Силердин Кудайыңар
бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени
ороп-курчаган. (Таха Сүрөсү, 98)
Жөргөмүштүн жиби ошол калыңдыктагы болоттон беш эсе бекем жана ошол эле учурда узундугунан төрт эсеге чейин узара алат.
Жөргөмүштөрдүн
желе жасоо үчүн денелеринде иштелип чыккан жибек сымал жиптерди колдоноорун18 ар бир адам билет. Бирок ал жибектин иштелип
чыгуу баскычтарын жана жалпы өзгөчөлүктөрүн билишпейт. Жөргөмүштөр иштеп чыккан
жана диаметри миллиметрдин миңден биринен да кичине болгон жибек жип ошол
калыңдыктагы болот зымдан беш эсе бекем. Ошондой эле, узундугунан төрт эсеге
чейин узара алат. Жиптин дагы бир өзгөчөлүгү, ал абдан жеңил. Муну төмөнкүдөй
бир мисал менен түшүндүрүүгө болот: жер планетасын бир айланып чыга турган
узундуктагы жибек жиптин салмагы болгону 320 граммды түзөт.19
Бул
маалыматтарды дагы бир жолу карап чыгуу туура болот. Жиптин болоттон беш эсе
бекем болушу жөнөкөй нерсе эмес. Анткени болот биз билген эң бекем
материалдардын бири жана чоң заводдордо көптөгөн техникалар колдонулуп,
алынуучу бир эритме. Болоттон беш эсе бекемирээк жөргөмүштүн жиби болсо чоң
заводдордо иштелип чыкпайт, кичинекей бир жандыктан бөлүп чыгарылат. Дээрлик
бүт тарапта кездешкен жөргөмүштөрдүн баары бул жипти иштеп чыга алат. Болот оор
материал, ошондуктан аны колдонуу абдан кыйын. Жогорку температурада эбегейсиз
мештерде өндүрүлүп, калыптарда муздатылган соң колдонууга даяр абалга келет.
Жөргөмүштүн жиби болсо абдан жеңил. Эбегейсиз мештерде жана калыптарда эмес,
жөргөмүштүн кичинекей денесинде иштелип чыгат.
Жөргөмүштүн
жибинин дагы бир кереметтүү өзгөчөлүгү – бул, анын абдан ийкемдүү болушу. Бекем
жана ошол эле учурда ийкемдүү материал табуу абдан кыйын. Мисалы, болот аркан эң
бекем материалдардын бири. Бирок резина аркандай ийкемдүү болбогону үчүн, бара
бара деформацияга дуушар болот. Резина аркандар оңойчулук менен деформацияга
кабылбаганы менен, көп бекем болбогону үчүн оор жүктөрдү көтөрө албайт. Ал эми
жөргөмүштүн жиби болсо, жогоруда белгиленгендей, бирдей калыңдыктагы болот
зымдан беш эсеге бекем жана бирдей калыңдыктагы резинадан отуз пайызга
ийкемдүү. Техникалык жактан караганда, жөргөмүштүн арканы үзүлүү бекемдиги жана
үзүлүүгө чейинки узаруу көрсөткүчү жагынан теңдешсиз материал.
Жөргөмүштөр
тууралуу акыркы бир канча он жылда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн алынган бул
маалыматтар көптөгөн суроолорду пайда кылды. Мисалы, эгер болот жана резина
аркандар адамзаттын кылымдар бою топтогон илимий тажрыйбасы менен жасалса,
алардан алда канча жогору турган жөргөмүштүн жиби кайсы илим менен жасалат? Адамзат
кантип анын формуласын толук аныктап, тажрыйбада колдоно албай жатат?
Жөргөмүштүн жибин мынчалык теңдешсиз кылган нерсе эмне? Мунун жообу жибектин
түзүлүшүндө катылган. Химиялык заттарды өндүрүүчү эл аралык компаниялардын
жүргүзгөн атайын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында жөргөмүштүн жибинин түзүлүшү
толугу менен болбосо да, жарым-жартылай чечмеленген.
Жибектин түзүлүшү
Жөргөмүштөрдүн иштеп чыккан жибеги белгилүү болгон табигый же синтетикалык жиптерден алда канча күчтүү. Муну байкаган илимпоздор жөргөмүштөрдүн аны кандай система менен жасаарын аныктоо үчүн изилдөөлөрдү башташкан. Башында муну жибек курттан жибек алуу сыяктуу оңой болот деп ойлошкону менен, белгилүү убакыттан кийин жаңылганын түшүнүшкөн. Даниядагы Орхус университетинен эволюционист зоолог Фриц Фоллрат жөргөмүштөр тууралуу изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында жөргөмүштөр чыгарган жибекти алардан түздөн-түз алып жасоого болбой тургандыгын аныктаган.![]() |
| "Курт жөргөмүшү" жумурткаларына кереметтүү пилла даярдайт |
Андан соң илимпоздор альтернатива катары «жасалма жөргөмүш жибегин иштеп чыгуу» идеясын сунушташкан. Бирок изилдөөчүлөр алгач жөргөмүштүн жибекти кантип иштеп чыгаарын аныкташы керек болгон, бул болсо абдан көп жылдарга созулган. Зоолог Фоллрат акыркы изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында бул ыкманын маанилүү бөлүгүн ачкан. Жөргөмүштөрдүн колдонгон ыкмасы нейлонго окшогон синтетикалык материалдарды жасоодо колдонулган ыкмага окшошот. Жөргөмүштөр жибектерин кислоталоо аркылуу чыңашат.
Изилдөөлөрүн
негизинен «araneus diadematus» аттуу бакча жөргөмүшүнө жүргүзгөн Фоллрат
жибек жөргөмүштөн чыкканга чейинки жибек түтүктү талдаган. Жибек ал каналга
киргенге чейин суюк белоктордон турат. Каналдын ичиндеги атайын клеткалар жибек
белокторундагы сууну өздөрүнө сиңиришет. Суутек атомдору болсо башка каналда насостолгон
сууну алып, кислота бассейнин жасашат. Жибек белоктору кислотага кошулганда,
биринен экинчисине карата көпүрө жасалат жана ошентип абдан бекем жибек пайда
болот. Бирок, албетте, жибектердин пайда болушу бул жерде сүрөттөлгөндөй
жөнөкөй эмес. Жибек пайда болушу үчүн ар түрдүү заттар жана ар кандай
өзгөчөлүктөгү баштыкчалар керек.20
![]() |
| Жөргөмүштүн секреция бездери |
Жөргөмүштөрдүн куйруктарында алты бөлүктөн турган жана жибек баштыгы деп аталган бир аймак бар. Баштыктардын ар биринде ар кандай секрециялар чыгарылат. Ал секрециялар ар кандай комбинацияда биригүү аркылуу ар түрдүү жибек жиптерди пайда кылат. Баштыктардын ортосунда чоң гармония бар. Жибектерди иштеп чыгууда жөргөмүштүн денесиндеги абдан жогорку өзгөчөлүктөгү насостор, клапан жана басым системалары колдонулат. Иштелип чыккан чийки жибек чорго сыяктуу иштеген желинчелерден жипче түрүндө сыртка агызылат. Жөргөмүш желинчелердин бүркүү басымын каалагандай өзгөртө алат. Бул өзгөчөлүк абдан маанилүү. Анткени бул процесстин натыйжасында суюк кератинди түзгөн молекулалардын түзүлүшү да өзгөрөт. Клапандарды башкаруу механизми аркылуу чыгарылган жиптин диаметри, каршылыгы жана ийкемдүүлүгү да өзгөртүлө алат. Ошентип жибектин химиялык түзүлүшүн өзгөртпөй туруп, жипке керектүү физикалык касиеттер берилет. Эгер жипти түп тамырынан өзгөртүү зарыл болсо, башка безди колдонуп баштоо керек болот. Иштеп чыгарылган ар кандай өзгөчөлүктөгү жиптер арткы буттардын чебер кыймылы аркылуу каалагандай багытка салынат.
Алты түрдүү
баштыктан чыгарылган заттардын аралашмадагы катыштары да абдан маанилүү.
Мисалы, жабышчаак жип иштелип чыкканда, жабышчаактык касиетин берүүчү зат
азыраак колдонулса, желе чымын-чиркейлерди кармоо касиетин жоготот. Ашыкча
колдонулса желенин колдонулуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Жибек ишке жарамдуу
болушу үчүн, калган беш секреция бези да дал ушундай тең салмакта иштеши шарт.
Бул процесстердин
баарынын ийгиликтүү жыйынтыкталышынын натыйжасында ар бири ар кандай
өзгөчөлүктөргө ээ болгон жана ар кандай функцияларды аткарган жөргөмүш
жибектери келип чыгат. Жибек жиптер ушунчалык бышык болгондуктан, зоолог Фоллрат
жөргөмүштүн жибинин күчүн «жөргөмүштүн жибеги кевлардан алда канча күчтүү жана
алда канча ийкемдүү. Кевлар, белгилүү болгондой, адам колу менен жасалган эң
күчтүү синтетикалык материал»22 деп
белгилеген.
Жөргөмүштүн
жибектеринин теңдешсиз касиеттери муну менен эле чектелбейт. Бекемдигинен улам
ок өткөрбөс соотторду жасоодо колдонулган пластикалык материал кевлардан
айырмаланып, жөргөмүштүн жибегин кайрадан иштетип, кайра кайра колдонууга
болот.
Бул жерде
төмөнкүгө көңүл буруу керек: болоттон бекемирээк, резинадан ийкемдүүрөөк болгон
дүйнөнүн эң мыкты материалы бир жөргөмүштүн денесинде иштелип чыгат. Эң ири
текстиль фабрикалары, эң алдыңкы токуу станоктору, молекулярдык изилдөөлөрдү
жүргүзгөн, эң жогорку технологиялар менен жабдылган химия лабораториялары да
жөргөмүштүн жибинин копиясын жасай алышкан жок. Анда жөргөмүш бул теңдешсиз
химиялык заттын долбоорун кантип түзгөн? Долбоорун түзгөн соң керектүү чийки
заттардын булагын кантип аныктап, талап кылынган алты түрдүү негизги затты
кантип иштеп чыккан? Ал заттардын аралашмадагы катыштарын кайсы өлчөгүч
шаймандарды колдонуп аныктаган? Аралашманы жасоо үчүн бирдей иштөөчү, басымды
башкара алган баштыкчалардын дизайнын өзү түзгөнбү? Анын дизайнын түзгөн соң
лабораторияга окшош бир түзүлүштү өзүнүн денесинде өз каалоосу менен жасап
чыкканбы?
![]() |
| Жөргөмүштөрдүн бир түрүнүн кармоочу жибегинин кезеги менен 100, 300, 200 жана 1000 эсе чоңойтулган сүрөттөрү. Жибекке жабышчаактык касиетин берген суюк зат сүрөттө тамчылардай көрүнүүдө. |
Албетте, бул
кемчиликсиз өзгөчөлүктөр эволюционисттер айткан кокустуктардын натыйжасында эч
качан пайда болбойт. Жөргөмүш өзүнүн денесинде жаңы бир системаны жасай албайт.
Эмнеге муктаж экенин алдын ала аныктап, ошого жараша долбоор түзүп, аны
денесине жайгаштыра албайт. Бул илимге да, логикага да туура келбейт.
Өзгөчөлүктөрү ар
түрдүү болгон жиптерди иштеп чыккан23 мындай
система өзүнөн-өзү эч качан пайда болбойт. Мындай системаны өзүнөн-өзү пайда
болгон деп айтуу сандырактык гана болот. Албетте, асмандарды жана жердин
жараткан Аллах жөргөмүштү да кереметтүү система менен бирге жараткан. Аллах бүт
баарын кемчиликсиз жаратуучу, бардык жаратуулардан кабардар. Аллахтын тартип
жана чен-өлчөм менен кемчиликсиз жаратаары бир аятта төмөнкүчө кабар берилет:
...Мүлктө Анын
шериги жок, бүт нерсени жаратып, аны калыпка (тартипке) салган, белгилүү бир
чен-өлчөм менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)
Колдонулган максатына эң ылайыктуу жасалган жиптер
Жөргөмүштөрдүн желе токуганда ар түрдүү жиптерди колдоноорун көптөр билбейт. Чындыгында жөргөмүштөр максатка жараша денелеринде ар түрдүү жиптерди иштеп чыгышат. Жөргөмүштөрдүн жашоосун эске алганда, мунун канчалык маанилүү өзгөчөлүк экенин оңой эле түшүнүүгө болот. Анткени жөргөмүштүн үстүндө баскан жиби менен олжосун кармоо же аны бекем байлоо үчүн колдонгон жиптери бири-биринен айырмалуу болушу шарт. Мисалы, жөргөмүштүн үстүндө баскан жиби олжосун кармоо үчүн колдонгон жибиндей жабышчаак болсо, жөргөмүш желеге жабышып калат жана бул аны өлүмгө алып барат.
Муну бир мисал менен карайлы. Бир бакча жөргөмүшү желе курганда төрт-беш түрдүү өзгөчөлүктөгү жиптерди колдонот. Алардын арасында жөргөмүштүн лифт сыяктуу колдонуп түшүп чыккан жана көпүрө сыяктуу колдонуп карманган жиптери, жөргөмүш торунун скелетин түзгөн желенин негизги жиптери, олжону кармай турган жабышчаак жиптер, желедеги жиптерди бири-бирине байлаган туташтыруучу жиптер бар. Мындан тышкары, кармалган олжону ороп байлай турган таңгак жиптер, жөргөмүштүн үйү жасалган пилла (жибек) жиптер, жумуртка баштыктары жасалуучу баштык жиптер жана бала жөргөмүштөрдү тышкы коркунучтардан коргоочу жибек жиптер да жөргөмүш жасаган жиптердин түрлөрүнө кирет.
Бул жибек жиптер
ийкемдүүлүгү жана бекемдиги жагынан да, жоондугу жана жабышчаактыгы жагынан да
бири-биринен айырмаланат. Мисалы, жөргөмүштүн жашоосунда чоң роль ойногон
кармануучу жиптер жабышчаак болбогону менен, бекем жана ийкемдүү түзүлүшкө ээ.
Жөргөмүштүн салмагынан эки-үч эсе оор салмакты оңой эле көтөрө алат. Жөргөмүш
бул жиптер аркылуу олжосун да көтөрүп алып ишенимдүүлүк менен жогору төмөн
кыймылдай алат.
Көрүнүп
тургандай, жөргөмүш жашай алышы үчүн ар кандай түрдөгү жиптерди иштеп чыгышы
жана ал жиптердин баарын максатка ылайык туура колдоно алышы шарт. Алардын
бирөөсү эле кем болсо, жөргөмүш жашай албайт.
Жөргөмүштө бул
өзгөчөлүктөрдүн бүт баары болмоюнча, жашоосун уланта албайт. Кемчиликсиз желе
токуй алган, мыкты долбоорлорду жасаган, бирок желесине жабышчаактык касиетин
бере албаган бир жөргөмүштү элестетиңиз. Мындай учурда жөргөмүштүн желеси эч
нерсеге жарабайт. Эволюция процессинин ага жабышчаак желе жасаганды миңдеген
жылдап үйрөтүшүн күтүп отура албайт, анткени мындай учурда жөргөмүш бир канча
күндө өлөт. Же болбосо ар түрдүү жиптерди иштеп чыга алган, бирок желе
жасаганды билбеген бир жөргөмүштү элестетиңиз. Албетте, жөргөмүштүн иштеп
чыккан жиптери эчтекеге жарабайт жана жөргөмүш кайра эле өлүп калат. Бардык
жиптерди иштеп чыгып, бирок жумурткаларын коргой турган баштык жиптерин иштеп
чыга албаса, анда жөргөмүштүн тукуму уланбай, тукум курут болот. Көрүнүп
тургандай, жөргөмүштөрдүн керектүү өзгөчөлүктөргө эволюционисттер айткандай акырындап
ээ болуу үчүн күтүп отурууга убактысы жок.
Жөргөмүштөрдөгү
өзгөчөлүктөрдүн эч бир бөлүгү эволюция теориясында айтылгандай акырындап пайда
боло албайт. Жер бетиндеги алгачкы жөргөмүштөн баштап бардык жөргөмүштөр эч
кемчиликсиз жаралган болушу шарт. Булардын баары жөргөмүштөрдүн бир заматта
пайда болгонун, башкача айтканда, аларды Аллах жаратканын далилдейт. Аллах жөргөмүштөрдөгү
кереметтер аркылуу бизге чексиз кудуретин жана теңдешсиз илимин көрсөтүүдө.
![]() |
| Болоттон бекем жип |
Жибек жиптердин ийкемдүүлүгү
Жип жөргөмүштүн
колдонуу максатына жараша ар кандай өзгөчөлүктө болот. Мисалы, жабышчаак жибек кармануучу
жиптин жибеги жасалган секреция бездеринен башка бездерде иштелип чыгып,
ичкерээк жана ийкемдүүрөөк болот. Кээде 500-600%га чейин созула алат. Анын
себеби жибекти түзгөн каптал чынжыр аминокислоталар тартиптүү кристаллдык
түзүлүштө тизилет. Ал кристаллдар бета токулган катмарларга байланышпаган,
аминокислоталардан турган резинага окшогон бир зат менен капталат. Энтропиясы
жогору болгон бул заттар жибекке резина сыяктуу кереметтүү ийкемдүүлүк берет.
Жабышчаак жиптин ийкемдүүлүгү учуп бараткан жандыкты акырындап токтотконго шарт
түзөт. Ошентип желенин үзүлүп кетүү ыктымалдыгы азайат. Колдонулган чайыр болсо
башка өзгөчөлүктөгү секреция бездеринде иштелип чыгат. Бул зат ушунчалык
жабышчаак болгондуктан, чымын-чиркейлер желеге илингенде эч качан чыга
алышпайт.
Жөргөмүштөрдүн жиби болоттон да бекем
Жөргөмүштөрдүн
жибине болоттон да бекемдик касиетин берген белоктордун эң негизгиси – бул, «склеропротеин». Жөргөмүш бул затты арткы буттарынын уч жагынан
алат. Бул белоктон улам иштелип чыккан жип абдан бекем болот.24 Мисалы, туурасы элүү метр болгон бир желени
токуй ала турган көлөмдөгү бир жөргөмүш болгондо, ал желе учакты токтото алмак.
Жиптин
бекемдигин атомдук түзүлүшү камсыз кылат. Жип бош турган кезде аны түзгөн
атомдор тартипсиз абалда болот. Бул жиптин созулушуна мүмкүнчүлүк берет. Бирок жип
созулган сайын андагы атомдор тартиптүү абалга келишет. Бош койо берилгенде
кайрадан мурдакы абалдарына кайтышат.
Кандайдыр бир
жипти ашыкча созгонуңузда адатта ал күтүүсүздөн үзүлөт. Себеби жиптин бетинде
пайда болгон жаракалар тездик менен чоңойот. Себеби жипке таасир берген күчтөр
кандайдыр бир каршы күч болбогону үчүн жараканын айланасында топтолот. Ал эми
жөргөмүштүн жибиндеги (резина матрицадагы) кристалл түзүлүш болсо жараканы
пайда кылуучу күчтөрдү азайтып, аларды бөлүүчү тоскоолдуктар катары кызмат
кылат. Бул болсо жипке чыдамкайлык берет.
Чыңалып турган
бир материал үчүн бетинин болор-болбос тытылуусу да өтө кооптуу. Бирок
жөргөмүштүн жибинде бул рискке карата бир чара көрүлгөн. Бакча жөргөмүшү жипти
иштеп чыкканда анын үстүн суюк бир зат менен каптайт, ошентип жаракаларга
карата алдын ала чара көрүлөт. Жөргөмүштөр миллиондогон жылдан бери колдонуп
келген бул ыкма бүгүнкү күндө өтө оор жүктөрдү көтөргөн жана абдан бекем болушу
талап кылынган өнөр жай кабелдеринде колдонулууда.
Бул жерге чейин
кереметтүү түзүлүш тууралуу илимий маалыматтарды карадык. Эми бир саамга ойлонушубуз
керек. Бул илимий маалыматтардын артында турган акыйкат эмне? Жөргөмүштөрдүн
белокторду да, атомдун кристаллдык түзүлүштөрүн да билбей тургандыгы анык.
Химия, физика же инженерия тармактары менен эч кандай байланышы жок. Ал ойлонуу
жөндөмү жок кичинекей бир жандык. Андагы өзгөчөлүктөр болсо абдан татаал жана
эч кандай кокустук менен түшүндүрүүгө болбойт. Анда бул эсептөөлөрдүн жана
пландардын баарын ким жасаган? Жөргөмүштүн желесин, жибин, аңчылыгын жана
жашоосун тереңирээк изилдегенде, кемчиликсиз техникалык түзүлүштү көрөбүз жана
анын өзүнөн-өзү эч качан пайда болбой тургандыгын ошол замат түшүнөбүз.
Кандайдыр бир
бурчта же бакчадагы чөптөрдүн арасында ар дайым көзүңүзгө урунган жөргөмүштөр
алардагы химия, физика жана архитектура илими менен Аллахтын жаратуу
чеберчилигинин апачык далилдеринин бири. Аллах бул жандыктар аркылуу бизге
чексиз илимин жана чексиз жаратуу кудуретин көрсөтүүдө. Жөргөмүшкө бардык
кыймыл-аракеттерин илхам кылган Аллах. Аллах аяттарда бул чындыкты төмөнкүчө
кабар берет:
Асмандардагы жана
жердегилердин баары Аллахты тасбих кылышат (аруулашат). Ал – улуу жана
кудуреттүү (Азиз), өкүмдар жана даанышман. Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы.
(Ал) тирилтет жана өлтүрөт. Ал бүт нерсеге кудуреттүү. (Хадид Сүрөсү, 1-2)
Бакча жөргөмүштөрүнүн таң калычтуу желе куруу ыкмалары
Бакча
жөргөмүштөрү уяларын бекемдөө үчүн «жипке асма салмоор» колдонушат. Жөргөмүш
желелеринде сыртынан оролгон жип 4-6 карматуучу чекитте бекемделет жана
жөргөмүш учушу үчүн тигинен илинет. Мындан тышкары, жөргөмүштөр желелерин
сыртынан ороп турган жиптин ылдыйкы орто жагынан кыска саптуу бир жипке
байланган салмактуу бир нерсе менен тартып коюшат. Салмактуу зат катары таштын
сыныгы, чырпык же үлүлдүн кабыгы колдонулушу мүмкүн жана ал абада салаңдап
желени бекемдейт. Илимпоздор желеге илинип турган салмактуу затты акырын жогору
көтөрүп, бир нерсеге сүйөп коюшканда, уядагы жөргөмүш ошол замат келип, «асма
салмоорду» текшергенин жана андан соң кайрадан абада салаңдап турушу үчүн жипти
кыскартканын байкашкан. Байкоолордон төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылган: жөргөмүш
ал нерселердин баарын атайын желени бекемдөө максатында жасайт.25
Дүйнөдөгү эң катаал тузак
Жөргөмүштүн
желесине илинген жандыктын колунан дээрлик эч нерсе келбейт. Тузак ушунчалык
чебердик менен даярдалгандыктан, курмандык тыбыраган сайын желе ийкемдүүлүгүн
жоготуп, аны ансайын бекемирээк оройт. Олжо бир аз убакыт өтүп толугу менен
алсыраган сайын, желе да мурдакыга караганда бекемирээк жана катуураак болуп
калат. Ошентип бир бурчта жандыктын үмүтсүз тыбырап жатканын байкап турган
жөргөмүш аягында толугу менен чарчап, капканга чырмалган олжосун оңой гана
өлтүрө алат.
Бир жандык
желеге илингенде, ал тыбыраган сайын желе деформация болуп, кыска убакытта
жандык тузактан кутулушу керек деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок иш жүзүндө
тескерисинче желе бекемдеп, жандыкты толугу менен кыймылсыз кылып койот. Желе
кантип ага илинген курмандык тыбыраган сайын бекемделиши мүмкүн?
Мунун жообун
жибектин түзүлүшүнөн табууга болот. Жөргөмүштүн аңчылык жибеги абадагы
нымдуулуктун да таасири менен башка түзүлүшкө айланат. Бул өзгөрүү төмөнкүчө
жүрөт:
Бакча
жөргөмүшүнүн спиралы абдан жабышчаак бир суюктук менен капталган бир жуп була
жиптин биригишинен турат. Ал жабышчаак суюктук булалар иштелип чыккан бездерден
башка безде иштелип чыгат. Жөргөмүштүн секреция бездеринен чыккан жипчелер ошол
жабышчаак зат менен тынымсыз жука пленка сыяктуу капталып турат. Каптоочу
заттын жабышчаактыгы курамындагы гликопротеиндерден келип чыгат. 80%ы болсо абдан
оңой табылган суудан турат.26
Атмосферадагы
сууну алганда жабышчаак суюктук майда тамчыларга бөлүнөт жана ал тамчылар
жиптин бетинде мончоктордой тизилет. Жабышчаак жибекти кыска аралыктар менен
кысуу жана созуу тамчылардын ичинде калган жипчелерди пружина же айланма
дөңгөлөк сыяктуу ийрийт же жазат. Ошентип жипти түзгөн өзөк жипчелер бетиндеги
суюктук менен бирге чыңалуу астында калат. Ошондуктан тыбыраган жандыктын
энергиясын жиптин өзү гана эмес, жипти каптаган белоктор менен бирге бүтүндөй
система да сорот.
Өзөк жипчелердин
ийкемдүүлүгү жылуулуктан көз-каранды. Олжонун кинетикалык энергиясы жылуулукка
айлангандыктан энтропия жогорулап, жип жылыйт. Бул болсо өзөк жипчелердин күчүн
көбөйтөт. Олжонун сиңирилген энергиясы кармоо кубаттуулугун жогорулатат.
Кыскасы желеге кармалган жандыктын аман калуу үчүн кылган акыркы аракеттери аны
өлүмгө алып барат. Олжонун акыркы энергиясы желенин бекемдигин жогорулатуу үчүн
колдонулат. Желе жандыкты толугу менен кыймылсыз кылганга чейин бекемдей берет.
Бул касиеттеринен улам жөргөмүштүн желеси табияттагы эң айоосуз тузак болуп
эсептелет.
Башка жибек
жиптерде да мындай касиет барбы деген суроо туулган болушу мүмкүн. Эгер ушундай
болгондо эмне болмок? Мисалы, көтөрүүчү жиптерде да ушундай ийкемдүүлүк болгондо
кандай болмок. Анда, албетте, жөргөмүштүн олжосун же өзүн көтөрүшү абдан кыйын
болмок. Ошондуктан желенин скелетин түзгөн көтөрүүчү жиптер аңчылык жиптеринен
айырмаланып, башка каптоочу зат менен капталып суудан корголот. Анткени
көтөрүүчү жиптердин жабышчаак жиптердей ийкемдүү болушу керек эмес.
Көрүнүп
тургандай, жөргөмүш кызматы жана түзүлүшү ар түрдүү болгон жиптерди шартка жана
ошол учурда кыла турган жумушуна жараша ар кайсы заттар менен каптайт. Жөргөмүш
ал майлоочу заттардын физикалык жана химиялык таасирлерин кайдан билет?
Жөргөмүш муну бир жерден окуп же тажрыйба алып үйрөнгөн, же болбосо буларды
кокусунан түшүнүп калган деген сыяктуу ойлорду айтуу, албетте, акылга жана
логикага туура келбейт.
Бул жерде бир
саамга ой жүгүртүү туура жоопту табуу үчүн жетиштүү болот. Жөргөмүш бул пландардын
баарын түзө алышы үчүн жогоруда айтылган молекулярдык жөнгө салууларды,
кинетикалык энергияны жана жылуулукту пластификацияга
айлантуучу химиялык механизмдерди ж.б. билиши шарт. Булардын баарын окуп үйрөнгөндөн
кийин аны өндүрүүнү чечиши керек. Чечимге келгенден кийин өзүнүн дене
түзүлүшүнө кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизип, денесине ал жиптерди иштеп чыга
турган системаларды орнотушу шарт.
Бул, албетте,
ойдон чыгарылган сценарий. Байкаганыңыздай, жөргөмүштөрдөгү кемчиликсиз дене
түзүлүшүн жана пландуу кыймыл-аракеттерди эч бир фактор, табигый кубулуш же
башка кандайдыр бир күчтүн таасири менен түшүндүрө албайбыз. Жөргөмүштүн
булардын баарын өз алдынча жасай албай тургандыгын да акылдуу ар бир адам
билет. Убакыт аралыгындагы өзгөрүүлөр же башка кандайдыр бир эволюция процесси
менен жөргөмүштөрдүн аң-сезимдүү, пландуу кыймыл-аракеттерин жана дене
түзүлүштөрүн түшүндүрүү, албетте, мүмкүн эмес.
Табияттагы
бардык жандыктардын жөргөмүштөрдөгү сыяктуу, ал тургай, андан да татаал
өзгөчөлүктөрү бар. Алардын бирөөсүн эле карап чыгуу да жандыктардын долбоор
менен жаратылганын түшүнүү үчүн жетиштүү. Баарын башкарган бир кудуреттин бар
экени апачык көрүнүп турат. Дене түзүлүштөрү да, кыймыл-аракеттери да ал
жандыктардын бир Жаратуучу, тагыраак айтканда, Аллах тарабынан жаратылганын
апачык далилдейт. Муну түшүнүү үчүн акылыбызды колдонуп ой жүгүртүшүбүз
жетиштүү болот. Бүт ааламдардын Рабби Аллах бир аятында бул чындыкта адамдарга «Эгер акылыңарды колдоно алсаңар, Ал
чыгыштын да, батыштын да жана алардын ортосундагы бардык нерселердин да
Рабби...» (Шуара Сүрөсү, 28) деп билдирген.
Жөргөмүштүн жибеги жана коргоо өнөр жайы
Бир материалдын
бекемдиги жана ийкемдүүлүгү өнөр жай тармагында чоң мааниге ээ. Бекемдик анын
көп тармактарда колдонулушуна шарт түзсө, ийкемдүүлүк аны колдонууну
жеңилдетет. Бекемдик жана ийкемдүүлүк жагынан дүйнөдөгү эң идеалдуу материал –
бул, жөргөмүштүн жиби. Ошондуктан изилдөөчүлөр жыйырманчы кылымдын акыркы
чейрегинде жөргөмүштүн жибин изилдөөгө басым жасашкан. Бирок химиялык жолдор
менен жөргөмүштүн жибинен сапаты төмөнүрөөк бир жип гана өндүрүлө алган.
Кыскасы, учурдагы технология ушунча мүмкүнчүлүктөргө жана изилдөөлөргө
карабастан, өзгөчөлүгү жагынан жөргөмүштүн чыгарган жибине тең келе турган бир
жип өндүрө алган жок.
Жөргөмүштүн
жибеги адатта глицин, аланин, серин жана тирозин аминокислоталарынан турган бир
белок. Дюпон фирмасы жөргөмүштүн жибегинин химиялык формуласынын негизинде,
жибекти түзгөн молекулалардын тизилүү тартибин аныктап, жасалма жол менен ар
түрдүү жиптерди иштеп чыккан. Бул синтетикалык полимердин ар бир
макромолекуласы миңдеген молекулалык чынжырларды түзгөн көмүртек, кычкылтек,
азот жана суутек атомдорунан турат. «Кевлар» деп аталган бул продукция ушул
күнгө чейин иштелип чыккан органикалык булалардын эң жогоркусу. Бекемдиги жана
ийкемдүүлүгү жагынан да жөргөмүштүн жибинин жогорку физикалык касиеттерине эң
көп жакындаган жасалма була кевлар буласы болгон.
Кевлар
унаалардын коопсуздук курларында жана ар түрдүү коргоочу кийимдерде адамдардын
ден-соолугун коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында колдонулууда.
Мындан тышкары, учак жана кеме өнөр жайынын сырткы материалдарында, була-оптикалык
жана электромеханикалык кабелдерди өндүрүүдө, жип жана аркан өнөр жайында, ар
кандай спорттук шаймандарда өтө көп колдонулган маанилүү материал.
Кевлар буласы «полипарафенилен-терефталамид»
затынан турат. Булалардын узун молекулалык чынжырларды камтыган бул түрү түзүлүшү
жагынан ийрип жип жасоого ыңгайлуу. Бекемдик жана жеңилдик касиеттери бул материалдын
көптөгөн өнөр жай тармактарында колдонулушуна шарт түзгөн.
Кевлардын биздин
кылымдагы эң негизги колдонулган тармактарынын бири коргоо өнөр жайы болгон.
Мурда болоттон жасалган ок өткөрбөс жилеттер бүгүнкү күндө көрүнүшү жагынан
кадимки кездемелерден айырмаланбаган, кевлар жиптен токулган кездемеден
жасалууда. Анткени кевлар соккуларды сиңирүү касиетинен улам октун сокку күчүн
азайтат. Бул технология жагынан абдан маанилүү жана, ошондой эле, өтө пайдалуу
ачылыш. Бирок ушунча артыкчылыктарына карабастан, кевлар буласынын соккуларды
сиңирүү касиети жөргөмүштүн жибинин үчтөн бирине гана жетет.
Жөргөмүштүн
иштеп чыккан жибинин төмөнүрөөк сыпаттагы бир копиясынын алдыңкы технологиялуу
заводдордо көпкө уланган изилдөөлөрдүн натыйжасында араң өндүрүлө алышында
ойлоно алган адамдар үчүн, албетте, маанилүү жыйынтыктар жана насааттар бар.
Бул салыштыруу Аллахтын жандыктарды теңдешсиз кылып жаратканын көрсөткөн
далилдердин бири.
Жибек жиптердин адамдын жашоосундагы ролу
Жөргөмүштөрдүн
жибинин химиясын түшүнүү үчүн жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө жиптер жөргөмүштөрдөн
атайын аппараттар менен саап алынат. Ошентип жөргөмүштөргө зыян тийгизбестен,
ар бир жаныбардан күнүнө 320 метр жибек (болжол менен 3 миллиграмм) алууга
болот.
Бул ыкма менен
алынган жиптер колдонулган, тагыраак айтканда, жөргөмүштөр адамзатка кызмат
кылган дагы бир тармак – бул, медицина. АКШдагы Вайоминг университетинин фармакологдору
«Nephila» түрүнө таандык жөргөмүштүн желе жасоочу жиптерин өтө кылдат кээ бир
хирургиялык операцияларда, өзгөчө тарамыш жана муундарга жасалган операцияларда
жарааттарды тигүү үчүн колдонушууда.
Булактар:
18. E. Solomon, L. R. Berg, D. W. Martin, C. Villee, International Edition Biology, s. 634
19. "Structure and Properties of Spider Silk", Endeavour, Ocak 1986, sayı 10, s. 42
21. E. Solomon, L. R. Berg, D. W. Martin, C. Villee, International Edition Biology, s. 634
23.The Guinness Encyclopedia of the Living World, Guinnes Publishing, s. 69
25.Bilim ve Teknik Dergisi, Sayı 342, Mayıs 1996 s.100
















Hiç yorum yok:
Yorum Gönder