Андан (Аллахтан)
башка, эч нерсе жаратпаган, тескерисинче өздөрү жаратылган, өздөрүнө да зыян
да, пайда да тийгизе албаган, өлтүрүүгө, жашатууга жана кайрадан
тирилтип-жаюуга күчтөрү жетпеген бир топ кудайларды (кудай) тутунуп алышты.
(Фуркан Сүрөсү, 3)
Дүйнөдө
жөргөмүштүн жүздөгөн түрү жашайт. Бул кичинекей жаныбарлардын кээ бирлерин үйүнүн
статикалык эсептөөлөрүн жасай алган бир курулуш инженерине, кээ бирлерин эң
сонун долбоорлорду жасаган интерьер дизайнерине, кээ бирлерин укмуш күчтүү жана
ийкемдүү жиптерди, өлтүрүүчү ууларды жана эриткич кислоталарды иштеп чыккан
химикке, кээ бирлерин болсо абдан айлакер тактикалар менен аңчылык кылган
мергенчиге салыштырууга болот.
Алардагы канчалаган
теңдешсиз өзгөчөлүктөргө карабастан, күнүмдүк жашоодо эч ким жөргөмүштөрдүн
канчалык өзгөчө жандыктар экендигин ойлоп да койбойт. Мындай кайдыгер түшүнүк
боюнча, айланадагы бардык нерселер сыяктуу, жөргөмүштөрдүн да таң калаарлык бир
тарабы жок. Бирок бул абдан туура эмес түшүнүк. Анткени табияттагы бардык
жандыктар сыяктуу жөргөмүштөрдүн кыймыл-аракеттерин, мисалы, аңчылык ыкмаларын,
көбөйүү жолдорун, коргонуу тактикаларын изилдеп, алар тууралуу тереңирээк
маалыматтарды алганда, таң калаарлык мисалдарга күбө болобуз.
Табияттагы
бардык жандуулар жашоосун улантуу үчүн акылдуу кыймыл-аракеттерди жасашат.
Жөндөмдүүлүк, чеберчилик, теңдешсиз эптүүлүк деген сыяктуу сөздөр менен
сыпаттоого боло турган мындай кыймыл-аракеттердин жалпы өзгөчөлүгү, алардын
баары сөзсүз түрдө акылды талап кылат. Адамдар үйрөнүү, чеберчилик жана
тажрыйба сыяктуу жолдор менен алган жөндөмдөр бул жандыктарда төрөлгөндөн
баштап бар. Китептин алдыдагы бөлүмдөрүндө көптөгөн мисалдар менен каралган
мындай жөндөмдөрдүн кантип пайда болгону, жандуулардын аларды кантип үйрөнгөнү
тууралуу суроолор абдан орчундуу суроолор. Өтө акылдуу план менен иш-аракет
жүргүзгөн, эсептөөлөрдү жасап аңчылык кылган, керек учурда химия инженерине
окшоп, кайсы учурда кандай затты иштеп чыгуу керек экенин билген бул жандыктар аларды
изилдеген илимпоздорду чындап таң калтырышууда. Ошондуктан эволюционист
илимпоздор да жандуулардагы акылдуу өзгөчөлүктөр тууралуу моюнга алган сөздөрдү
айтышат.
Эволюционист
илимпоз болгонуна карабастан, Ричард Докинз «Climbing Mount Improbable»
аттуу китебинде жөргөмүштөрдүн кыймыл-аракеттерин «...таң калаарлык жана ошол эле
учурда мээни талап кылган жөргөмүш торлорун карап чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз болот.
Аң-сезимсиз болгонуна карабастан, кылган иштеринде жана аны кантип жасашында
бир мээ колдонулат» деп сүрөттөйт. Негизи Докинз бул сөздөрүнүн жыйынтыгында
эволюция теориясынын бир дагы механизми түшүндүрө албаган «жаныбарлардагы
аң-сезим жана акылдуу кыймыл-аракеттер кантип пайда болгон, анын булагы эмне»
деген сыяктуу суроолорго туш болот. Чындыгында «жандуулар бул мээни кайдан
алышат жана аны каерде колдоноорун кантип үйрөнүшөт? Кантип аңчылык
тактикаларын колдонушат?» деген сыяктуу суроолор эволюция теориясынын
жактоочулары ачык, так жооп бере албаган суроолордон.
Бул жерде
эволюционисттердин жандыктардагы аң-сезимдүү жана акылдуу кыймыл-аракеттерди
кандай жолдор менен түшүндүрүүгө аракет кылаарын карай кетүү керек. Алгач
эволюционисттер колдонгон бир орчундуу терминдин маанисине токтололу.
«Жандыктардын
аң-сезимдүү кыймыл-аракеттери кантип пайда болгон» деген суроого жооп издеген
эволюционисттер муну «инстинкт» түшүнүгүн колдонуу аркылуу түшүндүрүүгө аракет
кылышат. Бирок алардын бул аракети толугу менен ийгиликсиз. Инстинкт
түшүнүгүнүн маанисин тереңирээк караганда бул акыйкатты апачык көрүүгө болот.
Эволюционисттердин
ою боюнча, жаныбарлар жан аябастык, план түзүү, тактика колдонуу же жөндөмдүү
иштерди жасоо сыяктуу акыл жана аң-сезимди талап кылган кыймыл-аракеттерди
инстинкттери аркылуу жасашат. Албетте, эволюционисттердин минтип айтып коюшу
жетиштүү эмес. Муну айтканда, мындай кыймыл-аракеттер башында кантип пайда
болгон, урпактан урпакка кантип өткөрүлгөн, инстинкт түшүнүгү жандыктарга кантип
акыл жана аң-сезим берген деген сыяктуу суроолорго да жооп берүүлөрү шарт.
Бирок мындай суроолорго эволюционисттердин бере турган так жообу жок. Буга бир
эволюционисттин моюнга алган сөздөрүн мисал келтирүүгө болот. Гордон Рэттрей
Тейлор генетика адиси жана эволюционист. Инстинкттер тууралуу мындай дейт:
Инстинкттик
жүрүм-турум башында кантип пайда болот жана бир түрдө кантип тукум куучулукка
айланат деп сурасак, бул суроого бир дагы жооп ала албайбыз.1
Кээ бир
эволюционисттер болсо инстинкт түшүндүрмөсүнөн тышкары, бардык кыймыл-аракеттер
жандыктардын гендеринде программаланган дешет. Бирок андай болсо ал программаны
ким түзүп, ким аны жандыктарга жүктөгөн деген суроого жооп берүүлөрү шарт.
Бирок эволюционисттер бул суроого да жооп бере алышпайт.
Теориянын
негиздөөчүсү Чарльз Дарвин бул тууралуу туюкка туш болгонун «инстинкттердин
көпчүлүгү ушунчалык таң калаарлык болгондуктан, алардын келип чыгышы окурманга
балким теориямды толугу менен четке кагууга жетиштүүдөй көрүнөт»2 деп белгилеген.
Бул жерге чейин айтылгандардан
көрүнүп тургандай, инстинкт деген түшүнүк менен жандыктардын аң-сезимдүү
кыймыл-аракеттерин эч качан түшүндүрүүгө болбойт. Албетте, жандыктарды
программалаган, аларга кыймыл-аракеттерин үйрөткөн бир күч бар. Бирок ал күч
табият деп аталган жаратылыштын ташы топурагы да эмес, баласын өлүмдөн
тайманбай коргогон, үйүрүнүн башка мүчөсүн коргоо үчүн артка кайткан, душманын
алдоо үчүн тактикаларды колдонгон жандыктардын өздөрү да эмес.
Аларга бул
өзгөчөлүктөрдүн баарын берип, аларды акылдуу жана аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди
жасай тургандай кылып жараткан күч-кудурет Аллахка тиешелүү. Аллах табиятта
жашаган бардык жандыктардагы акылдын сансыз үлгүлөрүнүн жалгыз ээси.
Жандыктарга кыймыл-аракеттерин Аллах илхам кылат.
Эч бир жандыктын
кыймыл-аракеттерин кокустуктар менен, башка кандайдыр бир механизм менен, же
болбосо кызыктуу терминдер менен түшүндүрүүгө болбойт. Мындай ой-пикирлерди
айтуу жалган айтуудан башка эч нерсеге жарабайт. Аллах бир аятында муну
төмөнкүчө кабар берет:
Айткын: «Силер
Аллахтан башка сыйынган шериктериңерди көрдүңөрбү? Мага айткылачы; жерден
эмнени жаратышкан? Же алардын асмандарда бир шериги барбы? Же Биз аларга бир
китеп берип, алардын мындан (улам) апачык бир далилдери барбы? Жок, зулумдук
кылгандар бири-бирине алдамчылыктан башка эч нерсе убада кылышкан жок. (Фатыр
Сүрөсү, 40)
Бул китепте сөз
кылынган жандык, башкача айтканда, жөргөмүш да кыймыл-аракеттери менен жана
денесиндеги кемчиликсиз механизмдери менен эволюция теориясын четке кагууга,
тагыраак айтканда, «эволюция теориясын кыйратууга» толугу менен жетиштүү болгон
жандыктардын бири. Алдыда жөргөмүштүн өзгөчөлүктөрүнөн Аллахтын сансыз
кереметтерин көрүп, ошол эле учурда кокустуктарга таянган эволюционисттик
түшүнүктүн кандай абалга туш болгонуна дагы бир жолу күбө болосуз.
Булактар:
1. Gordon Rattray Taylor, The Great Evolution Mystery, Harper and Row Publishers, 1983, s.273
2.Charles Darwin, Türlerin Kökeni, Onur Yayınları, Beşinci Baskı, Ankara 1996, s.273


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder