй көрүнөт»2 деп белгилеген.

Бул жерге чейин айтылгандардан көрүнүп тургандай, инстинкт деген түшүнүк менен жандыктардын аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерин эч качан түшүндүрүүгө болбойт. Албетте, жандыктарды программалаган, аларга кыймыл-аракеттерин үйрөткөн бир күч бар. Бирок ал күч табият деп аталган жаратылыштын ташы топурагы да эмес, баласын өлүмдөн тайманбай коргогон, үйүрүнүн башка мүчөсүн коргоо үчүн артка кайткан, душманын алдоо үчүн тактикаларды колдонгон жандыктардын өздөрү да эмес.

Аларга бул өзгөчөлүктөрдүн баарын берип, аларды акылдуу жана аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди жасай тургандай кылып жараткан күч-кудурет Аллахка тиешелүү. Аллах табиятта жашаган бардык жандыктардагы акылдын сансыз үлгүлөрүнүн жалгыз ээси. Жандыктарга кыймыл-аракеттерин Аллах илхам кылат.

Эч бир жандыктын кыймыл-аракеттерин кокустуктар менен, башка кандайдыр бир механизм менен, же болбосо кызыктуу терминдер менен түшүндүрүүгө болбойт. Мындай ой-пикирлерди айтуу жалган айтуудан башка эч нерсеге жарабайт. Аллах бир аятында муну төмөнкүчө кабар берет:

Айткын: «Силер Аллахтан башка сыйынган шериктериңерди көрдүңөрбү? Мага айткылачы; жерден эмнени жаратышкан? Же алардын асмандарда бир шериги барбы? Же Биз аларга бир китеп берип, алардын мындан (улам) апачык бир далилдери барбы? Жок, зулумдук кылгандар бири-бирине алдамчылыктан башка эч нерсе убада кылышкан жок. (Фатыр Сүрөсү, 40)

Бул китепте сөз кылынган жандык, башкача айтканда, жөргөмүш да кыймыл-аракеттери менен жана денесиндеги кемчиликсиз механизмдери менен эволюция теориясын четке кагууга, тагыраак айтканда, «эволюция теориясын кыйратууга» толугу менен жетиштүү болгон жандыктардын бири. Алдыда жөргөмүштүн өзгөчөлүктөрүнөн Аллахтын сансыз кереметтерин көрүп, ошол эле учурда кокустуктарга таянган эволюционисттик түшүнүктүн кандай абалга туш болгонуна дагы бир жолу күбө болосуз.


Булактар:

1. Gordon Rattray Taylor, The Great Evolution Mystery, Harper and Row Publishers, 1983, s.273 

2.Charles Darwin, Türlerin Kökeni, Onur Yayınları, Beşinci Baskı, Ankara 1996, s.273

ЖӨРГӨМҮШТӨРДҮН АҢЧЫЛЫК ЫКМАЛАРЫ

 

Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды акыйкат (хак) менен гана жараттык. Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. (Духан Сүрөсү, 38-39)


Көп адамдар жөргөмүштөрдү аңчылык үчүн тор жайган жандыктар катары билишет. Бул маалымат жетишсиз, анткени жөргөмүш торлору архитектуранын жана инженериянын керемети жана ошондой эле жөргөмүштөрдүн аңчылык үчүн колдонгон бирден бир ыкмасы эмес. Жөргөмүштөр аңчылыкта желеден тышкары абдан таң калаарлык тактикаларды да колдонушат.

 

Сыйыртмак салып аңчылык кылган жөргөмүш

Жөргөмүш түрлөрүнүн арасында эң кызыктуу аңчылык ыкмаларынын бири «Болас» жөргөмүштөрүндө кездешет. Доктор Герч жөргөмүштөрдү изилдеген адистердин бири жана Болас жөргөмүштөрүнө жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында бул жөргөмүш түрүнүн олжосун сыйыртмак салып кармай тургандыгын байкаган.

Болас жөргөмүшүнүн аңчылыгы эки баскычтан турат. Биринчи баскычта жөргөмүш учу жабышчаак бир жип даярдап буктурмага жашынат. Ал жабышчаак жип сыйыртмак катары колдонулат. Ал ортодо жөргөмүш олжосун өзүнө тартуу үчүн бир өзгөчө химиялык затты бөлүп чыгарат. Ал ургаачы көпөлөктөр эркектерин жупталууга чакыруу үчүн бөлүп чыгарган «феромон» аттуу бир зат. Жасалма чакырыкка алданган эркек көпөлөк жыттын булагын көздөй жөнөйт. Жөргөмүштөрдүн көрүү органы абдан алсыз, бирок көпөлөктүн учуп бараткандагы термелүүлөрдү байкай алышат. Ошентип жөргөмүш олжосунун жакындаганын сезет. Бул жерде Болас жөргөмүшүнүн дээрлик сокур болгонуна карабастан, жипке асылып туруп өзү жасаган бир сыйыртмак менен учуп бараткан бир жандыкты кармай алышы таң калычтуу.

«Strange Things Animals Do» аттуу китепте Болас жөргөмүшүнүн аңчылык ыкмасы ковбойдун сыйыртмагына салыштырылган. Китепте ал мындайча сүрөттөлөт:

Жөргөмүш жибекке окшогон бир кур токуп, анын учуна салмактуу нерсени, оор клей эритмесин жайгаштырат. Анын бул куралы ковбойдун сыйыртмагын эске салат. Андан соң ал сыйырмакты алдыңкы эки жуп бутуна алат жана ал эки бут колдун милдетин аткарат. Көпөлөк учуп келгенде сыйыртмагын салат. Жабышчаак оор тарабын көпөлөктүн дал үстүнө ыргытат жана жабышчаак зат анын үстүнө жабышып, көпөлөк ичине тартылат жана Болас жөргөмүшү аны жогору көздөй оройт...3

Жытка алданган курмандыктын жакындашы менен аңчылыктын экинчи баскычы башталат. Жөргөмүш бутун артка тартып чабуул позициясына өтөт жана күтүүсүздөн адамдын көзү байкабай турган тездик менен сыйыртмагын ыргытат. Көпөлөк жиптин учундагы жабышчаак топко кармалат. Жөргөмүш олжосун жогору тартат жана ошол замат аны чагып шал кылат. Андан соң бөлүп чыгарган атайын жибек жиби менен аны оройт. Ал жибектин өзгөчөлүгү азыкты көпкө чейин жаңы бойдон сактайт. Ошентип жөргөмүш олжосун кийинчерээк жегенге жаңы бойдон сактап койот. Жогоруда айтылган китепте автор Болас жөргөмүшүнүн мындай пландуу иш-аракети тууралуу мындай дейт:

Илимпоздор жөргөмүштү кичинекей бир жаныбар катары көрүшөт. Бирок үйрөтүлгөн деңиз арстаны, ит, жолборс, же болбосо маймыл, ал тургай, бир ковбой да бул кичинекей көрүнгөн жаныбардын кылган ишин жасай албайт.4

Көрүнүп тургандай, Болас жөргөмүштөрүнүн аңчылык ыкмалары күчтүү жөндөмдү талап кылган, ал тургай, машыгып үйрөнүү керек болгон кыймыл-аракеттерден турат. Аларды баскычтары менен бир бирден караганда, жөргөмүштүн кылгандарынын канчалык кыйын экенин жакшыраак түшүнөбүз. Ал үчүн «Болас жөргөмүшү аңчылык кылуу үчүн эмнелерди жасашы керек?» деген суроого жооп берели:

o   жөргөмүш бир жиптин учуна жабышчаак кумалак даярдашы...

o   башка жандыктын эркегин тартуу үчүн ал жандыктын ургаачысы бөлүп чыгарган жытты денесинде иштеп чыгып, бөлүп чыгарышы...

o   олжосуна сыйыртмакты адамдын көзү да байкабай турган ылдамдыкта ыргыта алышы...

o   сыйыртмакты олжосуна тийгизип аны кармашы...

o   аягында олжосун белгилүү убакытка чейин жаңы бойдон сактай ала турган жибек менен таңгакташы шарт.

Болас жөргөмүшү
ушундай жабышчаак топтор
менен олжосун кармайт

Болас жөргөмүшү кантип ушунчалык акылдуу планды ишке ашырат? План түзүү ой жүгүртүү жөндөмү бар жандыктарга, тагыраак айтканда, адамга гана тиешелүү өзгөчөлүк. Ал эми жөргөмүштө болсо буларды ойлоно турган кубаттуулуктагы бир мээ жок. Анда ушунчалык таң калычтуу аңчылык ыкмасын кайдан үйрөнгөн? Бул суроого илимпоздор дагы эле жооп издешүүдө.

Эволюционисттердин ою боюнча, жөргөмүштөрдүн бардык өзгөчөлүктөрү кокусунан пайда болгон. Кокусунан сыйыртмак жасоону чечкен, кокусунан химиялык затты иштеп чыгып, көпөлөктү өзүнө тартышы керек экенин түшүнгөн жана кокусунан сыйыртмакты таамай ыргытуу жөндөмүнө ээ болгон. Сыйыртмак менен аңчылык кылууга керектүү бардык башка өзгөчөлүктөр да кокусунан пайда болгон. Мындай кокустуктарга таянган көз-караштардын бир сценарийден гана тураары, илимий жана логикалык эч бир таянычынын жок экени анык. Эволюционисттердин сценарийлеринин илимден канчалык алыс экенин жакшыраак түшүнүү үчүн биз дагы эч ыктымалсыз бир сценарий түзөлү:

Сценарий: көп жылдар мурун башка жөргөмүштөргө окшоп, желе жасай албаганын түшүнгөн бир жөргөмүш айланасына жакшылап байкоо жүргүзө баштайт. Бир күнү ургаачы көпөлөктөрдүн бир химиялык зат аркылуу эркектерин кантип өздөрүнө тартаарын байкайт. Көпөлөктөрдү кармоо үчүн ушул затты иштеп чыгышым керек деп ойлонот жана денесинде өз алдынча химия лабораториясын куруп, ал затты иштеп чыгат. Бирок маселе дагы деле чечилбейт. Анткени эркек көпөлөктөрдү кармай алмайынча, аларды өзүнө тартышынан эч кандай майнап чыкпайт. Ошол учурда акылына дагы бир ой келет жана иштеп чыккан жибинен союл-сыйыртмак аралаш бир курал жасайт.

Бирок ал куралды жасап коюу эле жетиштүү болбойт. Олжосу алгачкы жолу жакындаганда, торун ага тийгизе албаса, эмгегинин баары текке кетет, ал тургай, ачкадан өлөт. Бирок андай болбойт жана олжосун кармайт, ошентип аягында эң мыкты аңчылык ыкмасын «тапкан болот». Андан соң бул ыкманы эч нерсесин унутпай, толугу менен башка жөргөмүштөргө да үйрөтүшү керек экенин ойлонот жана кийинки келе турган урпактарга да бул маалыматтарды өткөрүп берүүнүн бир жолун ойлоп табат.

Көрүнүп тургандай, булар апачык бир сценарийдин бөлүктөрү. Бирок сценарийди жазып коюу эле жетиштүү эмес. Андан тышкары, ойлоп чыгарылган сценарийди ишке ашыруу керек. Ал үчүн кайра эле токулган сценарийдин ичиндеги ар кандай альтернативаларды да карап көрөлү.

Биринчи ойлоп чыгарылган альтернатива: эволюционисттер бир күч катары көргөн «табият эне», башкача айтканда, дарак, гүл, асман, суу, жамгыр, күн сыяктуу табияттагы бардык күчтөр биргелешип, өздөрүнө кемчиликсиз иштеген бир системаны курушкан. Ал системанын ичинде Болас жөргөмүшүн да унутпай, ага мыкты аңчылык ыкмасын тартуу кылышкан!

Экинчи ойлоп чыгарылган альтернатива: эволюционисттер дагы бир күч катары көргөн сокур кокустуктар бардык аңчылар менен бирге, Болас жөргөмүшүнө да жардам берип, жогорудагы өзгөчөлүктөрдү тартуулашкан.

Албетте, булар дагы ойдон чыгарылган сценарийлер гана. Мындай кыялдануу күчү болсо эволюционист илимпоздорго таандык. Суроонун чыныгы жообуна өтөөрдөн мурда бул сценарийлердин канчалык логикасыз жана жараксыз экенин карайлы:

o   Болас жөргөмүшүнүн химия инженери эместиги анык! Бир жөргөмүш көпөлөктүн бөлүп чыгарган заттарын изилдеп, алардын химиялык анализин жасап, андан соң ал затты өзүнүн денесинде пландуу түрдө иштеп чыгара албайт. Мындай ойду айтуу акылга, логикага жана илимге толугу менен каршы чыгуу дегенди билдирет.

o   көпөлөк бөлүп чыгарган химиялык затты жөргөмүш аңчылыктан башка эч жерде колдонбойт. Жөргөмүштө мындай секреция бездери кокусунан пайда болгон күндө да, көпөлөк чыгарган секреция менен өзүнүн секрециясынын ортосундагы окшоштуктарды билип, ал окшоштукту анализдеп өзүнүн пайдасына колдонууга акылы жетиши керек.

o   жөргөмүш көпөлөк иштеп чыккан заттын өзгөчөлүктөрүн кандайдыр бир жол менен «түшүнүп», аларды өзүнүн пайдасына колдонууга «акылы жетти» деген күндө да, эми керектүү затты иштеп чыгуу үчүн денесинде өзгөрүүлөр жасалышы шарт. Эч бир жандык өз каалоосу менен денесине бир органды же химиялык затты иштеп чыгуучу бир системаны кошо албайт. Бир жөргөмүштүн колунан мындай нерсе келиши мүмкүн деп айтуу мындай турсун, ойлонуп коюу дагы логиканын чегинен толугу менен чыгып кетүүгө барабар.

Канчалык ыктымалсыз болсо да, айтылган өзгөчөлүктөрдүн баары жөргөмүштө кокусунан пайда болду деп элестетели. Эми жөргөмүш көпөлөктү кармай турган сыйыртмакты жасаганга «акылы жетип», сыйыртмактын «долбоорун түзгөн» соң, сыйыртмактын жибин өз каалоосу менен иштеп чыгышы шарт.

Көрүнүп тургандай, Болас жөргөмүшүнүн өзгөчөлүктөрүн тереңирээк караганда, пайдубалы кокустуктарга таянган эволюция теориясынын канчалык күлкүмүштүү көз-караш экенин жакшыраак түшүнөбүз. Кокустуктардын бир жөргөмүшкө жогоруда айтылган өзгөчөлүктөрдү, башкача айтканда, акыл жүгүртүү, пландоо жана долбоорлоо жөндөмдөрүн бере албай тургандыгы жана жөргөмүштө булардын баарынын акырындап, өзүнөн-өзү пайда болбой тургандыгы анык. Муну түшүнүү үчүн көпкө чейин ойлонуп, изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн кереги жок. Бир аз акылыбызды колдонуп, ой жүгүртүү бул апачык чындыкты түшүнүүгө жетиштүү.

Жыйынтыктасак, эволюционисттердин сценарийлеринин жараксыздыгы анык. Демек бир гана акыйкат бар: булардын баары пландалып жаратылышы шарт. Аллах бардык жандыктарды, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, чымын-чиркей, курт-кумурскаларды жараткан. Аллахтын кудурети, илими, акылы жана даанышмандыгы улуу:

Асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Рабби, улуу жана кудуреттүү, кечиримдүү. (Сад Сүрөсү, 66)

 

Чөлдө жашай алуу үчүн эшик тузагы

Эшик тузактуу жөргөмүш олжосун кармоо үчүн
алдыңкы буттарын гана сыртка чыгарат

Чөлдүн климаты көптөгөн жандыктар үчүн өлүмгө алып келе тургандай ысык. Бирок кээ бир жандыктар ошондой ысык чөлдө жашай ала турган жөндөмдөргө ээ. Аңчылык ыкмалары, дене түзүлүштөрү жана кыймыл-аракеттери чөл шарттарында ыңгайлуу жашоолоруна мүмкүнчүлүк берет. Бул китептин темасы болгон жөргөмүштөрдүн бир түрү да чөлдө жашоого керектүү өзгөчөлүктөргө ээ. «Эшик тузактуу жөргөмүш» деп аталган бул жандык чөлдүн бетине курган, ысыктан тоскон уясында бир жагынан ысыктан коргонсо, экинчи жагынан уяны олжосун кармоо үчүн бир тузак катары пайдаланат.5

Жөргөмүш алгач жерди казып, бир чуңкур жасайт. Атайын бир суюктук бөлүп чыгарып, майда топурактарды бириктирет да, жасаган туннелинин ичин шыбайт. Бул уянын дубалдарын бекемдеп, бузулуулардан коргойт. Андан соң жибек иштеп чыгып, аны менен уянын ичин каптайт. Бул шыбак ыкмасы азыркы имараттарда колдонулган жылуулук изоляциялоо ыкмаларына окшош. Ошентип уянын ичи чөлдүн ысыгынан корголот.

Уянын экинчи касиетинин тузак экенин жогоруда белгиледик. Жөргөмүш бөлүп чыгарган жибеги менен уянын босогосуна бир каалга жасайт. Ал каалганын бир бурчу бекем жибек ашык-машык менен уяга карматылгандыктан, кадимки эшик сыяктуу кызмат кылат. Ошондой эле, жөргөмүш ал эшикти колдонуп олжолорунан жашынат. Жөргөмүш жибек эшиктин үстүн чөп-чар жана топурак менен жашырат. Андан соң уянын сыртынан ичин көздөй жалбырактардын астынан жиптерди керип тартат. Чымын-чиркей же курт-кумурска уяга жакындап жалбырактарды же топуракты басканда, топурактын астындагы жипчелерди кыймылдатат. Жипчелердин кыймылынан уянын ичиндеги жөргөмүш олжосунун жакындаганын сезет. Системаны куруп бүткөн соң жөргөмүш уясына кирип олжосун күтө баштайт.6

Эшик тузактуу жөргөмүштөр курган уясында 10 жылдай жашай алышат. Бүт өмүрүн ошол караңгы туннельде өткөрүп, сыртка дээрлик эч качан чыкпайт. Олжосун кармоо үчүн эшикти ачкан кезде да арткы буттарын уядан чыгарбайт. Эгер уянын эшиги бир чырпык менен ачылып калса, жөргөмүш уянын босогосуна келип, эшикти жабуу үчүн болгон аракетин жумшайт. Ургаачылар уясынан эч чыкпайт, эркек жөргөмүштөр болсо түгөй издөө үчүн гана уяларынан чыгышат. Ургаачы жөргөмүштөр төлдөө учурунда уянын оозун жибек менен абдан бекем жабышат. Эне жөргөмүштүн мындайда бир жыл бою эч сыртка чыкпай уяда тура алаары байкалган.

Эшик тузактуу жөргөмүш түнкүсүн аңчылык кылып, күндүз уясынын эшигин бекем жабат. Караңгы кире баштаганда эшикти ачып, күүгүм түшүп түшпөгөнүн текшерет. Эгер түн кирген болсо, эшикти ачып, алдыңкы буттарын сыртка узатат. Мындай позицияда бир канча саат бою күтө алат. Жөргөмүш өзгөчө кумурскалар жакындаар замат чагылгандай тездик менен алардын үстүнө секирип, аларды уясындагы туннельди көздөй сүйрөйт. Эшик өзүнүн салмагы менен жабылат.


Эшик тузактуу жөргөмүштөрдүн уясынын босогосу

Чындыгында бул нерселерди жасоо үчүн үйрөнүү, өндүрүш жөндөмү сыяктуу мээни талап кылган кээ бир жөндөмдөр керек. Жөргөмүш ысыктан коргоочу изоляцияны, кумдун ичине жашынуу ыкмасын «кокусунан» же өз алдынча аракет кылып, жасап көрүү аркылуу үйрөнө албайт. Жөргөмүш туннелин жасап баштай электе эле анын ичин ысыктан коргой турган бир жибек менен изоляциялап, ошол эле жибек менен уяга бир эшик жасаарын, душмандарынан жашынып аңчылык кылуу үчүн анын теңдешсиз тузак болоорун, балдарын жибек менен капталган уяда коопсуз тууй алаарын «билет». Антпесе, биринчи пайда болгон эшик тузактуу жөргөмүш чөл шарттарында же ысыктан, же болбосо ачкадан өлөт. Бул анын тукум курут болушу дегенди билдирет.

Ошондой эле, жаңы туулган жөргөмүштөрдүн баары дал ушундай кыймыл-аракеттерди жасайт. Дал ушундай уя куруп, дал ушундай азыктанат. Ошондуктан алгачкы жөргөмүштүн мындай таң калаарлык өзгөчөлүктөргө ээ болушу эле жетиштүү болбойт, ал маалыматтарды келечек урпактарына да өткөрүшү керек болот. Мунун бир гана жолу бар: ал маалыматтар жөргөмүштүн гендерине жайгаштырылышы шарт. Бул маалыматтарды окуган соң кайра эле бири-бирине байланыштуу суроолор пайда болот. Эшик тузактуу жөргөмүш мындай өзгөчөлүктөрдү кайдан алган жана бул маалыматтарды анын гендерине ким жайгаштырган?..

Эволюция теориясынын жактоочулары инстинкт, ойдон чыгарылган механизмдер, кокустуктар, табият эне сыяктуу түшүнүктөр менен чечмелөөгө аракет кылган мындай кыймыл-аракеттердин, план түзүү жөндөмүнүн, тактика табуу жана аны ишке ашыруу сыяктуу өзгөчөлүктөрдүн, кемчиликсиз дене долбоорунун чындыгында бир гана түшүндүрмөсү бар. Бул жандыктар бүт баарын билген, бир улуу кудурет тарабынан жаратылган. Бүт жандыктарга аларга таандык жөндөмдөрдү берген, башкача айтканда, аларды бардык өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан Аллах. Аллах теңдешсиз илимге ээ.

 

Алдамчылыкка чебер жөргөмүш

Жөргөмүштүн түсү менен гүлдүн түсү опокшош.
Бул эки организмди бири-бирине шайкеш кылып,
 окшош түстө жараткан Аллах.

Биз ойлогондон тескерисинче, жөргөмүштөрдүн көп түрү желе жасабай аңчылык кылат. Олжосун желесиз кармаган жөргөмүш түрлөрүнүн бири «misumenoides formosipes» деп аталат. Бул жөргөмүштөр гүлдөрдүн арасына жашынып, гүлгө конгон аарыларды кармап азыктанышат.7

Misumenoides formosipes түсүн өзгөртүү жөндөмүн колдонуп, гүлдүн сары же ак түстөрүнө окшошо алат. Буттарын болсо гүлдүн ортосуна эң мыкты жашырып, олжосун күтө баштайт.8 Жөргөмүштүн түсү менен гүлдүн түсү абдан эле окшош. Жөргөмүштү гүлдөн айырмалай алуу үчүн абдан кунт коюп караш керек болот.

Жөргөмүш буктурмада жаткан гүлгө конгон аары бир аздан соң гүлдүн ичиндеги ширени сорууга киришет. Бирок дал ошол учурда жөргөмүш аарыны узун буттары менен акырын оройт, анан тездик менен аарыны башынан чагып, уусун аарынын мээсине куят, андан соң олжосун жейт. Жөргөмүш гүлдүн бетине абдан чебердик менен жашынгандыктан, кээде бир көпөлөк же аары эч байкабай жөргөмүштүн үстүнө да конуп алат.

Жөргөмүш бул түстөрдү өзү тандаганбы? Гүлдүн түзүлүшүн изилдеп, окшош түстөрдү, өңдөрдү өзүнө копиялап алганбы? Жөргөмүштүн мындай жөндөмүнүн жок экени анык. Бир канча нерв түйүнүнөн тышкары, ойлоно турган мээси да жок. Ал тургай, жөргөмүш түс сокуру (дальтоник), тагыраак айтканда, жөргөмүш сарыны да, кызгылтты да көрө албайт. Көрө алат деп элестеткен күндө да, көргөн түсү менен өзүнүн түсүн толугу менен өз алдынча окшоштуруп, денесинде ага керектүү системаларды иштеп чыгышы мүмкүн эмес. Жөргөмүшкө түстөрдү айырмалатып, иштеп чыгарткан улуу кудуреттүү Аллах.

Гүл менен жөргөмүштүн бири-бирине шайкеш кылып, окшош түстө жаратылганы айдан ачык. Бир эле бойоктор жана бир кыл калем (кисть) менен тартылган сүрөттөгү эки башка фигурага окшоп, түстөрүнүн бирдей болушун «кокустук» деген жомок менен эч качан түшүндүрүүгө болбойт.



Жөргөмүштөрдүн камуфляжынан мисалдар
 

Тепкичтүү желе куруп аңчылык кылуу

Жөргөмүш желелери көптөгөн жандыктар үчүн сөзсүз өлүм менен жыйынтыкталуучу тузактар болуп эсептелет. Бирок бул тузактан өтө ала турган жандыктар да бар. Мисалы, кадимки жөргөмүш желеси жетим көпөлөктү кармай албайт. Анткени жетим көпөлөктүн денесин каптаган чаңдар желенин жабышчаак бөлүгүнөн коргойт. Бул өзгөчөлүгүнөн улам желеден оңой гана кутулат.

Бирок жетим көпөлөктөр кадимки желелерден башкача түзүлүштөгү кээ бир желелерден чыга алышпайт. Тропикалык аймактарда жашаган «scoloderus» аттуу жөргөмүштүн желеси түзүлүшү жагынан башкалардан айырмаланып, чымын кагазына окшош. Мындан улам scoloderus жетим көпөлөктү оңой эле кармайт. Scoloderus түрүнө таандык жөргөмүштөр узундугу бир метр, туурасы 15-20 см болгон, тепкич формасындагы желелерди жасашат. Жетим көпөлөктөр бул узун желелерге кармалып, төмөн көздөй кулашат. Көпкө созулган кулоо учурунда жабышчаак желеге илинишине бөгөт болгон кабырчыктардын дээрлик баарынан ажырап, аягында жөргөмүштүн тузагына кармалышат.

Көрүнүп тургандай, жөргөмүштөрдүн бул түрүнүн аңчылык кылуу ыкмасы да башкалардан өзгөчө. Бул түргө таандык жөргөмүштүн жасаган желесинин аңчылык кылган жандыгын кармай ала турган өзгөчөлүктө болушу таң калаарлык. Желесинин түзүлүшү башкалардан өзгөчөлөнгөн бул жөргөмүш түрү да Аллахтын жаратуу чеберчилигинин чексиздигин көрсөткөн далилдердин бири.

 

Желе ыргытуучу жөргөмүш: динопис

Желмогуз түспөлдүү жөргөмүштүн же илимий аты менен айтканда «динопистин» абдан өзгөчө жана таң калаарлык аңчылык жөндөмү бар. Бул жөргөмүш бир жерге желе куруп олжосун күтүүнүн ордуна, кичинекей бирок түзүлүшү абдан өзгөчө болгон бир тор жасап, аны олжосунун үстүнө ыргытат.9 Андан соң олжосун ал тор менен жакшылап оройт. Кармалган жандык эч нерсе кыла албайт. Тор абдан мыкты тузак болгондуктан, ага түшкөн жандык тыбыраган сайын торго көбүрөөк чырмалат. Андан соң жөргөмүш азыгын сактоо үчүн олжосунун үстүн жаңы жиптер менен жаап, аны кандайдыр бир мааниде «таңгактайт».

Көрүнүп тургандай, жөргөмүш олжосун белгилүү бир пландын негизинде кармайт. Бул аңчылык ыкмасына ылайыктуу тордун долбоорун түзүү (көлөмү, формасы, чыдамкайлыгы ж.б.), ал долбоорду өндүрүшкө киргизүү, андан кийинки өзгөчөлүктөрдү долбоорлоо, мисалы, торду олжону орой тургандай кылып пландоо сыяктуу процесстер сөзсүз түрдө мээни талап кылат. Ошондой эле, жөргөмүш жасаган тордун түзүлүшүн изилдегенде, абдан кемчиликсиз түзүлүштү көрөбүз.

Динопистин тору чыныгы мааниде кереметтүү долбоор. Колдонулган жиптин химиялык түзүлүшү эле өзүнчө бир керемет. Жөргөмүштүн торду колдонуу ыкмасы да абдан кызыктуу. Жөргөмүш олжосун күтүп жатканда, тордун көрүнүшү таякчалардан жасалган тар капаска окшошот. Бирок ал зыянсыз көрүнүш чындыгында башкаларды жаңылтат. Жөргөмүш олжосун кармоо үчүн аракетин баштаганда, торду буттары менен сыртты көздөй керет жана натыйжада качып кутула албай турган өлүм тузагы келип чыгат.

Механикалык долбоору жагынан да, химиялык түзүлүшү жагынан да ушунчалык кемчиликсиз торду жөргөмүш кантип жасай алган? Долбоор менен жасала турган иштерди, канчалык жөнөкөй болсо да, жасоо оңой эмес. Ар бир жумуш үчүн өзүнчө план жана тажрыйба талап кылынат. Буга төмөнкүдөй мисал келтирсек болот. Жөргөмүштөрдүн өргөн желелери сүрөттөлгөндө көбүнчө «сайма (кеште) сыяктуу» деген сөз колдонулат. Ошондуктан жөргөмүштөрдү желелери менен сайма сайышат деп айтууга болот.

Бир адамдын колуна сайма сайууга керектүү шаймандардын бири (илме шибеге, ийне сыяктуу) жана сайма сайылуучу жип берилди дейли. Эч кандай тажрыйбасы жок ал кишиден биринчи аракетте эле кооз саймаларды күтүүгө болобу? Же туш келди түйүндөрдөн бир сайма келип чыгышы мүмкүн деп ойлоого болобу? Албетте жок.

Бул акыйкатка жетүү үчүн колдонулган өтө жөнөкөй бир логика, жана ал апачык акыйкатты көрсөтүүдө. Бир долбоор (дизайн) өзүнөн-өзү пайда боло албайт, анткени бир долбоор пайда болушу үчүн акыл, жөндөм жана маалымат керек. Эгер бир жандык акылдуу долбоорлорду жасап, ал тургай, ал долбоорду кемчиликсиз өндүрүшкө айландырып жатса, ал жандык «акылдуу» дегенди билдирет. Бирок бир чымын-чиркей же курт-кумурсканы акылы бар, ойлоно алат, долбоор түзө алат деп ойлоо мүмкүн эмес. Демек ал жандыкка акыл берген, башкача айтканда, аны башкарып, жасай турган жумуштарын ага үйрөткөн бир күч бар. Ал күч ал жандыкты жараткан Аллахтын теңдешсиз кудурети.

Жөргөмүш мисалынан да көрүнүп тургандай, бардык жандыктарды Аллахтын жаратканы апачык чындык. Бирок эволюционисттер бул акыйкатты көрмөксөн болуп, ыктымалдыктарга таянышат. Эволюция теориясына сокурдук менен ишенүү аларды түшүнбөс, көрбөс, укпас кылып койгон. Апачык чындыкты да көрбөй же көрүп жана түшүнүп туруп кабыл албай турган даражага келип калышкан.

Динопистин аңчылыгынын баскычтары:
Жипке асылып олжосун күтөт, ылдый жагынан өтүп бараткан олжону
баса калып жип менен оройт

Эволюционисттердин ою боюнча, динопис жогоруда өзгөчөлүктөрү сүрөттөлгөн торду кокусунан токуп, кокусунан аны кандайча колдонууга болоорун түшүнгөн. Мындай нерсенин эч качан болбой тургандыгын акылы бар ар бир адам оңой эле түшүнөт. Бирок эч ыктымалсыз болсо да, бул ишке ашып, кокусунан пайда болгон алгачкы динопис кандайдыр бир жол менен торун токуй алды деп элестетели. (Бул жерде динопис кантип пайда болгон, торду токууга керектүү химиялык заттар денесинде кантип келип чыккан деген сыяктуу суроолорду да эске алган жокпуз.) Анда төмөнкү суроолорго жооп берүү керек: кокусунан токулган биринчи желеден кийин экинчи, үчүнчү желелер кантип токулган? Жөргөмүш кокусунан токуган желесин кайра кайра башынан кантип жасаган? Жаңы туулган ар бир жөргөмүш саймадай желе токууну, болгондо да башкалардан өзгөчө желе токуп, аны олжосунун үстүнө ыргытуу керек экенин кайдан билчү?

Бул суроолордун бир гана жообу бар. Үйрөнүү, жаттоо сыяктуу жөндөмдөрү, ал тургай, муну жасай ала тургандай татаал мээ системасы жок жөргөмүшкө бул өзгөчөлүктөрдү бүт жандыктарды жараткан чексиз кудуреттүү Аллах берген.

 

Амалкөйлүктүн адиси «portia» жөргөмүшү

Portia Fimbriata жөргөмүшү башка көптөгөн жөргөмүштөн айырмаланып, желе жасоо аркылуу да, желесинен алыс жактарга чыгуу аркылуу да аңчылык кылат. Анын дагы бир өзгөчөлүгү чымын-чиркей, курт-кумурскаларды эмес, өзүнүн түрдөштөрүн азык катары көрөт. Ошондуктан бул жөргөмүштүн тор талаасы көбүнчө башка жөргөмүштөрдүн желелери болуп эсептелет. Ал үчүн абдан кызыктуу бир тактика колдонот.10

Көбүнчө шамал болуп жатканда же бир жандык тордон кутулууга аракет кылып жатканда portia желенин үстүнө жайгашат. Анткени желе кыймылдап жатканда сездирбестен желеге тымызын жайгаша алат. Сыртынан караганда желеге илинип калган чырпыкка окшошот. Олжосун көргөндө шашылыш түрдө секирген башка жөргөмүштөрдөн айырмаланып, portia абдан жай басат. Желеге жайгашкан соң тузакка түшкөн чымын-чиркейге окшоп буттарын акырын кыймылдатып, торго түшкөн жандыкты туурайт. Ал кыймылга алданып желенин кожоюну жакындап келе жатканда, portia желенин үстүндө буктурмада күтөт.

Portia жөргөмүштөрү өзүнүн түрдөштөрүн тууроо аркылуу да аларды алдашат. Мисалы, оролгон жалбырактын ичинде жашаган portia жөргөмүшү euryattus жөргөмүшүнүн жупталуу кыймылын туурайт. Portia оролгон жалбырактын үстүнө чыгып euryattus жөргөмүшүнүн эркегин туурай баштайт. Буга алданган ургаачы жөргөмүш уясынан сыртка чыгат.11

Portia ар кайсы жөргөмүштөрдүн сигналдарын кантип туурай алат жана эмне үчүн ушундай өзгөчө аңчылык ыкмасын тандаган? Бир жөргөмүштү «тууроо жөндөмүнө» ээ жана ошол себептен ушундай кызыктуу аңчылык ыкмасын тандаган деп айтуу акылга жатпайт. Жөргөмүш Аллах тарабынан ушундай жаратылганы үчүн тууроо аркылуу аңчылык кылат. Аллах бул мисалдар аркылуу бизге теңдешсиз жаратуу чеберчилигин көрсөтүүдө.

 

Жөргөмүштөрдүн балык кармоо ыкмалары

Кээ бир жөргөмүштөр эч ойго келбеген шарттарда да аңчылык кыла алышат. Мисалы, «dolmedes» аттуу суу жөргөмүшүнүн аңчылык жайы суунун бети. Бул жөргөмүш көбүнчө саздарда же тайыз суу арыктарында кездешет.12

Балыкты кармап алган суу жөргөмүшү

Бул суу жөргөмүшүнүн көздөрү көп курч эмес жана убактысынын көпчүлүк бөлүгүн суунун жээгинде жибек жиптерди иштеп чыгып айланага жайуу менен өткөрөт. Ал жиптер бир учурда эки кызмат аткарат. Бир жагынан башка жөргөмүштөргө аңчылыктын чек арасын белгилеген бир эскертүү катары кызмат кылса, экинчи жагынан күтүүсүз коркунуч туулганда жөргөмүш аны качуу жолу катары колдонот.

Аңчылыкта жөргөмүш эң көп төрт бутун сууга салып, калган төрт буту менен кургак жерди кармануу ыкмасын колдонот. Мында сууга чөгүп кетпөө үчүн өтө пландуу бир ыкманы пайдаланат. Сууга сала турган буттарын тиштеринин арасынан өткөрүп суу өткөргүс бир суюктук менен майлайт. Андан соң аңчылык кылуу үчүн суунун жээгине жакындайт. Бүт денесин этияттык менен төмөн көздөй түртүп суунун үстүнө өзүн таштайт. Суунун бетин толкутпастан тиштери менен тинтүүрлөрүн сууга матырат. Көздөрү менен айланасын, буттары менен суунун толкундарын аңдып, бир жандыктын жакындашын күтөт. Жөргөмүш тойушу үчүн олжосу жок дегенде сүрөттөгү күмүшчабактай (гольян) көлөмдө болушу керек.

Жөргөмүш күмүшчабакка аңчылык кылганда, балык тиштерине 1,5 сантиметр жакындаганга чейин сууда эч кыймылдабай күтөт. Андан соң күтүүсүздөн денеси менен сууга чумкуп, буттары менен балыкты кармап уулуу тиштерин көздөй тартат. Анан салмагы өзүнөн бир топ оор болгон балык аны суунун ичине сүйрөп кетпеши үчүн ошол замат артка кайтат. Уу кыска убакытта таасир берет. Уу олжону өлтүргөндөн тышкары, анын дене кыртыштарын ээритип, жеңил сиңе турган сорпого айлантат. Олжосу өлгөн соң жөргөмүш аны жээкке чыгарып, азыктанат.13

Бул жерде төмөнкүдөй суроолор туулат. Чөккөндөн коргой турган суюктук жөргөмүштө кантип пайда болгон? Сууга чөгүп кетпөө үчүн оозундагы суюктук менен буттарын майлашы керек экенин кайдан билет? Сууга чөктүрбөй турган суюктуктун формуласын жөргөмүш кантип тапкан жана аны кантип иштеп чыккан? Бул жөргөмүштүн аңчылыгынын ар бир баскычынан акыл жышаандарын көрүүгө болот жана булардын баарын, албетте, ал өз эрки менен жасаган эмес. Башка бардык жандыктар сыяктуу, жөргөмүштөрдүн бул түрү да Аллахтын илхамы менен ушундай акылдуу план түзүп, аны ишке ашырууда. Аллах бардык жандыктарга Өзү ырыскы берээрин бир аятында төмөнкүчө кабар берет:

Жер бетинде ырыскысы Аллахка тиешелүү болбогон эч бир жандык жок. Анын жайгашуучу ордун да жана убактылуу турган жерин да билет. (Булардын) Баары апачык бир китепте (жазылуу). (Худ Сүрөсү, 6)

 

Суучул жөргөмүштөрдүн чумкуу ыкмасы

Азия жана Европанын жылуу аймактарында жашаган суучул жөргөмүштөр өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн суунун астында өткөрүшөт. Анткени алар уясын суунун ичине курушат.

Жөргөмүш уя куруу үчүн алгач суу өсүмдүктөрүнүн сабактарынын же жалбырактарынын арасына желелер менен бир платформа жасайт. Ал платформаны жибек жиптер менен айланадагы өсүмдүктөрдүн сабактарына карматат. Ал жиптер жөргөмүшкө үйүнүн жолун көрсөтүүчү белги, платформаны ордунда кармап туруучу боо жана олжонун жакындаганын билдирүүчү радар кызматтарын да аткарат.





Суучул жөргөмүштүн аңчылыгы

Платформа жасалган соң жөргөмүш платформанын астына буттарын жана тулку бойун колдонуп аба көбүкчөлөрүн алып келет. Натыйжада желе жогору көздөй үйлөнөт жана аба көбөйгөн сайын акырындан коңгуроого окшошуп калат. Ал коңгуроо жөргөмүштүн уясы болот.

Жөргөмүш күндүздөрү уянын ичинде күтөт. Жакын жерден кичинекей бир жандык, өзгөчө курт-кумурска же личинка өткөндө, сыртка секирип чыгып аны кармайт жана жеш үчүн уясына алып барат. Суунун бетине чымын-чиркей же курт-кумурска түшкөндө, сууда термелүү пайда болот. Жөргөмүш аны сезип жогору чыгат жана ал жандыкты кармап суунун астына алып кетет. Жөргөмүш суунун бетин желе сыяктуу колдонот. Сууга түшкөн курт-кумурска менен желеге илинген башка курмандыктардын ортосунда айырма болбойт.

Кыш жакындаганда болсо жөргөмүш тоңбош үчүн коргонуу чараларын көрүшү шарт. Ошондуктан кыш жакындаганда суучул жөргөмүш көлмөнүн тереңирээк тарабына ылдыйлайт. Анан кышкы коңгуроо токуп, ичин аба менен толтурат. Кээ бир жөргөмүштөр болсо көлмөнүн түбүндөгү суу үлүлүнүн бош кабыгына жайгашат. Коңгуроонун ичинде эч кыймылдабайт жана кыш бою дээрлик эч энергия коротушпайт. Мунун максаты ашыкча энергия жоготпоо жана кычкылтек муктаждыгын жоюу. Бул чара себептүү уяга алып келинген аба көбүкчөлөрү жөргөмүшкө 4-5 айлык кышка жетет.

Көрүнүп тургандай, суучул жөргөмүштүн чогулткан аба көбүкчөлөрү жана аңчылык ыкмасы ал сууда жашай алышы үчүн эң идеалдуу пландалган. Бир жандык сууда жашоо ыкмасын кокусунан эч качан ойлоп таба албайт. Ал жандыкта эгер сууда жашай турган өзгөчөлүктөр жок болсо, сууга түшөөр замат өлөт, кокустукту же башка бир нерсени күтүүгө убактысы болбойт. Ошондуктан ошондой өзгөчөлүктөрү менен пайда болгону үчүн гана, бир жандык кургактыкта жашоочу жандык болгонуна жана өзгөчөлүктөрү кургактыкка таандык экенине карабастан, сууда кенен жашай алат. Бул бизге суучул жөргөмүштүн бардык өзгөчөлүктөрү жана жөндөмдөрү менен бирге Аллах тарабынан кемчиликсиз кылып жаратылганын көрсөтөт.

Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым (таяндым). Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Албетте, менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). (Худ Сүрөсү, 56)

 

Дөңгөлөк сымал жөргөмүштөр

Түштүк батыш Африкада Намибия чөлүндө жашаган жөргөмүштөрдүн кээ бир түрлөрү коркунуч туулганда буттарын денелерин көздөй тартып, дөңгөлөккө окшошуп алышат. Анан дөңгөлөктөй айланып, тездик менен коркунучтан кача алышат.

Бою 2,5-3 сантиметр болгон бул жөргөмүштөр секундасына 2 метрдей өтө чоң ылдамдыкка жете алышат. Бул ылдамдыкты жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй мисал келтирүүгө болот. Жөргөмүштөрдүн дөңгөлөк формасына айланган денелеринин айлануу саны саатына 40 километр ылдамдыкта бараткан унаанын дөңгөлөктөрүнүн айлануу санына барабар.

Жөргөмүштөрдүн кээ бир түрлөрү, өзгөчө алтын дөңгөлөктүү жөргөмүш деп аталган жөргөмүштөр бул ыкманы душмандарынан качуу үчүн колдонушат. Алардын душманы адатта жырткыч ургаачы жапайы аарылар. Уясын көбүнчө кум дөбөлөрүнүн үстү жагына курган жөргөмүш жапайы аары уясын казып баштаганда сыртка атып чыгат. Алгач ылдамдануу үчүн бир канча кадам таштайт, анан беш муундуу буттарын бүгүп, төмөн көздөй тегеренген дөңгөлөккө окшоп тездик менен качып жөнөйт. Жөргөмүш уясын кум дөбөсүнүн төмөнүрөөк жагына курса, качуу үчүн керектүү ылдамдыкка жете албай, кармалып калат. Ошондуктан жөргөмүш уя куруу үчүн ар дайым дөбөлөрдүн үстү жагын тандайт. Жөргөмүштүн душманына жолуга электе эле уясын дөбөгө куруп, чара көрүшү абдан пландуу иш-аракет. Ага муну илхам кылган, албетте, Аллах. Аллах теңдешсиз жаратуучу жана ар түрдүү жаратууну билүүчү.

Дөңгөлөк сымал жөргөмүштүн жапайы аарыдан качышы
 

Бүркүүчү жөргөмүш

Жөргөмүштөрдүн «scytodes» аттуу түрү олжолорунун үстүнө уу менен жабышчаак зат аралашкан бир суюктукту чачуу аркылуу өлтүрөт. Ал суюктуктар жөргөмүштүн көздөрүнүн артында жайгашкан эки бездин ичинде өз-өзүнчө иштелип чыгып, чогуу бүркүлөт. Scytodes кармаган олжосун бут булчуңдары менен бекем кысат. Ал ортодо жабышчаак уусун тиштеринин арасынан олжосунун үстүнө ары-бери чайпап чачыратат.14 Ошентип курмандыгын бир бутакка же жалбыракка жабыштырган соң олжосун ошол аскан жеринде жейт.

 

Pasilobus жөргөмүшүнүн тузагы

Жаңы Гвинеяда жашаган «pasilobus» жөргөмүшү тузак даярдоонун мыкты чебери. Курган желеси абдан жабышчаак жиптерден турат. Желе бүтүн бойдон эки учунан кыймылсыз нерселерге карматылат. Учтардын бирөөсүндөгү түйүн абдан бекем болот, экинчи учтагы түйүн болсо абдан бош жасалат. Бул бир катачылык эмес, жөргөмүштүн абайлабастыгы да эмес. Мунун бир аңчылык тактикасы экенин желеге бир жандык жакындаганда түшүнүүгө болот. Мисалы, желеге бир жетим көпөлөк тийгенде бош илмек чечилип кетет. Бекем жасалган түйүн үзүлбөгөндүктөн, көпөлөк таңгакка окшоп илинип калат. Андан соң жөргөмүш олжосунун жанына барып, жабышчаак бир зат менен баштан аяк майлайт. Бул тактика аркылуу жөргөмүш олжосун колдон чыгарбай кармайт.


Булактар:

3. Gardner Soul, Strange Things Animals do, G.P.Putnam's Son, New York, 1970

4. Gardner Soul, Strange Things Animals do, G.P.Putnam's Son, New York, 1970

5.The Guinness Encyclopedia of the Living World, Guinnes Publishing, s. 164

6.David Attenborough, The Trials of Life, Princeton University Press, Princeton New Jersey, s.138

7.Liz Bornford, Camuflage and Colour, Boxtree Ltd., London, 1992, s. 108

8.The Guinness Encyclopedia of the Living World, Guinnes Publishing, s. 69-164

9.The Guinness Encyclopedia of the Living World, Guinnes Publishing, s. 164

10. National Geographic, Kasım 1996, Vol. 190, No.5, s.106

11.National Geographic, Kasım 1996, Vol. 190, No.5, s.111

12.The Guinness Encyclopedia of the Living World, Guinnes Publishing, s. 164

13. Görsel Bilim ve Teknik Ansiklopedisi, s.495

14. Hayvanlar Ansiklopedisi, C.B.P.C. Publishing lTd. Phoebus Publishing Company, s. 217

СЕКИРҮҮЧҮ ЖӨРГӨМҮШТҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

 

Силердин жаратылууңарда жана көбөйтүп-жайган жандууларда так илим менен ишенген бир коом үчүн аяттар бар. (Жасия Сүрөсү, 4)





Тоту куштун кооз түстөрү, бүркүттүн курч көздөрү, карчыганын күтүүсүз соккусу, антилопанын кереметтүү секириги...

 

Кереметтүү секирик

Желе куруп олжосун күткөн көптөгөн жөргөмүш түрлөрүнүн тескерисинче, секирүүчү жөргөмүш олжосуна өзү кол салат. Жөргөмүштөрдүн бул түрүнүн аңчылыктагы өзгөчөлүгү олжосуна секирүү аркылуу жетет. Жөргөмүш ушунчалык чебердик менен секиргендиктен, жарым метр алыстан учуп бараткан чымын-чиркейди секирип абадан кармай алат.15

Жөргөмүш гидравликалык басым принциптери менен иштеген сегиз бутунун жардамы менен таң калаарлык секирик жасай алат. Кол салуу аркылуу олжосунун үстүнө секирип күчтүү кыскычтарын матырат. Көбүнчө өсүмдүктөрдүн арасында татаал шарттарда олжосуна секирет. Чабуулу ийгиликтүү болушу үчүн бурчту эң туура эсептеп, олжосунун ылдамдыгын жана учуу багытын да эске алышы шарт.

Андан да кызыгы, олжосун кармаган соң жөргөмүштүн өлүмдөн кантип сактанып калышы. Жөргөмүш өлүп калышы мүмкүн, анткени олжосун кармоо үчүн секиргенде бийиктиктен бойун таштайт. Ошондуктан бийик жерден (көбүнчө дарактын учунда болот) жерге жабышып калышы мүмкүн. Бирок жөргөмүш мындай көйгөйгө туш болбойт. Анткени секирээр алдында бөлүп чыгарып, турган бутагына жабыштырган жиби аны жерге түшүүдөн сактап, абада илинип калышына мүмкүнчүлүк берет. Ал жип аны менен кошо кармаган олжосун да көтөрө ала тургандай бекем.

Секирүүчү жөргөмүштөрдү Аллах көздөрүн курч
жана буттарын күчтүү кылып жараткан


Секирүүчү жөргөмүштөр күчтүү кылып жаратылгандыктан,
 өздөрүнөн чоң олжолорду да кармай алышат

 

Маселе: ордун аныктап, андан көзүңдү алба

Секирүү жөндөмү эң мыкты болгон бул жөргөмүш түрүнүн башка дене түзүлүштөрү да кемчиликсиз. Секирүүчү жөргөмүштүн көздөрүнүн экөөсү баштын ортосунан дүрбү сымал алдыга чыгып турат. Ал эки чоң көз уянын ичинде оң-сол жана өйдө-төмөн көздөй кыймылдай алат. Жашыл жана ультра кызгылт көк толкундарды сезген төрт кабаттуу тордомо челден улам жөргөмүштүн көзү сүрөттөлүштү абдан тунук көрүү жөндөмүнө ээ. Баштын капталындагы калган төрт көз болсо сүрөттөлүштү анчалык тунук көрө албайт, бирок айланасындагы бардык кыймылдарды байкайт. Мындан улам жөргөмүш артындагы олжону же душманды да оңой эле байкай алат.

Секирүүчү жөргөмүш тууралуу бул жерге чейин айтылган маалыматтарды ойлонуп көрөлү. Секирүүчү жөргөмүш олжосун бир секирик менен кармай алгандан тышкары, тез кыймылдай ала турган дене түзүлүшүнө да ээ. Ошондой эле, көздөрү да олжосун ар тараптан көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.


Секирүүчү жөргөмүштүн көздөрү ар бири өзүнчө көрө алат.
Сүрөттө кара көз камераны, ачык өңдөгү көз болсо башка жакты карап жатат


Жөргөмүш, албетте, ушундай болсо мен үчүн пайдалуураак болот деп ойлоп, өзүнө кошумча көздөр жасап алган эмес. Же болбосо, ал көздөр кокусунан пайда болгон эмес. Бул жандык Аллах тарабынан бардык өзгөчөлүктөрү менен бирге жаратылган. Бир даана көздүн да кантип пайда болгонун түшүндүрө албаган эволюция теориясы секирүүчү жөргөмүштүн сегиз көзүн жана ал көздөрдүн өз ара кемчиликсиз координациясын эч качан түшүндүрө албайт.

 

Бардык жагынан кемчиликсиз камуфляж ыкмасы



Жогорудагы сүрөттөн эмнени көрүп жатасыз деп сурашса, албетте, «жалбырактын астында жана үстүндө турган кумурскаларды» деп жооп бересиз. Бирок сүрөттө жалбырактын астында күтүп жаткан кумурска эмес. «Myrmarachne» (мирмарахна) аттуу секирүүчү жөргөмүштөрдүн бир түрү. Кумурска менен секирүүчү жөргөмүштү айырмалаган жалгыз өзгөчөлүк – буттарынын саны. Анткени жөргөмүштөр сегиз, кумурскалар болсо алты буттуу.


Секирүүчү жөргөмүштөр кумурсканы эң мыкты туурагандыктан,
кээде жөргөмүштөрдүн башка түрлөрү аны кумурска деп ойлоп,
ага аңчылык кылганга аракет кылат


Сүрөттө эки капталдагылар кумурска,
ортодогу болсо секирүүчү жөргөмүш.
Ортодо бир гана айырма бар: жөргөмүштүн
буттары бир жупка көп
Секирүүчү жөргөмүш кантип кумурскаларды алдай алат? Ал үчүн секирүүчү жөргөмүш сырткы окшоштугу менен эле тим болбостон, кыймыл-аракеттери менен да аларды туурайт. Мисалы, секирүүчү жөргөмүш буттарынын санындагы айырманы жашыруу үчүн, эки алдыңкы бутун алдыга созуп, жогору көтөрөт. Ошентип эки алдыңкы буту кумурсканын антенналарына окшошуп калат. Бул жерде сөзсүз токтоп ой жүгүртүү керек. Анткени бул жөргөмүш санаганды билет деген мааниге келет. Жөргөмүш алгач өзүнүн буттарын, анан кумурсканын буттарын санап, андан соң кумурсканын буттарынын санын өзүнүкүнөн кемиткен. Ортодогу айырманы көргөн соң аны жоюу керек экенин түшүнүп, ашыкча буттарын абдан акылдуулук менен антеннага окшоштуруп алган.

Бул жерде унутпаш керек болгон башка маанилүү жагдайлар да бар. Эң биринчиден, жөргөмүш кумурскадан түзүлүшү жагынан толугу менен айырмаланат. Жөргөмүш кумурскадай көрүнүү үчүн буттарын жогору көтөрүшү эле жетиштүү болбойт. Ошол эле учурда кыймыл-аракеттерин, башкача айтканда, басканын жана турганын да туурашы керек. Ал үчүн жөргөмүш кылдаттык менен байкоо жүргүзүп, анан байкагандарын тууроо үчүн чебер актерго окшоп роль ойношу шарт.

Байкаганыңыздай, жөргөмүш ойлонот, ойлогондорун ишке ашырат, ал үчүн дене түзүлүшүн керектүү тарапка өзгөртө алат жана, ошондой эле, тууроо жөндөмүн да колдонот. Булардын баарын жөргөмүштүн өз алдынча жасай албай тургандыгын түшүнүү акылдуу жана ойлоно алган ар бир адам үчүн абдан эле оңой. Эң биринчиден, жөргөмүштүн ойлонууга жөндөмдүү мээси жок. Анда жөргөмүштөгү жөндөмдөрдүн булагы эмнеде? Бул суроого жооп берээрден мурун камуфляж кемчиликсиз болушу үчүн керектүү башка өзгөчөлүктөргө да токтолуу керек.


Жөргөмүштөр түстөрүн колдонуу
аркылуу да камуфляж кылышат

Жөргөмүштүн камуфляжы бул айтылгандар менен эле бүтпөйт. Кумурскага окшошуу үчүн көздөрдүн сүрөттөрү да болушу керек. Анткени өзүнүн көздөрү кумурсканыкы сыяктуу кара, чоң так формасында эмес. Бирок жөргөмүштөгү бир өзгөчөлүк бул маселени чечкен. Жөргөмүштүн башынын капталдарындагы эки чоң кара так кумурсканын көздөрүнө абдан окшош.



Камуфляждын башка ыкмалары

Ойлонуп көрөлү: жөргөмүштүн башынын эки капталындагы тактарды билиши мүмкүн эмес. Жана бир жөргөмүштү кайсы бир нерсени билет жана ошого жараша пландуу тактикаларды иштеп чыгат деп айтуу эч акылга сыйбайт. Анда кумурска менен азыктанган жана кумурсканы туурашы керек болгон жөргөмүштүн башындагы жасалма көздөр кантип пайда болгон? Жөргөмүш «үйрөнүү», «эсептөө» жана «тууроо» сыяктуу жөндөмдөрдү кайдан алган? Эгер бул жасалма көздөр болбогондо эмне болмок? Анда жөргөмүш кумурсканы канчалык туурабасын, баары бир кумурскалар тарабынан байкалып калмак. Эгер кумурскалар коркунучту байкап, алдын алышса, анда жөргөмүш жашай алмак эмес. Кумурскалар күчтүү жаактары менен жөргөмүштү өлтүрүп коюшмак. Көрүнүп тургандай, жөргөмүштүн кумурсканы тууроону чечиши жетиштүү эмес. Ошол эле учурда камуфляжы ийгиликке жетиши үчүн, табиятынан жасалма көздөрү да болушу шарт.

Булар жөргөмүш жашоосун улантышы үчүн талап кылынган өзгөчөлүктөрдүн бир канчасы гана. Булардын бирөөсү эле кем болсо, секирүүчү жөргөмүш белгилүү убакыттан кийин өлөт. Демек жөргөмүштүн өзгөчөлүктөрүн кокусунан пайда болгон деп айтууга болбойт. Жөргөмүштүн бардык өзгөчөлүктөрү чогуу, бир учурда пайда болгон. Аллах бардык жандыктарды кемчиликсиз кылып, бардык керектүү өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан.



Секирүүчү жөргөмүштөр кээде бири-бирине да
аңчылык кылышат

Бою эки миллиметр болгон «phyaces» жөргөмүшүнүн сырткы көрүнүшү баткакка окшошот. Жөргөмүш бул окшоштугун колдонуп өзүнчө шоу көрсөтөт. Шамалга учкан баткакты туурап, сабырдуулук жана акырындык менен мээлеген уяга жакындайт. Phyaces ролун ушунчалык мыкты аткаргандыктан, уянын босогосунда турган эне жөргөмүш эч шектенбейт. Жөргөмүш анын балдарына жакшылап жакындаган соң, күтүүсүз чабуул жасап, кармап жей алат.

Күчтүү буттары жана жырткыч жаактары менен өзүнөн
чоң жандыктарды кармай алышат


Секирүүчү жөргөмүштөр курт-кумурскалардын эң жырткычы
деп аталган батачыларды да кармай алышат

Албетте, кээде өздөрү батачыларга жем болушат


Бүгүлмө жаактар

«Myrmarachne plataleoides» жөргөмүшүнүн эркегинин тышкы көрүнүшү абдан өзгөчө. Бул түрдүн эркектери узун мурундуу болушат. Жөргөмүш аңчылык кылганда же кол салууга туш болгондо, мурундары экиге бөлүнүп учунда уулуу тиштери бар жаактарга айланат. Абдан курч жана учтуу бул эки шайманын жөргөмүш кылыч сыяктуу колдоно алат.




 

Секирүүчү жөргөмүштүн жан аябастыгы

Секирүүчү жөргөмүш балдарын
коргоо үчүн белгилүү убакытка
чейин жонунда көтөрүп жүрөт
Секирүүчү жөргөмүш жаңы туулган балдарын белгилүү убакытка чейин жонунда көтөрүп жүрөт. Ошентип бир жагынан балдарынын муктаждыктарын оңой канааттандырса, экинчи жагынан аларды жакшыраак коргойт. Душмандарына карата таш боор өлүм машинасындай көрүнгөн жөргөмүш балдарына абдан боорукердик менен мамиле кылат. Бул эволюционисттерге көптөгөн суроолорду пайда кылат. Анткени эволюционисттер табиятта жаныбарлардын ортосунда жашоо үчүн айоосуз күрөш бар жана ал күрөштө күчтүүлөр гана жеңет дешет. Бирок табияттагы жаныбарларды караганыбызда эволюционисттердин айткандарына карама-каршы мисалдарды көрөбүз. Жаныбарлардын өзүнүн түрлөрүнө жана башка жаныбарларга кылган жан аябастыктарынын апачык мисалдары бар. Ошондуктан табиятты изилдегенде башка жандыктар үчүн өз жанын аябаган, балдары үчүн өлүмгө да даяр болгон жаныбарларды көргөн эволюционисттер чыга алгыс туюкка туш болушкан. Бир илимий журналда бул туюк төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Маселе жаныбарлардын эмне үчүн бири-бирине жардам берээринде. Дарвиндин теориясы боюнча, ар бир жаныбар өзүнүн жашоосун улантуу жана көбөйүү үчүн күрөшөт. Башкаларга жардам берүү ал жаныбардын соо калуу ыктымалдыгын азайткандыктан, узун мөөнөттө мындай жүрүм-турумдар жок болушу керек эле. Бирок жаныбарлардын жан аябастык кылаары байкалган.16

Эне жаныбарлардын балдарына болгон сүйүүсүн эч кандай эволюциялык механизм менен түшүндүрүүгө болбой тургандыгы анык. Бул ушунчалык апачык чындык болгондуктан, Жемаль Йылдырым сыяктуу көптөгөн эволюционисттер да муну моюнга алууга мажбур болушкан:

Эненин баласына болгон сүйүүсүн эч кандай руханий элементи жок «сокур» механизм (табигый тандалуу) менен түшүндүрүүгө болобу? Биологдорду (ал ортодо дарвинисттерди) мындай суроолорго канааттандырарлык жоопторду беришет деп айтуу, албетте, кыйын.17

Боорукердик, мээрим, коргоо сезими сыяктуу түшүнүктөрдү сокур механизмдер менен, албетте, түшүндүрүүгө болбойт. Анткени эч бир аң-сезими жана акылы жок жаныбарларга бардык кыймыл-аракеттерин Аллах илхам кылат. Эч бир жандыктын өзүнүн чечими менен жан аябастык кылышы, план түзүшү же башка кандайдыр бир нерсени жасашы мүмкүн эмес. Аллах бүт баарын башкарып турат.



Булактар:

15.The Guinness Encyclopedia of the Living World, Guinnes Publishing, s. 164

16.Bilim ve Teknik Dergisi, sayı 190, s.4

17. Cemal Yıldırım, Evrim Kuramı ve Bağnazlık, Bilgi  Yayınları, s.195

БАШ СӨЗ

  Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды акыйкат (хак) менен ...